Аймак

КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 12,741 Бардыгы /

Кара-Дарыя айылдык Кеңешинин  VIII  чакырылышынын  кезектеги   6-сессиясынын

                           № 36   ТОКТОМУ

Арал  айылы.                                                                      19.08. 2021-жыл.

                                   Кара-Дарыя  айыл  өкмөтүнүн  кыргыз  Республикасынын

                                   жарандарын  турак жай куруу үчүн жер  аянты  менен

                                   камсыздоо  максатында  жана  жаңы    конуштарды түзүү

                                   программасын  бекитип берүү  жөнүндө

Кара-Дарыя  айылдык  Кеңеши  айыл өкмөтүнүн жарандарга турак жай курууга  жер  аянтын камсыздап  берүү  жана  жаңы конуштарды  түзүү,  конуштарды  социалдык-экономикалык  өнүүгүүсүн  камсыз  кылуу  программасын  көрүп  чыгып  жана  талкуулап  чыгып

                                                ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1.Кара-Дарыя  айыл  өкмөтүнүн  жарандарга турак  жай  куруу  үчүн  жер  аянттарын  менен  камсыздоо жана  жаңы  конуштарды түзүү,  конуштарды  социалдык-экономикалык  өнүүгүсүн  камсыз  кылуу  жөнүндөгү  программасы  бекитилсин.

2.Айыл  өкмөтүнө  программаны  аткаруу боюнча  айыл кеңешине  туруктуу маалымат  берүүсү  милдеттендирилсин.

3. Ушул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  айылдык Кеңешинин айыл  чарба,  курулуш  жана  социалдык инфраструктураларды  өнүктүрүү боюнча

туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

Кара-Дарыя  айылдык Кеңешинин төрагасы:                У.Абдыгапаров

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17