Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
3,286 Бардыгы / Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу жана эмгектин ардагери Акматбек КАЧКЫНБАЕВ. 1925-жылы 10-майында Токтогул районунун Үч – Терек айылында жарык дүйнөгө келген.Үй-бүлөдө 6 бир тууган болгон.1941–жылыУлуу Ата Мекендик согушка16жашында өзүнөн 2 жаш улуу агалары менен согушка кеткен. Согушту Воронеж шаарында (Украина) да баштаган. 2 айлык (развет) чалгындоокурсун бүтүп 16 – армиянын разветчиги болуп алдынкы […]
3,287 Бардыгы / Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу жана эмгектин ардагери Акматбек КАЧКЫНБАЕВ. 1925-жылы 10-майында Токтогул районунун Үч – Терек айылында жарык дүйнөгө келген.Үй-бүлөдө 6 бир тууган болгон.1941–жылыУлуу Ата Мекендик согушка16жашында өзүнөн 2 жаш улуу агалары менен согушка кеткен. Согушту Воронеж шаарында (Украина) да баштаган. 2 айлык (развет) чалгындоокурсун бүтүп 16 – армиянын разветчиги болуп алдынкы […]
Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата: БИЗ АТАБЫЗ МЕНЕН СЫЙМЫКТАНАБЫЗ!
09.05.2020 / Автор anarkan_kg3,288 Бардыгы /
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу жана эмгектин ардагери Акматбек КАЧКЫНБАЕВ.
1925-жылы 10-майында Токтогул районунун Үч – Терек айылында жарык дүйнөгө келген.Үй-бүлөдө 6 бир тууган болгон.1941–жылыУлуу Ата Мекендик согушка16жашында өзүнөн 2 жаш улуу агалары менен согушка кеткен. Согушту Воронеж шаарында (Украина) да баштаган. 2 айлык (развет) чалгындоокурсун бүтүп 16 – армиянын разветчиги болуп алдынкы катарда жүрүп, чалгындоо милдетин аткарган.Штабка баалуу согушка керектүү материалдарды берип турган. Украина,Польша,Венгрия шаарларын аралап фашисттик баскынчылардан бошотууга, ошондой эле Берлинди штурмалоого катышып Берлинди алгандыгы тууралуу медалы менен 1945 – жылы май айында сыйланган. Өзүнөн кийин Улуу Ата Мекендик согушка аттанган улуу агасы Качкынбаев Абдымамбет Житомирский областында 1942-жылы катуу салгылашууда эрдик көрсөтүп каза болгондугу тууралуу телеграмманы атабыздын колуна командири тапшырган. Бул окуяны кайгыруу менен эскерип калчу.
1945-1946-жылдары ошол учурда Украинадан чыккан “Черный – Кошка Бандеровцы” деген (бандага ) уюмга каршы күрөшкөн 1946-жылы Сталинден “Ыраазычылык кат” алган. Согушка көрсөткөн эрдиги үчүн 2 жолу “За отвагу Ушаков”, “Отечественной войны ” деген медалдар менен сыйланган. 1946-жылы күз мезгилинде октябрь айында мекенине кайткан. Улуу Жеңиштин 40-50-60-жылдыгына арналган юбилейлик төш белгилеринин ээси болгон.
Согуштан кийин Токтогул районунун РАЙПОсунда председатель болуп эмгектенген. 1954-жылы Жалал-Абад Зооветеринардык техникумга тапшырып, ветеринар специалисттигин ийгиликтүү аяктаган. Группада старстолук милдетти аткарган.
Өз эмгек жолун алгач Торкент колхозунда башкы ветеринардык врач, Шопоков колхозунда башкы ветеринардык врач, Үч-Терек совхозунда башкы ветеринардык врач, уй ферма№4 бөлүмүндө башкарма, жылкы ферма болуп үзүрлүү эмгектенген. “Социалдык эмгектин жеңүүчүсу” жана “Эмгек ветераны” деген медалдар менен сыйланган. Ошол учурдагы КПБКнын биринчи катчысы Усубалиевден “Ыраазычылык кат” алган. 2005-жылдын 11-ноябрь айында дүйнөсалган.
Апабыз Мамбеткожоева Жамиля менен 4уул 3 кызды татыктуу тарбиялашты. Уул-кыздары өздөрү тандап, алган кесиптерин аркалап эмгектенишүүдө. Уулу-Жолдошум Качкынбаев Сайфудин Акматбекович
Жалал-Абад шаарынын “Ардактуу Атуулу”, Саламаттык сактоонун “отличниги” төш белгисинин ээси. Учурда Жалал-Абад облустук клиникалык оорукананын статистикалык бөлүмүн жетектейт. Кесиби-врач.
Азыркы учурда Качкынбаев Акматбектин 37 небереси, 57чебереси, 1кыбырасы бар.
“Ата Мекенге Улуу Жеңишти алып келген атабыз менен ар дайым сыймыктанабыз! Атабыздын жаркын элеси элинин, уул-кыздарынын небере-чөбөрөлөрүнүн эсинде түбөлүккө сакталат!” – деп келини Жумагүл Шералиева эскерет.
Жумагүл Шералиева Жалал-Абад шаарынын Жолболду Болотов атындагы №21 орто мектебинин профсоюз уюмунун төрайымы, кыргыз тили жана адабияты мугалими.
Маалыматты даярдаган: Максат МАМАСЫДЫКОВ, Жалал-Абад шаардык профсоюз комитетинин алдындагы ЖКнин төрагасы
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ОИИБде 2024-ЖЫЛДЫН 1-ЧЕЙРЕГИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
-
24.04.2023 / Автор anarkan_kg МОСКВАДА «КӨЧМӨНДӨР ЦИВИЛИЗАЦИЯСЫ» МУЗЕЙИ АЧЫЛДЫ
-
-
05.05.2023 / Автор anarkan_kg ШААРДА КОНСТИТУЦИЯНЫН КАБЫЛ АЛЫНГАНДЫГЫНЫН 30 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.