Аймак

“ӨЛБӨС ПОЛКТУН” ЖҮРҮШҮ

 35,106 Бардыгы /

Бүгүн Жалал-Абад шаарында эгемендик жылдарындагы экинчи жолку “Өлбөс полк” жүрүшү уюштурулуп, ага шаардагы мекеме-ишканалардын эмгек жамааттары, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү, шаар тургундары, жогорку жана орто окуу жайларынын студенттери, ар кайсы улуттук диаспоралардын жамааттары баары болуп 3 миңден ашуун киши катышышты.

Согушка катышкан, кайтпайт калган жана дайынсыз кеткен жоокерлердин сүрөттөрүн көтөрүшкөн атуулдар “Жеңиш” эс алуу багына барып, ал жерде Улуу Ата Мекендик согуштан кайтпай калган жоокерлердин эстелигине гүлчамбарларды коюшту.

Согуш ардагерлерине сый-тамак уюштурулуп, солдаттын боткосу тартылды. Эскерте кетсек, Мекенди коргоого Жалал-Абад шаарынан 10 миңден ашуун киши фронтко жөнөп кеткен, алардын 5024ү кайтып келишсе, 4976сы катпай калган. Азыркы тапта фронтто согушкан 7 согуш ардагери бар. Андан тышкары, концлагерлерде туткун болушкан 2, оорукта каармандык көрсөтүп, Жеңишке эмгеги менен салым кошушкан 8 ардагерлер катарда.

Бүбүсара Орозалиева, «Аймак»

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17