Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
7 Бардыгы / Бүгүнкү коомдо үй-бүлөдөгү сый-урмат, укуктук сабаттуулук жана гендердик теңчилик — туруктуулуктун негизги өзөгү. Мына ушул актуалдуу теманы аркалаган чоң масштабдагы иш-чара Ала-Бука районунун Райымбек Кулуев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде райондук деңгээлде жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Иш-чарага райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Рамиля Жиренбаева, райондук прокуратуранын жардамчысы Авазбек уулу Өмүрбек, ички иштер бөлүмүнүн […]
8 Бардыгы / Бүгүнкү коомдо үй-бүлөдөгү сый-урмат, укуктук сабаттуулук жана гендердик теңчилик — туруктуулуктун негизги өзөгү. Мына ушул актуалдуу теманы аркалаган чоң масштабдагы иш-чара Ала-Бука районунун Райымбек Кулуев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде райондук деңгээлде жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Иш-чарага райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Рамиля Жиренбаева, райондук прокуратуранын жардамчысы Авазбек уулу Өмүрбек, ички иштер бөлүмүнүн […]
ГЕНДЕРДИК ТЕҢЧИЛИК — УКУКТУК МАДАНИЯТТЫН НЕГИЗИ
27.04.2026 / Автор anarkan_kg9 Бардыгы /
Бүгүнкү коомдо үй-бүлөдөгү сый-урмат, укуктук сабаттуулук жана гендердик теңчилик — туруктуулуктун негизги өзөгү.
Мына ушул актуалдуу теманы аркалаган чоң масштабдагы иш-чара Ала-Бука районунун Райымбек Кулуев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде райондук деңгээлде жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
Иш-чарага райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Рамиля Жиренбаева, райондук прокуратуранын жардамчысы Авазбек уулу Өмүрбек, ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын (ИДН) кызматкери, милициянын лейтенанты Асылбек уулу Маратбек, мектеп администрациясы жана окуучулар катышты. Бул жолугушуу жаштар менен бийлик өкүлдөрүнүн ортосундагы ачык диалог аянтчасына айланды.
ЧАКЫРЫК МЕНЕН БАШТАЛГАН АЛГАЧКЫ КАДАМ
Иш-чаранын биринчи бөлүгү 11-класстын окуучуларынын атайын даярдалган “Чакырык” программасы менен ачылды. Окуучулар өздөрүнүн активдүү позициясын көрсөтүп, коомдогу терс көрүнүштөргө каршы турууга, билим алууда жана кесип тандоодо жигиттер менен кыздардын мүмкүнчүлүктөрү бирдей болушу керектигине басым жасашты.
Мугалимдин баяндамасы: Гендердик теңчилик — укуктук маданияттын негизи.
Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө класс жетекчи тарабынан даярдалган терең мазмундуу баяндама сунушталды. Мугалим өз сөзүндө гендердик теңсиздик бул жөн гана аял менен эркектин ортосундагы айырма эмес, бул – мүмкүнчүлүктөрдүн, укуктардын жана жоопкерчиликтин адилеттүү бөлүнүшү экенин илимий жана турмуштук фактылар менен далилдеп берди.
БАЯНДАМАДАГЫ НЕГИЗГИ ПУНКТТАР
Билим алуу укугу: Кыздардын да, балдардын да сапаттуу билим алып, каалаган кесибинин ээси болуусуна коом тарабынан бирдей шарт түзүлүшү керек.
Үй-бүлөдөгү ролдор: Үй тиричилигиндеги жүктөрдү чогуу көтөрүү, бири-биринин пикирин сыйлоо — бактылуу үй-бүлөнүн пайдубалы.
Экономикалык эркиндик: Аялдардын коомдук иштерге аралашуусу жана чечим кабыл алуу деңгээлинде өкүлчүлүгүнүн болушу өлкөнүн өнүгүүсүнө түздөн-түз таасир этет.
Мугалим жогорудагы негизги пункттарга токтолуп, андан соң коомдогу стереотиптерди бузуу максатында “Миф жана Чындык” аттуу интерактивдүү оюн уюштурду. Бул оюнда окуучулар “Эркек киши ыйлабашы керек”, “Аял кишинин орду ашканада” деген сыяктуу калыптанып калган жаңылыш түшүнүктөрдү талкуулап, өздөрүнүн эркин жана заманбап көз караштарын ортого салышты.
КӨЗ ЖАШ ЖАНА ТААСИРДҮҮ РОЛИКТЕР
Иш-чаранын эң таасирдүү учуру үчүнчү бөлүктө өттү. Окуучулар тарабынан атайын тартылган видеороликтер көрсөтүлдү. Бул видеолордо турмуштагы адилетсиздиктер, кыз-келиндердин тагдыры жана зордук-зомбулуктун кесепеттери чагылдырылган. Роликтердин мазмуну ушунчалык терең болгондуктан залда отурган коноктордун жана мугалимдердин айрымдары көзүнө жаш алышты. Бул – жаштардын көйгөйдү жүрөгү менен сезип, аны коомго жеткире алганынын далили болду.
ПРОФЕССИОНАЛДАРДЫН КЕҢЕШИ ЖАНА ЖЫЙЫНТЫК
Иш-чаранын соңунда мектеп директору сөзгө чыгып, окуучуларга өзүнүн акыл-насаатын айтып, билимдүү муун гана адилеттүү коомду кура аларын баса белгиледи. Райондон келген прокуратуранын жардамчысы жана ИДН кызматкери окуучулардын курч суроолоруна жооп берип, мыйзам алдында баары тең экенин түшүндүрүштү. Алар окуучулардын деңгээлине жогору баа берип, ушундай маанилүү иш-чараны жогорку деңгээлде уюштурган социалдык педагогго жана класс жетекчиге өзгөчө ыраазычылык билдиришти.
Бул иш-чарада Райымбек Кулуев мектебинин жамааты жана окуучулары коомдогу орчундуу маселелерге кайдыгер эмес экенин дагы бир жолу далилдеди. Мындай жолугушуулар келечектеги аң-сезимдүү, эркин жана билимдүү муундун калыптанышына чоң салым кошору шексиз.






Даярдаган: ГулшанаАМАНБАЕВА, Ала-Бука районунун Райымбек Кулуев атындагы орто мектебинин 11-классынын класс жетекчиси
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
27.04.2026 / Автор anarkan_kg ГЕНДЕРДИК ТЕҢЧИЛИК — УКУКТУК МАДАНИЯТТЫН НЕГИЗИ
-
27.04.2026 / Автор anarkan_kg ЧАТКАЛДА ООР ЖҮК ТАШУУЧУ УНААГА ТАШ КУЛАП, АЙДООЧУ КАЗА БОЛДУ
-
27.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ИРИ МАРАФОН ӨТТҮ
-
29.04.2025 / Автор anarkan_kg ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
-
13.05.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна СУЗАКТА 150 ООРУНДУ ЭНЕ ЖАНА БАЛАНЫ КОРГОО БОРБОРУ АЧЫЛДЫ
-
04.06.2025 / Автор anarkan_kg ЖЕКЕ МЕНЧИК БАЛА БАКЧАЛАР ЖАНА МЕКТЕПТЕР ТЕКШЕРИЛДИ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.