Аймак

ЭГЕМЕНДҮҮЛҮКТҮН 27-МАЙРАМЫ ЖАЛАЛ-АБАДДА

 27,648 Бардыгы /

Бүгүн 31-август Жалал-Абад шаарынын Эркиндик аянтында өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн 27 жылдыгы белгиленди. Иш-чара өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, шаардын мэри Мураталы Тагаев жана тургундардын катышуусунда концерттик программа менен коштолду.

“Мына бүгүн эң башкы мамлекеттин эгемендигин сиздер менен чогуу салтанаттуу белгилеп жатабыз. Эгемендүүлүктү алгандан бери 27 жыл өтүптүр. Андан бери көптөгөн жакшылыктар, жетишкендиктерге жетиштик. Тынчтыкты, туруктуулукту сактап калдык. Бул жылдар ичинде Кыргыз мамлекетинде ар кандай сыноолор болду. Кыргыз эли тарыхый эл, биз биримдикте көп нерсеге жетишебиз. Эгемендүүлүктүн баасы, наркы өмүрдөн да кымбат дөөлөт. Бул жалпы калкыбыздын эркиндиги жана жаш муундарыбыздын келечеги”– дейт Кыянбек Сатыбалдиев.

Аянтта боз үйлөр тигилип, даярдыктар көрүлгөн жана жашыл майсаӊ чөптөн жасалган ар түрдүү жаныбарлар тургузулган. Атайын көргөзмө уюштурулуп, жергиликтүү ишкерлер тарабынан колдо жасалган  улуттук даамдар, кол өнөрчүлүктөгү өзгөчө кооз буюмдар коюлду.

“Эң оболу бүткүл кыргызстандыктарды бүгүнкү эгемендүүлүктүн 27 жылдык маарекеси менен чын жүрөктөн куттуктайм. Элибизге тынчтык, ынтымак, биримдик каалайм. Биз бир өлкөнүн жарандарыбыз, мамлекетибиз дал ушул жерде ак мөңгүлүү Ала-Тоонун койнунда ушул ажайып жерибизди коргоп, тилибизге, динибизге бөлүнбөйлү. Өлкөбүздү келечекте жогору өнүккөн жана гүлдөгөн мамлекетке айландыруу үчүн белди бекем бууп, ынтымакта болууга тийишпиз”– дейт Мураталы Тагаев

Андан сырткары студенттер, бий топтор, мектеп окуучулары ыр-бийлерин тартуулады. Т.Тыныбеков атындагы филармониянын Арзыбек Бедияров баштаган маданият кызматкерлери ырдап өтүштү.

“Бүгүнкү майрамдык маанай жакшы. Жылдагыдан өзгөчө сонун уюштурулуптур. Балдарыбыз үчүн дагы жакты. Биздин өлкөбүздө дагы да өнүгүүлөр боло берсин, жараткан колоп элибиз тынчтык, ынтымак, жакшылыктар боло берсин. Элибиз биримдикте болуп, жергебизге бакыт консун. Дайыма ушундай майрамдар уюштурулуп турсун” – дейт шаар тургуну Таштанова Зульфия

Эске сала кетсек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде 1991-жылдын 31-августунда “Мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө” Декларация кабыл алынып, Кыргыз Республикасы көз карандысыз, эгемендүү демократиялык мамлекет катары салтанаттуу жарыяланган.

Акылай Карабаева, «Аймак»

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17