Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
4 Бардыгы / Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт. Ал эми булардын 3013 үй-бүлөсү, дээрлик 16,7 пайызы социалдык паспорттоштуруунун негизинде жакырчылык чегинде гана жансакташат. Булар туурасында Кара-Кулжа райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жетекчиси Атиш АЗИМБАЕВ кабарчыбызга курган маегинде кашкайган чындыкты апачык эле моюндады. Атиш мырза, Сиздер дегиңкиси Кара-Кулжа районунда калкты […]
5 Бардыгы / Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт. Ал эми булардын 3013 үй-бүлөсү, дээрлик 16,7 пайызы социалдык паспорттоштуруунун негизинде жакырчылык чегинде гана жансакташат. Булар туурасында Кара-Кулжа райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жетекчиси Атиш АЗИМБАЕВ кабарчыбызга курган маегинде кашкайган чындыкты апачык эле моюндады. Атиш мырза, Сиздер дегиңкиси Кара-Кулжа районунда калкты […]
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
19.05.2025 / Автор anarkan_kg

6 Бардыгы /
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт. Ал эми булардын 3013 үй-бүлөсү, дээрлик 16,7 пайызы социалдык паспорттоштуруунун негизинде жакырчылык чегинде гана жансакташат. Булар туурасында Кара-Кулжа райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жетекчиси Атиш АЗИМБАЕВ кабарчыбызга курган маегинде кашкайган чындыкты апачык эле моюндады.
- Атиш мырза, Сиздер дегиңкиси Кара-Кулжа районунда
калкты Социалдык паспорттоштуруу жараянын маал-маалы менен жүргүзүп турасыздарбы?
- Ананчы! Мунсуз Кара-Кулжа районунун тургундарынын
бүгүнкү жашоо-шартын апачык билүүгө дегеле мүмкүн эмес! Соңку маалыматка караганда, биздин аймакты ушул тапта 18 636 кожолук (үй-бүлө) үзгүлтүксүз байырлайт. Ал эми булардын арасынан ар кандай категориядагы социалдык колдоого ашкере муктаж 3013 үй-бүлө менен биз такай гана иш жүргүзүп жатабыз. Булардын дээрлик 16,1 пайызы дагыле жакырчылык чегинде гана эптеп жансакташат.
- Демек, буларды – Кара-Кулжа районундагы калктын эң
эле аялуу катмарын анда кимдер тейлеп жатышат?
- Албетте, Кыргыз Өкмөтү өз мекендештерин эч качан көңүл
сыртында калтыра элек. Ошондуктан, биздин башкармалыкка караштуу төрт бөлүмдүн атайын кызматкерлери жалаң ушундай калктын абдан аялуу катмары менен гана түздөн-түз ийиндеше иштешет. Булардын арасында Улуу Ата Мекендик согушта оорукта эмгектенишкендер, Ооган согушунун, Баткен коогалаңынын жана Чернобыль апаатынын катышуучулары, көзү азиздер, дүлөйлөр, дудуктар, ата-энесинин камкоррдугунан ажырагандар, бала кезинен ооругандар, жалгыз бой кары-картаңдар жана социалдык жактан такай колдоого муктаж үй-бүлөлөр бар.
- Баса, пособие чектөөдө мурункудай коррупция жана
толгон-токой документтеди убара чегип толтуруу жок бекен? Анан дагы булардын акчасы ээлерине өз убагында гана төлөнүп турабы?
- Районубуз боюнча 1457 үй-бүлөдөн 5389 балага 22 миллион
120,3 миң сом пособие чектелген. Акча ээлерине Банктар аркылуу гана өздөрүнүн жеке каржы карточкаларына өз убагында (эч кечиктирилбестен) которулуп турат. Сиздер дагыле шектенгендей, мындай шартта коррупция балакетинин аты түгүл жыты жок, эй!
- Декреттик бюллетендерди жана маркумдун сөөгүн коюуга
короторулган чыгымдарды дагыле төлөп аткандырсыздар?
- Ооба! Районубуз боюнча жаңыдан төрөгөн 178 аялзатына
декреттик бюллетендери аркылуу республикалык бюджеттин эсебинен 6 миллион 673,5 миң сом ыроолонду. Ал эми 19 каза тапкан маркумдун сөөгүн коюуу аземине 690 миң сом ажыратылды.
- Баса, Кара-Кулжа жергеси деле жалгыз бой кары- картаңдардан такыр куру эместир?
- Абдан туура баамдапсыз. Биздин эсебибизде районубуздун
булуң-бурчунда ушул тапта 134 жалгыз бой карыяларыбыз бар. А буларды негизинен 15 социалдык кызматкерибиз күн сайын маданияттуу жана кынтыксыз тейлеп турушат. Алар такай муктаждардын үйлөрүнө барышып, ал-акыбалын жеринде сураштырып, кем-карчын түгөлдөп, эгерде ооруп калышса, доктурлага көрсөтүп, а түгүл үйлөрүн жууп-тазалап жана ирээттеп, акыры сырдашат. Ал эми буларга жакын жерлердеги мектептердин Манас жана Семетей Уюмдарынын балдары дагы жалгыз бой кары-картаңдарга такай көмөктөшүп турушат.
- Абиш мырза, баса, миграция маселеси дагыле Сиздердин
көңүлүңүздөргө көк таштай тийип жаткандыр?
- -Азырынча Кара-Кулжа районунда 743 жумушсуз жараныбыз
биздин туруктуу каттообузда турушат. Булардын дээрлик 58 пайызы – аялдар. Ошондуктан, булардын арасынан 32син гана эптеп азырынча жумушка орноштурдук.
Мындан тышкары 3 бекерпоз убактылуу жумушка чегерилди. Буларга 16 200 сом эмгек акы иретинде төлөндү. Канал казганга – 20 жайлоо жолдорун оңдоп-түзөгөнгө – 20 жаран жумушка тартылды. Баарына тең мээнеттерине жараша жетиштүү маяна төлөндү. Биз мындай аракетибизди мындан ары дагы ырааттуу түрдө улантмакчыбыз.
МАЕКТЕШ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ
Маектешибиз – Кара-Кулжа райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жетекчиси Атиш АЗИМБАЕВ 1975-жылдын 16-апрелинде Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы Ак-Булак айыйында туулган. ОшТУнун – инженер, ОшМУнун – бухгалтер-экономист адистигин бүтүргөн. Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
-
13.01.2025 / Автор anarkan_kg «АСМАН» АВИАКОМПАНИЯСЫ АЛГАЧКЫ «ОШ — КАРАКОЛ — ОШ» КАТТАМЫН АТКАРДЫ
-
22.01.2025 / Автор anarkan_kg АТА-ЭНЕСИНИН УНААСЫН УУРДАП КАЧКАН ӨСПҮРҮМДӨР КАРМАЛДЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.