Аймак

ИШТЕБЕГЕН ЖАРАНДАРГА МЫЙЗАМСЫЗ ЭМГЕК АКЫ ТӨЛӨНГӨНДҮГҮ АНЫКТАЛДЫ

ИШТЕБЕГЕН ЖАРАНДАРГА МЫЙЗАМСЫЗ ЭМГЕК АКЫ ТӨЛӨНГӨНДҮГҮ АНЫКТАЛДЫ

 6 Бардыгы /

Мыйзамсыз айлык акы төлөө фактылары боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу КРдин Башкы прокуратурасынын маалымат кызматы билдирди.
Жумгал районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында, 2024-жылы Чаек айыл өкмөтүндө иштебеген жарандарга мыйзамсыз эмгек акы төлөнгөндүгү жана айыл өкмөттүн кызматкерлерине ашыкча айлык эсептелгендиги аныкталып, мамлекетке келтирилген жалпы зыян 845 140 сомду түзгөн.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси(кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17