Өлкө аймактары менен кубаттуу
IV ЭЛДИК КУРУЛТАЙ АЯКТАДЫ
- ticket title
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
1 Бардыгы / Кыргызстан мамлекетинде узап бараткан жылы бир катар саясий маанилүү иштер аткарылып, экономикабызда өнүгүп-өсүү жүрүп, жашообуз өзгөрүүлөргө бай болду. Канчалаган жарандар жеке турак жайлуу болушту, бир топ мекеме-ишканалардын имараттары курулуп, ишке берилди. 2025-жылды мамлекеттин ар бир тармагында ийгиликтер, жаңылануу жана жакшы саамалыктар коштоду. Эски жылдын өйдө-төмөнүн, ийгилиги менен кемчилигин сурап, облустук ар кандай тармактарына […]
2 Бардыгы / Кыргызстан мамлекетинде узап бараткан жылы бир катар саясий маанилүү иштер аткарылып, экономикабызда өнүгүп-өсүү жүрүп, жашообуз өзгөрүүлөргө бай болду. Канчалаган жарандар жеке турак жайлуу болушту, бир топ мекеме-ишканалардын имараттары курулуп, ишке берилди. 2025-жылды мамлекеттин ар бир тармагында ийгиликтер, жаңылануу жана жакшы саамалыктар коштоду. Эски жылдын өйдө-төмөнүн, ийгилиги менен кемчилигин сурап, облустук ар кандай тармактарына […]
ЭСКИ ЖЫЛДАГЫ ИЙГИЛИКТЕР, ЖАҢЫ ЖЫЛГА КААЛОО-ТИЛЕКТЕР
31.12.2025 / Автор anarkan_kg3 Бардыгы /
Кыргызстан мамлекетинде узап бараткан жылы бир катар саясий маанилүү иштер аткарылып, экономикабызда өнүгүп-өсүү жүрүп, жашообуз өзгөрүүлөргө бай болду. Канчалаган жарандар жеке турак жайлуу болушту, бир топ мекеме-ишканалардын имараттары курулуп, ишке берилди. 2025-жылды мамлекеттин ар бир тармагында ийгиликтер, жаңылануу жана жакшы саамалыктар коштоду. Эски жылдын өйдө-төмөнүн, ийгилиги менен кемчилигин сурап, облустук ар кандай тармактарына саресеп салдык.
Кумарбек БОТОКАРАЕВ, Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынын башкы директору:


“МАКСАТТАР ИШКЕ АШСЫН”
-Буйруса саналуу күндөрдөн кийин 2026-жаңы жылдын босогосун аттап, жаңы жылга кадам таштаганы турабыз. Жалал-Абад областтык клиникалык оорукана үчүн 2025-жыл аябай чоң жетишкендиктердин жылы болду. Себеби, көптөн бери орундуктар жетишпей көйгөй жаратып келген облустук төрөт үйүнө 75 орундуу кошумча имараты курулуп ишке берилди. Төрөт үйү жаңы инкуватор, кувез, жасалма дем алдыруучу аппараттары менен камсыздалып аялдар, ымыркайлар үчүн жогорку деңгээлдеги шарттар түзүлдү.
Мындан сырткары 250 орундуу Кыргызстанда биринчи жолу 7 кабаттуу оорукананын имаратынын курулушу башталды. Бул хирургиялык профилдеги оорукана болмокчу. Буйруса, курулуш иштери план боюнча 2026-жылдын 31-августуна бүткөрүлөт. Андан сырткары облустук оорукананын онкология, сынык жараат, дартты аныктоо бөлүмдөрү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, кызматкерлерибиздин иштөөсүнө жакшы шарттар түзүлдү. Ошондой эле аталган бөлүмдөр көптөгөн медициналык жабдуулар менен камсыздалды. Узап бара жаткан жыл калктын ден соолугуна кам көрүүдө мына ушундай жакшы саамалыктар менен коштолду.
Ошентип 2025-жыл эстен кеткис элестерди калтырып, жаңы 2026-жыл ар бир үйдүн терезесин чертип, каалгасын кагып кирип келе жатат. Кирип келген жылыбыз адам баласы үчүн өсүштөргө жаңы жол ачып, максаттарга жаңы кадам таштаган, ынтымактын, кут-берекенин жылы болсун. Баарыбыздын жүрөгүбүзгө кубаныч алып келсин. Ар бир үй-бүлөнүн жашоосуна жаңы бакыт, кетпес дөөлөт, оомат берген жыл болсун. Жаңы жылда орошон ойлор, асыл максаттар ишке ашсын. Баарыбыздын ден соолугубуз чың болуп, жүзүбүзгө күлкү уялап, үйүбүзгө кут кирсин!
Жалпыңыздарды кирип келе жаткан 2026-жаңы жылыңыздар менен куттуктайм!
Максатбек ЖЭЭНБЕКОВ, Жалал-Абад областтык архив башкармалыгынын башчысы:


“ӨЛКӨБҮЗ ӨСҮП-ӨНҮГӨ БЕРСИН”
– Жалал-Абад областтык архив башкармалыгы үчүн 2025-жыл жакшы жетишкендиктер менен эсте калды. Себеби, бул жылы Жалал-Абад облус аймагындагы Аксы, Сузак райондоруна жана Көк-Жаңгак шаарына жаңы архив имараттары курулуп, ишке берилип, жакшы өнүгүүлөр болду. Ошонун катарында Жалал-Абад областтык архив башкармалыгында да чоң жетишкендиктер, өзгөрүүлөр болду деп айта алам. Анткени облустук архивдин имаратын толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, жаңы оргтехникаларды алып, кызматкерлерге жогорку атмосфераны түзүп бердик. Мындан сырткары Манас, Базар-Коргон шаарларына, Токтогул районуна бирдиктүү терезе ачтык. Ала-Бука райондук архивдин имаратын реконструкциялап кеңейттик. Буйруса 2026-жылы Ноокен, Тогуз-Торо райондорунун жана Майлуу- Суу, Кара-Көл шаарларынын архив имараты жаңыдан курууну, ошолордун катарында Чаткал районундагы архивдин имаратын реконструкциялоону пландап жатабыз.
Кирип келген 2026-жаңы Жылкы жылыбызда ар бир үй-бүлөдө тынчтык болуп, жакшылыктын шаңдуу күлкүсү жаңырсын. Баарыбызга бакыттын нуру жанып, кут береке төгүлсүн. Ар бир адам баласынын жан дүйнөсүнүн тазарышын, дилинин агарышын каалайм. Элибизге ыйман берип, ата-энелер балдарынын төрүндө урмат-сыйга бөлөнүшсүн. Асманыбыз ачык, жашообуз тынч болсун. Журт башчыларына оомат берсин! Жаңы жыл ийгиликтердин, жаратман жигердүү иштердин жылы болуп, өлкөбүз адилеттүүлүктүн жана мыйзамдуулуктун негизинде гүлдөп өсө берсин.
Нурсултан РУСТАМОВ, Жалал-Абад облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы:


“ЖАҢЫ ЖЫЛ ЖАЛАҢ ИЙГИЛИКТЕРДИН ЖЫЛЫ БОЛСУН”
-Жалал-Абад облусунун аймагында узап бара жаткан жыл спорт тармагында жемиштүү жылдардан болду десем жаңылышпайм. Анткени Жалал-Абад облусунун спорт чеберлери дүйнөлүк, Азиялык, эл аралык мелдештерден чоң ийгиликтерди жарата алышты. Тагыраагы дүйнөлүк жана Азиялык мелдештерде 126 медалга ээ болушту.
Спорт тармагына мамлекет тараптан көңүл буруу өтө жогорку деңгээлде болуп жатат. Жалал-Абад облусунун аймагында көптөгөн спорттук обьектилер курулуп жатканы жалпыбызга маалым. Атап айтсам, Манас шаарына Бокс академиясы, “Мурас Юнайтед” футбол клубунун жаңы имараты курулуп колдонууга берилди. Р.Санатбаев атындагы грек-рим жана эркин күрөш боюнча спорт мектеби толугу менен оңдоп-түзөө иштеринен өттү. Облустун башка аймактарында 2 спорттук комплекси, бир канча футбол кичи аянттары, спорт залдар курулду. Облус аймагындагы район, шаардык жалпы спортчуларга жана машыктыруучуларга жакшы шарттар түзүлдү. Аларга канчалаган бокс рингдери, күрөш килемчелери, спорттук инвенторлор жана спорт кийимдери берилди. Мындан сырткары жер-жерлерде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да спортчуларга жакындан колдоо көрсөтүп келишет. 9-Май Улуу Жеңиш күнүнө карата КРдин Президентинин Жалал-Абад облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн атындагы облустук масштабда спорттун алыш күрөш, аркан тартыш, кол күрөш жана башка спорттун түрлөрүнөн кубок өткөрүлдү. Ошондой эле жакынкы күндөрдө КРдин Президентинин Жалал-Абад облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн атында спорттун грек-рим,эркин күрөш, бокс түрүнөн балдар жана кыздар ортосунда эл аралык мелдеш өткөрүлдү. Ага жакынкы Казакстан, Өзбекстан мамлекеттеринин спортчулары келип катышышты.
Бул жылы Чүй облусунда “Менин чемпионум” аталышындагы республикалык деңгээлдеги мелдеш болуп өттү. Аталган мелдеш спорттун 13 түрү боюнча өткөрүлсө, ага биздин облустан 15 команда барып катышты. Ал мелдеште Жалал-Абад облусу жалпы командалык эсепте 2-орунду багындырды. Ошондой эле республикалык мааниде мектеп лигасы болуп, анда да Жалал-Абад облусу жалпы командалык эсепте 2-орунду ээледи. Буйруса кийинки 2026-жылдагы республикалык деңгээлдеги мелдештерде 1- орунду багындырууну максат койдук. Албетте, иш бар жерде көйгөйлөр да болот. Бизге көйгөй болуп келген олимпиадалык спорттун түрлөрүн өнүктүрүүнү, жаңы түрлөрүн ачууну пландап жатабыз. Буйруса, спорттун стол теннис жана сууда сүзүү түрлөрү колго алынат.
Эске сала кетсем, Жалал-Абад облустук спорт башкармалыгы тарабынан республикалык деңгээлде 5, эл аралык 20, облусттук маанидеги 22 иш-чара жана 50дөй окуу машыгуу сборлору өткөрүлдү.
Мен жеке өзүмдүн атымдан жалпы спорт тармагында эмгектенген кызматкерлерди, спортчуларды жана жалпы элибизди кирип келген жаңы 2026-жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм. Жаңы жылыбыз токчулуктун, молчулуктун, ийгиликтин жылы болсун, баарыңыздарга бекем ден соолук каалайм.
Элдияр КЕЛГЕНБАЕВ, Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрынын директору:


“ЖАҢЫЛАНУУНУН ЖЫЛЫ БОЛСУН”
-2025-жыл Барпы атындагы кыргыз драма театры үчүн жакшы жылдардын катарын толуктады. Анткени театрдын чыгармачыл жамааты өз репертуарында мыкты, жаңы спектаклдерди жаратып, аларды республикабыздын аймагына, керек болсо коңшу Өзбекстан Республикасына чейин барып көрармандарга тартуулап, элдин эстетикалык маанайын жаркытып, руханий байлыгын арттырып келди. Мындан ары да театр жамааты жаңылануунун, жаратмандыктын үстүндө иш алып баруу жолунда.
Кирип келе жаткан Жылкы жылы калың кыргыз элине ооматты, дөөлөттү, токчулук-барчылыкты ыроологон жыл болсун. Мамлекетибиз бакубат, өнүккөн өлкөлөрдүн катарынан орун алсын. Кыргыз мамлекетинин саясий, экономикалык өнүгүү багытындагы алдыга койгон иш план, максаттары ишке ашып, ар дайым асманы ачык болсун. Кыргызстан өнүгүп-өсүп, кылымдарга аты калсын!
Даярдаган: Нургүл АБДЫЛДАЕВА, “Аймак”
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
-
31.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАРАТМАНДЫК МЕНЕН МАМЛЕКЕТИБИЗ ӨНҮГӨ БЕРСИН!
-
31.12.2025 / Автор anarkan_kg ЭСКИ ЖЫЛДАГЫ ИЙГИЛИКТЕР, ЖАҢЫ ЖЫЛГА КААЛОО-ТИЛЕКТЕР
-
26.12.2025 / Автор anarkan_kg IV ЭЛДИК КУРУЛТАЙ АЯКТАДЫ
-
29.07.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАД-АБАД ШААРЫНДА АЛТЫ АЙДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
30.08.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДА 34 ОБЬЕКТ ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ
-
18.09.2025 / Автор anarkan_kg МЭР ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН СПОРТЧУЛАРДЫ КУТТУКТАДЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.