Аймак

№13 ШАЙЛОО ОКРУГУНДА ШАЙЛООГО КАРАТА КЕҢЕШМЕ ӨТТҮ

№13 ШАЙЛОО ОКРУГУНДА ШАЙЛООГО КАРАТА КЕҢЕШМЕ ӨТТҮ

 3 Бардыгы /

Бүгүн, 5-февралда Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев жана КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Ноокен районундагы №13 шайлоо округу боюнча кеңешме өткөрдү.

Жыйынга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын башчылары, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана талапкерлер катышты.

Тынчтык Шайназаров 2026-жылдын 1-мартына белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону өткөрүүдө бардык мыйзамдарын так сактоосу зарыл экенин белгиледи. Ошондой эле 2025-жылдын 30-ноябрындагы шайлоодо №13 округдагы 35 участкада мыйзамсыз камералар орнотулуп, добуш берүүнүн купуялуулугу бузулгандыктан, шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылганын эске салды.

Облус башчысы Тилек Текебаев жергиликтүү бийлик кызматкерлерине шайлоого даярдыкты күчөтүү, анын ичинде Базар-Коргон районундагы шайлоо участкаларында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн пандустарды орнотуу, үзгүлтүксүз электр энергиясы жана интернет байланышын камсыз кылуу, ошондой эле мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча тапшырмаларды берди.

Облус башчысы мамлекеттик органдар шайлоо процессине мыйзам чегинде гана көмөк көрсөтөрүн, административдик ресурстардын колдонулушуна жол берилбей турганын белгилеп, талапкерлерди мыйзам талаптарын сактоого чакырды.

Белгилей кетсек, Nº13 шайлоо округунда 25 талапкер катталып, анын ичинен 2 талапкер шайлоого катышуудан баш тартып, жалпы 23 талапкер калды.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17