Аймак

АДАМ САТУУ-КЫЛМЫШ

АДАМ САТУУ-КЫЛМЫШ

 9,019 Бардыгы /

Ооба, бул адамдын аброюна,  абийирине,  укугуна шек келтирген кылмыш болуп эсептелинет. Адам сатуу-бул азыркы күндө глобалдуу маселе. Адам сатуу деген түшүнүк биздин мамлекет өз алдынча болгон жылдардан тарта келип калды. Баарына маалым болгондой  ал жылдардан соң өлкөдө кыйынчылыктар боло баштап, жарандар эптеп акча табуунун аракетин көрүп калышпадыбы. Мына ушундай аракеттердин натыйжасы менен көп нерсеге маани бербеген түшүнүгү аз жарандар адам сатуунун курмандыгына айланып калышты.

Бул маселе боюнча Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Келте айылында жайгашкан №11 Р.Кулуев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде “Адам сатууга жана кулчулукка каршыбыз” деген темада  9-11 класстардын катышуусунда тегерек стол болду. Тегерек столго ИДН кызматкерлеринен Ташматов Мирбек, айылдын милициянын аймактык ыйгарымдүү өкүлү Султанкулов Туратбектер, жалпы ата-энелер комитетинин төрагасы Эгембердиев А, ата-энелер жана класс жетекчилер катышышты. Ата-энелер комитетинин төрагасы Эгембердиев А мектебибизде өткөрүлүп жаткан класстан тышкаркы иштерге, КВН дерге, линейкаларга, тегерек столдорго келип өзүнүн кеп кеңештерин окуучуларга айтып келет.

Ал бөтөн жерде кыйналып жүргөн мекендештерибиз, турмуштун ысык суугуна моюн сунуп, уруу-согуудан азаптанып, кайнар жаштарын төгүп, пешенесине жазганы ушул болуп, кийин кимге таарынышын, кимден жардам сурашын билишпей жүргөндөрдөн мисалдарды келтирип сүйлөдү.

Мектебибиздин үлгүлүү мугалими, жаштарыбыздын ишенимдүү насаатчысы, кыргыз тили жана адабиятын окутуп келе жаткан эжекебиз Назарбекова Тургунбүбү  тегерек столдо өзүнүн оюн мындайча билдирди.

Ар бир адамдын өзүнүн өмүрү өзүнө кымбат. Биз ушундай кымбат, табылгыс өмүрүбүздү андай жолдо жок кылбайлы.               Жүзү адам сыяктуу бирок, ит жасабаган иштерди аткарган адамдар да жок эместигине биз да күбө болуп жатабыз. Андыктан баарыбыз адам деген атка татыктуу бололу. Келечегибиз үчүн адам сатууга каршыбыз деген ураандын астында жашайлы.

Биз да дайым бөтөн элдеги сонун жашоону эңсеп  суктанып, кээде кыялданып кантип ушул жолго түшүп калганыбызды билбей да калабыз. Андыктан өзүбүзгө жана жакындарыбызга сак бололу. Өз өлкөңдөн таппаган бакытты эч убакта бөтөн элден таппайсың.

ИДН кызматкерлери балдарга “Адам сатуу, диний экстремизм, зордук-зомбулук ” боюнча кино роликтерди көргөзүштү. Кино ролик боюнча окуучулар менен суроо-жоопторду жүргүзүштү. Мектептин соцпедагогу Токторбаева Салия Абдугаппаровна доклад жасап, окуучуларга төмөнкүдөй суроолорду берип ортодо кызыктуу талкуу жүргүздү.

  1. Адам сатуу жана кулчулук деген эмне?
  2. Мындай кырдаалга кандай инсандар кабылышат?
  3. Мындан арылуунун жолу жокпу?

Соцпедагог сөзүнүн аягында : Албетте ар бир адам жаңылат. Баары эле идеалдуу эмес. Ошондуктан адам сатуунун алдын алуу боюнча өз укугубузду көбүрөөк билели. Ошондой эле жаш кыздарыбыз да чет өлкөлөргө товар катары сатылып баратат. Кичинекей балдар да көчөдөн эле уурдалып, бөтөн элдин жарандарына донор катары пайдаланууда.

Кыргызстан-эгемендүү, келечеги бар өлкө. Азыркы заманда “өлбө жааным өлбөлөп”, “бүгүнкү күнүм эптеп өтсө болду” деп курсак камын , көңүл шаңын гана ойлоп жашаган адамдар жетишерлик. Демек ката кылсак, аны бир гана өзүбүздөн издешибиз керек.

Ошондуктан  мындай жолго түшпөө үчүн дайыма өзүбүзгө сак бололу.

 

 

Даярдаган: №11 Р. Кулуев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин социалдык педагогу С. Токторбаева

 

 

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17