Аймак

“СЕЗИМ СЫРЛАРЫ” АТТУУ ПОЭЗИЯ КЕЧЕСИ ӨТТҮ

“СЕЗИМ СЫРЛАРЫ” АТТУУ ПОЭЗИЯ КЕЧЕСИ ӨТТҮ

 3 Бардыгы /

Ала-Бука районунун Өрүктү айылындагы А.Жуманазаров атындагы №17 жалпы орто мектебинде  “Сезим сырлары” аттуу поэзия кечеси өткөрүлдү.

Кечени Ала-Бука аруу дүйнө адабий клубунун мүчөлөрү  Тойчубеков Тургунбек жана Алчынбаева Нуркамал өздөрүнүн мектептеги окуучулары менен биргеликте уюштурушкан.

Мектептеги калем кармап ыр жазууга шыктанган окуучулар жана ата-энелер менен биргеликте “Сезим сырлары” аттуу адабий ийрим түзүлүп, жаратман окуучулардын ырларын ортого ташташып, талкуу жүргүзүп турушат.

Балдарга ыр жазууну жана ыргактары, уйкаштыктары жөнүндө ар дайым кеп кеңештер берилип, балдарды китеп окууга жана ыр жаратууга жакындан жардамын аябай келишүүдө.

Кечеге “Ала-Бука аруу дүйнө” адабий клубунун мүчөлөрү Авас Кабаев, Камчыбек Камбарбеков, Акпаралы агайлар жана “Ала-Бука аруу дүйнө” адабий клубунун координатору Алмагүл Коргонбаева, эң жаш Мекен десе жанын берген патриот жаш жаратман акын жигит Эсенбайлар келишти. Ошону менен бирге Бишкек шаарынан акын эжекебиз Василия Турумбетова келип катышып, конок болуп кетти.

Эң алгач музыкалык жагымдуу маанай тартуулап 6-в класстын окуучулары “Алматыга бараткан кыз” аттуу бий менен ачып беришти.

Кечени ачып берүү үчүн “Ала-Бука аруу дүйнө” адабий клубунун координатору Алмагүл Коргонбаевага сөз берилди. Ал балдарга ийгилик каалап, окууларына жана чыгармачылык жолдору шыдыр болуп, келечекте кыргыздын мыкты инсандарынан болуштарын тилеп кетти.

Кечени  Алчынбаева Нуркамал “Аруу дүйнө” адабий клубунун жетекчиси Айжан Мамасадыкова эжекенин “Баё мүнөз балалык” атуу ырын көркөм окуу менен баштады.

БАЁ МҮНӨЗ БАЛАЛЫК

Калган экен айылымда адашып,

Баё мүнөз балалыктын илеби.

Баргым келет ошол таттуу учурга,

Аттиң мезгил, кайтарылбас билемин.

Кубалашып так секирип ойногон,

Жай аптапта чоң арыкты бойлогон.

Ага болбой асылчубуз бутакка,

Көз күйгүзүп мөлтүрөгөн тыт турчу.

Таң эртеден уйку баскан көз менен,

Айдачубуз уйубузду бадага.

Түшкө чейин барып коюп мектепке,

Түштөн кийин чаң салчубуз  талаада.

Өтүптүр ээ, балдай таттуу балалык,

Азыр минтип саамайыбыз агарып.

Апа болдук, ай чырайлуу балдарга,

Бутак жайып, учугубуз уланып.

Адабий  ийримди “Сезим сырлары” деп атаганынын себебине токтолуп:

-Ар бир бала өзүнүн сырдуу сезимдерин, эч кимге айта албаган сырларын ыр аркылуу, бий жана жүрөктөн чыккан туйгуларын май калемден жаралган образдар, жандуу сулуулук аркылуу ачып берерине басым жасап өттү. Ар бир сөз- жүрөктөн, ар бир сап үмүттөн жаралат. Бул кечеде сезимдер сүйлөйт! Ошол жандуу жана сырдуу сезимдерин ачып бермекчи.

“Ааламга кеткен жол айылдан башталат”- демекчи, көп кырдуу, таланттуу уул-кыздарды тарбиялоо биздин ыйык максатыбыз болуп саналат.

Кече конкурс түрүндө өтүлдү. Негизинен конкурска башталгыч класстардын 1-4- класстардын окуучулары  менен биргеликте 6-б, 6-в класстын окуучулары жана 9- а класстын кыздары, 10- класстан 1 окуучу катышты.

Конкурс төрт бөлүктөн туруп:

1) Жаш калемгерлердин калемине таандык ырларды көркөм окуу.

2) Кыргыз бийи.

3) Сүрөт көргөзмөсү

4) Көркөм окуу.

Эң алгач калыстар тобу шайланып, Авас агай, Акпар агай жана Алмагүл айым калыстар тобунун мүчөсү деп шайланды. Эсептөө комиссиясына  Камчыбек агайды көрсөтүштү.

Сынак алдын ала жарыялангандыктан окуучулар кызыгуу менен кызуу даярдыктар менен келишкен. Ар бир класс, окуучу өз колунан келген талантын көрсөтүүгө багытталган. Класс жетекчилер менен биргеликте ата-энелер дагы балдарын колдоп- коштоп жүрүштү.

Автордук ырлар алдын ала видео түрүндө тартып жөнөтүлдү.

Өздөрү дагы көркөм окуп беришти .

Ар бир класс кыргыз бийин бийлешип, өз өнөрлөрүн тартуулашты. Сүрөт көргөзмөсүнө келгенде калыстар тобунун ортосунда кызуу талаш-тартыштар жаратылып, ар бир баланын эмгеги бааланып жатты.

Эң акырында Василия Турумбетованын, Айжан Мамасадыкованын, Жазгүл Токтобаеванын ырларын көркөм окуп беришти. Калыстар тобу калыстык бааны баалаганга чейин 2- а класстын окуучусу Эрбол  жандуу үнү менен “Биринчи мугалим” деген ырды ырдап берди.

Кыргыз бийлери боюнча орундар:

1- орун 2- а класска

2- орун 6-в класска

3-орун 3- а класска

4- орунга 2- б класска жана 3 б – класска берилди.

Автордук ырларга

1- орун 10- класстын окуучусу Эгембердиевага;

2- орун Мизираимова Жумаидага;

3- орун Молдобекова Аруукеге  насип этти.

Башталгыч класстардан көркөм окууга: 

1- орунга Парпиева Айназик;

2- орунга Маатбекова Адеми;

3-орунга Абдыкадырова Сайкал ээ болушту.

Сүрөт боюнча

1- орунга Дурусбекова Элина;

2- орунга Абдиназарова Мырзайым;

3- орунга Джумабекова Саулеге татыды.

Көркөм окууга башталгыч класстардан:

1- орун Тиленбаева  Элиф 4- б класс;

2-орун Ашыркулова Аймүрөк  3- а класс;

3- орун Наргозуева Асылзат 1- б класс.

Жогорку класстардан:

1- орун Касымалиева Жумаида 9- а класс;

2- орун Мухамматалиев  Эрбол;

3- орун Токтобаева Самира деп табылды.

Кечеде ар бир акын өздөрүнүн автордук ырларын көркөм окуп беришти. Акпар агай комуз чертип, ыр ырдап, окуучуларга жагымдуу маанай тартуулады.

Ар бир катышуучу – таза- аруу жан дүйнөсү бай, назик жүрөк ээси.

Биз мыкты чыгармаларды угуп, көп кырдуу талант ээлеринин талантына күбө болуп, өздөрүнүн аруу сезимин ыр , бий жана сүрөт аркылуу ачып бере алган жаш жеткинчектерге ийгилик кааладык.

Калыстар тобу ар бир баланын өз өнөрүн баса көрсөтүп, 1-2-3- даражадагы диплом жана ыраазычылык катнтары тапшырышты. Жыйынтыктоодо ар бир “Аруу дүйнө” адабий клубунун мүчөлөрү сөз сүйлөп, өздөрүнүн каалоо- тилектерин билдиришти.

Бүгүнкү поэзия кечесин өткөрүүдө жакындан жардам берген “Аруу дүйнө” адабий клубунун жетекчиси Айжан Мамасадыкова эжекеге жана жалпы “Аруу дүйнө” адабий клубунун координатору Жазгүл Токтобаевага, “Ала-Бука аруу дүйнө” адабий клубунун координатору Алмагүл Коргонбаевага, жалпы эле мүчөлөрүнө, ошондой эле А. Жуманазаров атындагы №17 жалпы орто мектебинин башталгыч класс мугалимдерине  терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Бизди сыйлап алыстан келип катышып берген “Ала-Бука аруу дүйнө” адабий клубунун мүчөлөрүнө жана Бишкек шаарынан келген коногубуз Василия Турумбетова эжекеге дагы чоң рахмат айтабыз.

Баарыңыздарга үй-бүлөлүк бакыт жана ден соолук каалайбыз. Чыгармачылык ийгиликтерди жаратып, чоң -чоң  ийгиликтерди багындырып жүрө бериңиздер.

Бүгүнкү кече жаш жүрөктөрдүн үнү болду. Ал жүрөктүн добушун чыгармачыл инсандар гана сезип, туя алышат деп ойлоймун.

Жаш жеткинчектерге каалоом, чыгармачылык ийгиликтерди багындырып жүрө бергиле демекчимин. Келечегиңер кең, кыргыз адабиятына салым кошкон мыкты инсандардан болуп  чоңоюшуңарга тилектешмин.

Нуркамал АЛЧЫНБАЕВА, Ала-Бука районунун Өрүктү айылы,

А.Жуманазаров атындагы 17 жалпы орто билим берүүчү мектебинин башталгыч класс мугалими 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17