Аймак

ЖАЛАЛ-АБАДДА ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮ-КУТКАРУУЧУЛАР КҮЧ СЫНАШТЫ

ЖАЛАЛ-АБАДДА ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮ-КУТКАРУУЧУЛАР КҮЧ СЫНАШТЫ

 2,164 total views

КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан 2019-жылга карата түзүлгөн мерчемдерине ылайык 2019-жылдын 27-апрели күнү райондук бөлүмдөр арасында өрт-куткаруу спорту боюнча областтык масштабдагы мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган мекеменин Өрт өчүрүү, алдын алуу жана авариялык-куткаруу иштери бөлүмүнүн башчысы, подполковник Чынарбек Шекенов билдирди.

Мелдеш спорттун илме шаты менен окуу мунарасынын 4-кабатына чыгуу, 3 муунактуу шаты менен окуу мунарасынын 3-кабатына чыгуу, 100 метрлик тоскоолдуктардан өтүү, күжүрмөн жайылуу түрлөрү боюнча өткөрүлдү.

Өрт-куткаруу спортунун максаты өздүк курамдын күжүрмөн даярдыгын, тажрыйбасын жогорулатуу болуп эсептелет.

Мелдеште мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен кызматкерлерден облустук башкармалыктын курама командасы түзүлүп, 2019-жылдын 12-14-июнь күндөрү Бишкек шаарында өтүүчү өрт-куткаруу спорту боюнча республикалык мелдешке даярдыктар көрүлөт.

Жыйынтыгы менен алдыңкы орундарды ээлеген кызматкерлерге дипломдор, ал эми, командалык эсепте 1-3 орундуу ээлеген райондук бөлүмдөргө диплом жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

“Аймак”

 

Автор

Контактный адрес

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: город Жалал-Абад улица Ленина 17