Аймак

“Өз денең – Кудай храмы!”…

 3,644 Бардыгы /

“Өз денең - Кудай храмы!”...

-Эй ты, жылаңач баатыр. Эмне үчүн молдолор мечитке барышат ээ.

-Кубат аке, намаз окуганы барышат го”
-Мындай да, жылаңач баатырым, мечит кудайга сыйынчу жай. Бирок андан дагы ыйык, өз денең Кудайдын храмы. Сени пенде кылып жаратканда Кудай өз жанын салып, тирүүлүк жашоону мурастаган. Өз денең Кудай храмы. Эч унутпай жүр баатырым!…

-Абыке, бир топ жыл илгери мен анда “Фергана” гезитинде башкы редактор элем, экөөбүз бир иштегенбиз. Ошондо Сиз устатыңыз Кубат аке (жазуучу Кубат Жусубалиев) экөөңүздөрдүн жогоруда мен келтирген үзүндүдөй маегиңиздер жарыяланды эле. Ошол маегиңиздерге бир кайрылбайлыбы

-Ооба, эсимде Орозалы. Эми эстесем сонун замандар өткөн экен. Залкар акын Алыкул айткандай дуулдаган жаштык кез эми кайрылып келбейт го. Жаштык, мастык кезде көздү май басып, арабызда жүргөн гений даанышман, акылдуу адамдар менен замандаш болгонума сыймыктана кетем. Өткөндө дисктен Рыспайдын ырларын угуп отуруп, буркурап ыйлап, бугуму чыгарып алдым. Эмне деген зор талант. Анын ырлары жыл өткөн сайын кол жеткис бийиктикке айланып баратат… Рыспайга тизе бүгүп таазим кылдым.

-Кечиресиз Абыке, темадан чыгып кеттик көрүнөт. Рыспайга кийин кайрылабыз. Кубат аке экөөңөрдүн маегиңерге кайрылсак

-Эми Орозалы, Кубат аке жазуучу болуп Чыңгыздай атак-даңкка жетпесе да, ал көзү тирүү пайгамбарга айланып, Кудайдын кудуреттүү ыйык касиетине ээ болгон киши. Өзү айткандай –“Я узнал абсалютный истина…” деп, абсалюттук чындыкка жеткен адам.
Ал кезде Кубат аке экөөбүздүн маегибиз өтө кыска болгон. Андыктан мен өзүмдүн көз карашымды айтайын. Эми ойлоп көрсөм Кубат акеме чындап ынандым. Көрсө өз денең Кудайдын храмы экен. Эмне үчүн шоилиндик монахтар, тибеттик ламалар, индиялык ыйык йогалар медитацияга сүкүт чалып, жан дүйнөсүнө сыйынары тегин жеринен эмес. Өзүңдүн денеңе Кудайдын бүлбүлдөп күйгөн жанынан башка ыйык нерсе барбы. Кимде ким өз денесин таптаза тунук тутуп, ыйык сыйласа, ошол Кудайды сыйлай алат.

– Демек Абыке, адам баласы өз денесин ыплас, иринди-чиринди “шлактардан” тазаланып, тунук суудай тунса гана жан дүйнөсүндөгү рухий жаны ойгонот демекчисизби?

-Орозалы кеп мындай да. Кудайдын ыйык храмына мечитке кирип, токсон жолу томолонсоң да Кудай менен түз байланыша албайсын. Анткени денедеги катмарланган ыплас, кир, муздай тоңгон сары зил майдын түпкүрүндө басылып жаткан рухий жан дүйнө ойгоно албайт. Денедеги ыплас шлактардан кутулуу максатында рухий жан дүйнөнү ойготуп, Кудай менен түздөн түз байланышка өтүү үчүн убагында пайгамбарлар: Христос, Моисей, Илья жана Мухамбет кырк күн ачкалык менен тазалануу чилдесине отурушкан. Кырк күн ачкачылык менен тазалануу чилдесинен өтмөйүн Кудай жөнүндө кеп-сөз козгоонун кажети жок деле. Рухий жан дүйнөң ойгонбосо, жараткандын ыйык дүйнөсүнө өтө албайсың. Бетинен май тамган, ичтери семиз дин кызматкерлери Кудай саясатын жүргүзгөндүгүнө мен таң калам. Алар кырк күндүк чилдеге отурбаса керек дейм.

-Мусулманчылыкта кырк күн Орозо кармануу деген бар го. Орозо кармап тазаланса болбойбу?

– Орозо менен кырк күндүк чилденин айырмасы асман менен жердей. Орозо кармайм деп, эртең менен кечинде эки маал жирный тамак ичишет. Мунусу аз келгенсип ооз ачар деп, кой союп, аш-оокат тартышат экен. Чынын айтканда Орозо кармануу өзүнчө шаан-шөкөт, майрам экен. Ушул күндөрү жебеген тамактар желет. Ой, бай адамдар Орозо кармап оозу-мурдунан чыкканча тамак жеп жатса кайдан дене тазалансын, кайра семирип, дене ыплас чириндиге көмүлүп жатпайбы?!
Кырк күндүк чилде күнү Мухамбет пайгамбарыбыз караңгы тамга камалып, эч кимди киргиздирбей, сырттан кароол коюп, эч бир тамак жебей, суу ичпей, кырк күн бою зикир чалып, Кудайга сыйынып отурган. Кыркынчы күнү гана зикирин токтотуп, сыртка чыккан. Кудайга сыйынуу деген дал ушундай болот.

-Абыке, Сиз 21 күн ачкалык менен дарыландыңыз. Сиз Кудай жолуна түшөйүн дедиңиз беле?

– Мындан 13-15 жыл илгери абдан каттуу ооруга чалдыккам. “Истошения”-дене куурап, акырындап соолуп бараткан. Менин өмүрүмдү бир гана “голодания”-ачкалык менен дарылануу сактарын сезгем. Анткени мындан 150-200 жыл мурун немец ат багар Шроттун ачкалык менен дарылануу ыкмасын жакшы билчүмүн. Мындан сырткары атактуу окумуштуулар, докторлор М.О. Гирген жана Н.В. Уокерлердин ачкалык менен дарылоо илимдерин мыкты билгемин. Йоганын суу менен тазалануу, эчтеке ичпей, жебей, суу уурттабай 40 күн ачка кармануунун көнүгүүсүн далай жыл 1-3 күнгө чейин жасап жүрчүмүн. Ошондуктан суу уурттабай, эчтеке ичпей, жебей, толук ачка карманууну 21 күнгө жеткирдим. Андан кийин айына 2-3 жолу карманам. Өткөн жылы 60 күн “полу голодания”-кылдым. Тоого чыкканымда көбүнчө ачка, ач калып, кеч калып дегендей күн көрөм. Ушинтип жүрүп руханий дүйнөм ачылып, Кудай бар экенин, улуу жаратуучу ыйык күч бийлеп тураарын, биз табияттын улуу касиеттүү закону менен жашаарыбызды сездим. Кыргызча айтканда көп аяндар мага сездирди го…

-Абыке, адам баласы жокчулуктун, оорунун, башына түшкөн оор азабын тартып, чоң сыноодон өткөндөр гана көзү ачылып, Кудайды тааныйт ко.

-Орозалы, мына ушул сонун сурооңо “Индуизм” деген жеке религияны түзгөн Гаутама деген ыйык кишинин тарых баянын айтып берейинчи. Гаутама эчтекеден кем эмес княздын эрке баласы, атасынын бийлигине ээ болгон жаш князь болгон. Жаш сулуу келинчеги, эки баланын атасы, бир нече шаар, жерге сыйбас байлыктын ээси болгон. Жаш князь дүйнөгө сулуу аялга, бийлигине мас эле. Бир күнү жалгыз, атын бастырып келатып жол боюнда чымын-чиркейге таланып жаткан оорулуу кишини, сөөк-саактары кагырап картайган куу сөөк чалды, тентип жүргөн селсаякты көрөт. Байлыгы, бийлиги тонолуп, шаары өрттөлүп, эли кырылып, падышасы дарга асылып жаткан шаарды көрөт. Жер бетиндеги жашоонун акыр түбү зор кайгы, өлүм менен бүтөөрүн сезип, көзү менен көрүп, түбөлүктүүлүккө, рухий дүйнөнү издеп жөнөйт. Кудай жолуна түшөм деп койнундагы сулуу аялын, балдарын, ата-энесин, бийлигин, жерге батпас байлыгын кечип, баарын курмандыкка чалып, жалгыз башын сууруп чыккан. Көп жылдар бою азаптуу өмүрүндө “Индуизм” деген Кудайды таануу илимин иштеп чыккан. Бүгүнкү күндө “Индуизм” деген динге кирген, аны менен Кудайга сыйынган индиялыктар оголе көп.

-Сиз айткандай адамдардын дээрлик баары “Өз денең- Кудай храмы”-экенин биле бербесе керек деп ойлойм. Сизге окшоп өз денесине күйгөн, жанындай сүйгөн адамды бул чөлкөмдөн көрө элекмин. Чын айтам.

-Мен деле бир убактарда өз денем Кудайдын храмы экенин билген эмесмин. Ал тургай Кубат аке нече бир жолу айтса дагы эрөөнгө алган эмесмин. Качан гана тазаланып, жон териң менен сезип, жүрөк, кан тамыр аркылуу өткөндөн кийин Кудайды сезет экенсиң. Ачыгы булганыч адамдар жапайы айбандан айырмасы жок. Жапайы жырткыч айбандардын акыл-ээси жок, инстинк менен туюнат. Козу энесин союп жатса да тиктеп тура берет. Себеби акыл сезими жок. Айбан өзүн Кудай жаратканын билбейт. Дал ушул сыңары булганыч адамдар жаны Кудайдыкы экенин билишпейт. Азыр Кудайдан жөө качкан адамдардын түрүн көрүп, төбө чачың тик турат. Жүрөгүң түшөт. Өз жанынан байлыгын, бийлигин, дүнүйөсүн, машинасын, коюн, уюн, атын, итин ыйык көрөт. Жүздөп, миңдеп койлорду алдына салып жүргөн адам ошо жүз, миң койдун кара кулуна айланганын билбейт, сезбейт. Өзүнөн мурун койдун курсагынын камын көрөт, түйшүгүн, азабын тартат. Койго күйгөндөй өз жанына күйгөн кишини мен дагы көрө элекмин. Качан гана оору менен шум ажал алкымдан алганда гана Кудай эсине келет. Кудайга жалынат. Пенде деген мына ушундай болот, Орозалы.

-Абыке, кыргыз коомчулугундагы жемкор адамдарды айтып жаткан жоксузбу?

-Орозалы, Кыргыз мамлекетинин шору бар экен. Ач карышкырлардын баары ак үйгө чогулуп алыптыр. Мамлекетти иттей талап, жеп эле жатышат. Бир күнү Кыргыз мамлекетин жок кылып тынышат го. Ачык эле айтайын Кыргыз деген эл, Кыргыз деген улут кумга сиңген суудай жок болот ко акыр түбү. Убакыт кеңири болгондо Кыргыз деген улуттун жоголуп баратышына бир нече далилдүү фактылар менен далилдеп бермекчимин. Күндү алаканы менен жаап тозо албагандай, ачуу чындыкты жаап, жашыра да албайбыз го.

-Акыркы кезде Кыргызстанда дин уюмдары абдан көбөйдү. Динди жайылтуу боюнча активдүү иштер жүрүп жатат. Бирок баары Сиз айткандай болбой жатпайбы?

– Он сегиз миң ааламды бир жараткан ыйык касиеттүү энергиялык күч, же болбосо бизче айтканда бир Кудай туурабы? Туура. Жер бетиндеги бүтүндөй тирүү жандуунун баарын жараткан бир Кудай туурабы? Туура. Жер бетиндеги жөрмөлөгөн кумурскадан тартып адамга чейин Кудай жан салып, тирүүлүктү жаратты, туурабы? Туура. Эми ойлоп көрчү, кумурска, ит, уй, кой, ат, адам жана башка тирүү жан бир Кудайдын пендесиби? Пендеси. Эми баарыбызды жараткан да, энебиз да, атабыз да Кудайбы? Ооба, албетте Кудай. Анда эмне үчүн уйду, койду, жылкыны союп жейбиз? Бир боор тууганыбызды союп жеп жаткан жокпузбу? Ооба, биз бир боор туугандарыбызды союп жеп жатабыз. Анткени адамдын да, жылкы, кой, уйдун да каны кызыл го… Көрдүңбү Орозалы, биз кудайдын жанын кыйып, анын алдында орду толгус күнөөгө батып олтурабыз. Ой, айланайын уйдун ак сүтүн саап ичебиз. Энебиздин ак сүтүн ичкендей уйдун сүтүн ичкенибиз аз келгенсип, уйду союп жейбиз. Биз өз энебизди союп жегендей болбодукпу?!

-Абыке, кыргыздар байыртан бери эт жеп жашап келаткан калк эмеспи. Эт жебесек кантип жашоо болот?

-Эт жебесе эле жашоо токтоп калмак беле. Кудай адам баласы үчүн эң сонун азык-оокаттарды жараткан. Алсак жер жемиш, мөмөлөр, дары дармектүү чөп-чар, дагы көп жеңил оокаттар бар эмеспи. Биздин адам затынан мурун Атланттар деген адамдар жашаган. Алар жер жемиштери, мөмө-чөмөлөр менен азыктанган. Алар узун бойлуу, абдан сулуу, келбеттүү адам болушкан. Атланттардын бою 15 метр болгон. Миң жыл өмүр сүрүшкөн. Атланттар абдан акылдуу болушкан. Илимий техникалык прогресс гүлдөп өскөн. Өтө акылдуу болгондуктан Кудайды да тааныбай кетишкендиктен табигый кырсык берип, кыямат болуп Атланттар кырылып жок болуп кетишкен. Ооба, Атланттар Кудайдын каарына калган. Биз деле Атланттардай жер жемиштер менен азыктансак миң жыл жашамакпыз.

-Айтсаңыз өз денесине тынымсыз кам көрүү, аны аспиеттеп багып, сактоо, рухий дүйнөнү ойготуу оңойго турбаса керек го?

– Кудайдын жаны -рухий дүйнөнү ойготуу үчүн адам эң оболу денесин, мээсин тазалоо зарыл. Экөө тең криссталдай тунганда гана рухий дүйнөсү ойгонот. Адам качан гана жаман жосундардан, жаман ойлордон кутулганда гана рухий дүйнө жөнүндө ойлонсо болот. Тазаланбай, арууланбай, ооруу менен жокчулуктун азабын тартпай, жан кыйнаган кыйынчылык менен кабырга кайыштырган азап көрмөйүн адам баласынын көзү ачылбайт. Байлыктын, акчанын, бийликтин, саясаттын жана көр оокаттын кулуна айланган адамдар шайтандын жолундагы маңыроо адамдар десе болот.
-Абыке кызыктуу маегиңиз үчүн рахмат.

Маектешкен: Орозалы КАРАСАРТОВ, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17