Аймак

САСЫК ТУМОО ДЕГЕН ЭМНЕ?

САСЫК ТУМОО ДЕГЕН ЭМНЕ?

 12,539 Бардыгы /

Сасык тумоо инфекциялык оорулардын эң коопту жана оор абалга алып келуучу . аба аркылуу тез жугуп таркап кетуучу ооруларга кирет, анткени бул оору менен ооруганда бронхиалдык системалар жабыркап, көп учурда өрчүшүп кетет. Шартка ылайык, сасык тумоо,организмди бутундой ууландыруу менен бирге, жогорку дем алуу органдарын жабыркатат. тез өрчүшүп кетүүсү менен сасык тумоо  абдан кооптуу оорулардын катарына кирет, мисалы, өпкөнүн сезгенүүсү, ошондой эле сасык тумоо болгондо организмде көптөгөн башка оорулар козголот.
Кыш айлары аяктап кун жылуулап калганына карабастан бугунку кундо сасык тумоо оорулары кайрадан куч алууда.Сасык тумоо оорусу менен кайрылуу кобойуп айрыкча бул оору беш жашка чейинки жаш балдарда коп катталууда. Ал эми чондордо оор кабылдооссу менен кайрылууда . Акыркы жумада амбулатордук турдо 70тен ашуун бейтап кайрылып, :6 бейтап инфекциялык оорулар болумуно жаткырылган.Калган бейтаптар ымыркайлар болумуно кайрылып оор кабылдоосу менен 12 бейтап жаткырылган.

Сасык тумоонун пайда болуу себептери
Көп учурда жугуу булагы ал оору менен жабыркаган адам болот, ал адам менен ар кандай жакын контакт болгондо, аба аркылуу, кол кармашканда, чүчкүргөндө, жөтөлгөндө сасык тумоо адамдан адамга жугат. Сасык тумоо оорусу кышкы мезгилде күчөп, эпидемия мүнөзүндө болот. Сасык тумоонун массалык жайылуусу орточо эсеп менен он жылда бир болот.

Сасык тумоо
Сасык тумоо
 эң башкы симптому бул дененин температурасынын көтөрүлүшү (39-40градус), чыйрыгуу, муундардын оорушу, бут дененин алсыздыгы, баш ооруу, жарыктан корку сезиминин пайда болуусу, көз чункурларынын оорушу, дененин тердеши. Оорулуу адамдын табити төмөндөп, уйкусу бузулуп, оозу кургап, түш көрүп жатканда өзүнчө сүйлөнүп, ошондой эле голлюцинация болушу мүмкүн. Мындай клиникалык абалда, толук дем алуу системалары жабыркаганы көп байкалбайт, бирок, жөтөлүү пайда болуп, тамак кытышып, мурундун бүтүшү байкалат. Сасык тумоо оор учурларында мурундан кан агып, териде жылдызча формасында канталоолор пайда болуп, булчуңдар тырышып, эс-учун жоготуп коюуулар да кездешет. Көп учурда ооз-мурундун тегерегинде майда жаралар пайда болот.(УЧУКТАР)

Айтып коюуу керек, сасык тумоонун мындай симптомдору бардыгында эле боло бербейт. Шартка ылайык, көп оорулууларда сасык тумоо өзүн ар кандай көрсөтөт. Ушуга себептүү, оорулуу адамдын абалы жеңил, орто жеңил, оор жана абдан оор абал болуп такталат.

Сасык тумоо оорусуна бала-чакадан баштап абышка-кемпирлерге чейин чалдыгышат. Бирок оорунун өтүшү орто жашаган адамдардыкына карганда жаш балдардыкы жана улгайган адамдардыкы иммундук системасынын начар өрчүгөндүгүнөн ар башка болот, ушуга себептүү ар кандай өрчүп кетүүлөр жаш балдарда жана улгайган адамдарда көп болот.

Сасык тумоо башталганда биринчи жардам
Оорунун биринчи симптомдорун сезгенде, төмөнкү чараларды көрүү керек: суюктукду коп ичуу керек, малинадан же карагаттан компот жасап ысык түрдөө ичүү зарыл, мурунга интерферон суюктугун тамчылатып жылуу жуурканга оронуп, астынарга жылуу суу куюлган бөтөлкөлөрдү тердөө максатында салып алсаңар эң жакшы болот, , , кайнатылган суусундуктардан көп ичуу, жана вируска каршы дарыларды ичип баштоо керек, (анаферон,эргоферон) ушундай шарттарды сактасаңар сасык тумоо оорусу оорчулуксуз 3-4 күндө тарап кетет.

Анаферон балдар учун 1чи куну схема боюнча 8 таблетка андан кийин 1таб 3 жолу №5

ЭргофероН чондор учун схема менен ичуу зарыл.

Сасык тумоону даарылоонун эң маанилүү эки шарты.
Башка оорулар сыяктуу эле, сасык тумоо дененин температурасынын көтөрүлүшү менен өтөт. Ал эми температуранын көтөрүлүшү, бул денени сактоо механизминин иштей баштаганына байланыштуу болот. Организм вирустар менен күрөшүп, өзүн өзү даарылаганга аракеттенет. Температуранын көтөрүлүшү менен организмдеги көптөгөн вирустар өлүмгө учурайт. Ушуга себептүү дененин температурасын антибиотиктер менен ысытманы тушуручу дарылар менен 37,5градустан төмөн түшүрбөө зарыл, бул биринчи шарт!
Экинчи шарты: Организмди оор тамактануу менен жүктөбөө керек, анткени иммундук системага дарт менен күрөшүүгө ошол убакта көп күч-кубат талап кылынат, ал эми оор тамактанып алганда ал күч кубаттын бары иммундук системага эмес, тамак-ашты иштетүүгө сарптала баштайт. Тамак-аш майлуу болбошу зарыл, канчалык жеңил тамак болсо ошончо организмге жакшы. Тамак суюк же каша консистенсиясында болсо эң жакшы, жана кайнатылган суусундук көп кабыл алуу керек . Ошондой эле чоң эскертүү: Сасык тумоо болуп же суук тийип ооруп калганда дароо эле амоксацилин же ушу сыяктуу антибиотиктер менен тез айыгуу максатында даарыланууга такыр болбойт! Анткени, антибиотиктер менен тез-тез эле даарылана бергенде, организмдеги зыяндуу микроорганизмдер антибиотиктин соккусуна көнүп алат да, даарылардын таасирине чыдамдуу болуп, оору күчөп, айыкпас ооруларга алып келиши мүмкүн.

.Сактануу жолдору
– Сасык тумоодон сактануунун эң жөнөкөй каражаты бул жүз-каптар (маска), бир жүз-капты 3 саат гана жүзүңүзгө тагып жүрүүгө болот. Же маска респиратор колдонуу керек,
– Аймактык, шаардык ооруканалардан сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүү, негизи сасык тумоого каршы 6 айда бир эмдөөдөн өтүп турсаңар сасык тумоодон алысыраак болосуздар.

– Сасык тумоо болуп ооруп жаткан адам менен сүйлөшүүгө туура келсе 1 метрдик аралыкты сактаңыз жана чүчкүрүп же жөтөлгөндө 2 метрге алыс болуңуз.

– Өздүк гигиенаны жана суукка урунуп калуудан сак болуңуз. Жука кийим менен сейилдебегиле, колуңарды самындап жуугула.

– Кыштын абдан суук күндөрү шарфты маска кылып жүзүңөрдү жаап алгыла, кышкы муздак температурадагы аба менен дем алганда тамагыңарды тез эле оорутуп аласыз.

 

 

Жээналиева Гулнара Маратовна. ЖАОКО Инфекциялык оорулар бөлүмүнүн башчысы, .Областагы штаттан сырткаркы башкы инфекционист

 

 

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17