Аймак

СЕНИ ОЙЛОСОМ

СЕНИ ОЙЛОСОМ

 2,682 Бардыгы /

Сөзү: С.Шимеевдики
Обону: Ү.Сыдыковдуку
Сени ойлосом канат бүткөн көңүлгө,
Бек сакталып жүрөгүмдөн төрүндө.
Таалайымдын жаркыраган жылдызы,
Махабаттын гүлүн терген өмүргө.

Алыс жакта жүргөнүңдө сагынам,
Жалынчумун жаным сага кагылып.
Кирпик какпай таң атырам далай түн,
Карааныңды бир көргөнгө зарыгып.

Күндөн күнгө менден четтеп кеткениң,
Муздак сууну жалыныма сепкениң.
Асыл курбум чыгардыңбы эсиңден,
Тунук сүйүү бизге таасир эткенин.

Сен унутсаң мен унута албадым,
Элесиңди көңүлгө бек кармадым.
Менден башка бар турбайбы сүйгөнүң,
Анда неге сүйөм дедиң алдадың.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17