Аймак

ЖОЛУГАБЫЗ АЗ КҮНДӨ

ЖОЛУГАБЫЗ АЗ КҮНДӨ

 3,981 Бардыгы /

Сөзү: А.Айталиевдики
Обону: К.Жакшылыковдуку
Көлдүн жээги бирге басып салкындап,
Жайдар мүнөз жаз күнүндөй жаркылдап.
Жумшак шамал бетти аймалап сыласа,
Майда толкун жээкке урунат шарпылдап.
Кошкун!- дедиң көпкө чейин кол булгап,
Кете бердиң пароходдо калкылдап.

Эми алысмын куса болуп сагынып,
Бирок дагы бирге жүрөт тамашаң.
Түбөлүктүү өмүрүмдүн шериги,
Сени сүйүп, жалгыз сени жаратам.
Ашыктыгым ого бетер артылат,
Сагынганда сүрөтүңө карасам.

Ар бир кыял мүнөздөрүң көңүлдө,
Унутпастан ойлойм өзүң жөнүндө.
Сары алтын түбү келип сабырдын,
Сагынуунун зардабине жеңилбе.
Аз күн калды жолугушчуу убакыт,
Сен узаткан Ысык-Көлдүн жээгинде.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17