Аймак

УЙКУСУЗ ТАҢДАР АТАТ

УЙКУСУЗ ТАҢДАР АТАТ

 10,435 Бардыгы /

Сөзү, обону А.Мааткеримовдуку
Уйкусуз таңдар атат,
Кирпиктер ирмелбеген.
Кусалык жүрөктү эзет,
Эч кимге билинбеген.

Айтылбай сырлар калат,
Сезимдин тереңинде.
Ак таңдай өтө албаган,
Турмуштун тереңинде.

Жаңырат кулагыма,
Наристе сезим үнү.
Тартылат көз алдыма,
Алгачкы тунук сүйүүм.

Унутпай койдум сенин,
Жылмайган элесиңди.
Азаптуу ал күндөрдү,
Алтыным билесиңби?

Билинбей күндөр өтөт,
Үмүттү үзгөн менен.
Ак сүйүүм жашайт тура,
Жүрөктө сага деген.

Унутпай койдум сенин,
Жылмайган элесиңди.
Унутпай койдум сени.
Эмне үчүн билесиңби?

1

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17