Аймак

УКУГУ ТЕБЕЛЕНГЕН УСТА ИМАНАЛИ АЖИЕВДИ ЭЭНБАШ АТКАМИНЕР КАСЫМ АПИЕВДЕН АРАЧЫЛАП КОЮҢУЗЧУ?

УКУГУ ТЕБЕЛЕНГЕН УСТА ИМАНАЛИ АЖИЕВДИ ЭЭНБАШ АТКАМИНЕР КАСЫМ АПИЕВДЕН АРАЧЫЛАП КОЮҢУЗЧУ?

 1,944 Бардыгы /

 

         Ош шаарына караштуу Ак-Тилек кичи районунун 36-көчөсүнүн тургундары, жалпысынан 38 үй-бүлө, өлкөбүздүн жетекчилигине, укук коргоо, сот органдарына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына Кайрылуу жасашты. Анда устачылык кылып үй-бүлөсүн багып келаткан Иманали АЖИЕВдин укугун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин үлкөн кызматкери, кошунасы Касым АПИЕВ көз көрүнөө тебелеп-тепсеп келаткандыгы айтылат.

         Өмүрбек АКИМБАЕВ, коомдук ишмер: – Иманали Ажиевди 1990-жылдан бери абдан жакшы тааныймын. Жүрүм-туруму, анын улуу-кичүүгө бирдей мамилеси башкаларга үлгү. Көп жылдардан бери устачылык кылып, ошол маңдай тери менен гана жан багат. Эң башкысы: өтө жоош, абдан момун пенде.

Калбү КУСАБАЕВА, Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунун тургуну: – Биз билгенден Иманали Ажиев 1990-жылы алгачкылардан болуп Ак-Тилек кичи районунан жер тилкесин алып, анан тийиштүү документтерине ылайык гана эптеп үйүн бүтүрүп жашап келатат. Өзүнө таандык тилкеге бастырма, жайкы ашкана, мончо, ажаткана тикеледи. Тилекке каршы, муну таптакыр көрө албаган коңшусу Касым Апиев деген “Иманали Ажиевдин үйү короомо көлөкө түшүрдү. Буга улай көркүн дагы бузду. Токтоосуз буздурулсун!” деген курулай дооматын артып, сотторго тынбай эле жазып, таптакыр тынччылык бербей келатат. А Фемида маселени калыс жана акыйкат карабастан, көбүнчө Касым Апиевдин пайдасына бир жаңсыл чечип, биздин дагы айлабызды таптакыр курутуп бүттү.

Нурмамат КАЛПАКОВ, жеке ишкер: – Бизге жеткен маалыматка караганда, Касым Апиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бир майлуу-сүттүү бөлүмүн башкарат экен. Ошондуктан, Ак-Тилекке жайгашаары менен эле жер-суунун баарын ээлеп, бак-дарактарды катарынан бүт кыйып, экологиябызды дагы чындап бузду. Чопчоң ажаткана салып, анын артынан килейген жайкы кафе куруп таштады. Эми өзүнүн башындагы төөнү көрбөстөн, коңшусу Иманали Ажиевдин кичинекей жер тилкесине асылып, аны соттон сотко сүйрөп мукуратты.

         Жаркын НАРМАТОВА, Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунун тургуну: – Айлабыз таптакыр куруганда Президентке, Өкмөт башчысына, Жогорку Кеңештин төрагасына, укук коргоо органдарына, жалпыга маалымдоо каражаттарына деле буга дейре Кайрылуу жасаганбыз.Тилекке каршы, биринен дагы эмдигиче куш тилиндей жооп жок. А Акыйкатчы үнүбүздү дегеле укпай койду. Ошентип, чыдамыбыз таптакыр түгөндү, эй!

Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районун жердеген уста Иманали Ажиевди издеп таап, өзүнө жолукканыбызда, ал буларды айтып ыйлактады.

  • Ош шаардык соту жаңы ачылган жагдай боюнча мени арызымды токтоосуз карасын! Касым Апиев өңдөнгөн аткаминерге көмөктөшүп жатышкан Ош шаардык архитектура башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери токтоосуз жазаласын! Мында Ош шаарына караштуу Ак-Тилек кичи районунун 36-көчөсүнүн тургундарынын дагы ой-пикири бекем эске алынсын! Эч кимди көзүнө илбеген Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин үлкөн кызматкери, кошунам Касым Апиев токтоосуз түрдө катуу тартипке чакырылсын! – деп талап кылды устачылык кылып үй-бүлөсүн араң багып келаткан Иманали Ажиев.

         Иманали Ажиевдин бул талаптарын коңшулары – Ош шаарына караштуу Ак-Тилек кичи районунун 36-көчөсүнүн тургундары дагы толук бойдон кубатташаарын кабарчыбызга билдиришти. Дегеле коңшулардын тиешелүүсү эмне менен аяктаар экен? Акыры Ак-Тилекте чындык орнойбу? Биз дагы бекем абай салып турмакчыбыз…

 

         Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17