Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
7,408 Бардыгы / Быйылкы ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында өткөрүлгөн “Кара-Кулжа ажары-2017” райондук кароо-сынагы акыры жыйынтыкталды. Таланттар таймашына өрөөндөгү 49 мекеме-ишкананын өкүлү абдан активдүү катышып, чечүүчү турда жеңишти багындырган тогуз гана кыз-келин соңунда моминтип эл алдында ат салышышты. Бактыгүл Сулайман кызы Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн, Токтогүл Полотбек кызы Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн, Самара Ихвалидин кызы С. Көкөев […]
7,409 Бардыгы / Быйылкы ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында өткөрүлгөн “Кара-Кулжа ажары-2017” райондук кароо-сынагы акыры жыйынтыкталды. Таланттар таймашына өрөөндөгү 49 мекеме-ишкананын өкүлү абдан активдүү катышып, чечүүчү турда жеңишти багындырган тогуз гана кыз-келин соңунда моминтип эл алдында ат салышышты. Бактыгүл Сулайман кызы Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн, Токтогүл Полотбек кызы Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн, Самара Ихвалидин кызы С. Көкөев […]
СУЛУУЛАРГА СУКТАНУУГА АКЫМ БАР!
28.08.2017 / Автор aymak7,410 Бардыгы /
Быйылкы ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында өткөрүлгөн “Кара-Кулжа ажары-2017” райондук кароо-сынагы акыры жыйынтыкталды. Таланттар таймашына өрөөндөгү 49 мекеме-ишкананын өкүлү абдан активдүү катышып, чечүүчү турда жеңишти багындырган тогуз гана кыз-келин соңунда моминтип эл алдында ат салышышты.
Бактыгүл Сулайман кызы Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн, Токтогүл Полотбек кызы Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн, Самара Ихвалидин кызы С. Көкөев атындагы балдар бакчасынын, Бермет Абдыракманова Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн, Телегей Тойчубекова Г. Ибраимова атындагы балдар бакчасынын, Таттыгүл Жуманазар кызы Кара-Кулжа райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун, Жаңыл Жалалдинова А. Каримов атындагы балдар бакчасынын, Максатбү Маматмуса кызы М. Жунусов аймактык ооруканасынын, Айзаада Бактыбек кызы Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн ар-намысын абдан катуу талашып, абийирин өтө бекем коргошту.
- Кароо-сынакка катышкандар саламдашуу, улуттук кийим-кечелерди тартуулоо, аткаруучулук чеберчилиги, хореография, чукул суроолорго жооп кайтаруу, улуттук тамак-аштын түрлөрүн белендөө өңдөнгөн тапшырмаларды эч кыйшаюусуз түрдө аткарышты, – деди “Кара-Кулжа ажары-2017” райондук кароо-сынагынын калыстар тобунун төрагасы, таанымал обончу Акбаралы Тасмаев. – Танып не. Кара-Кулжанын эли чекесинен эле талантуу калк эмеспи. Чынында, бири экинчисинен таптакыр кем калышпайт. Андыктан, аймактагы эң ажарлуу айымдарды аныктоо, албетте, калыстар тобуна дегеле оңойго турган жок! А түгүл жогортон телефон чалуулар дагы болгондугун жашырбастан айтып коюуга дагы тийишмин. Ошентсе деле калыстар тобу кеңешип-таңашып олтуруп, биринчи орунду А. Каримов атындагы балдар бакчасынын тарбиячысы Жаңыл Жалалдиновага, экинчи орунду Г. Ибраимова атындагы балдар бакчасынын тарбиячысы Телегей Тойчубековага, үчүнчү орунду М. Жунусов аймактык ооруканасынын медайымы Максатбү Маматмуса кызына ыйгардык.
Деген менен Кара-Кулжа районунун акиминин орун басары Канболот Тутуев сыйлактарды ээлерине тапшырып жатып, көңүлдөгүсүн ачык эле жар салды.
– Орустун улуу жазуучусу Федор Михайлович Достоевскийдин “Бул дүйнөнү сулуулук гана сактап калат” дегенинде жан бар. Карасаңыздар? Бүгүнкү “Кара-Кулжа ажары-2017” райондук кароо-сынагынын катышуучулары куттуу жергебизди бүгүнүкү ажайып калыбында бекем кармап турушат. Андыктан, эч тартынбастан айтып коюуга митлдетттүмүн, бул сулууларга менин дагы суктанууга акым бар! – деп агынан жарылды Кара-Кулжа районунун акиминин орун басары Канболот Тутуев. – Биз муну менен гана чектелбестен, бул салтыбызды мындан ары дагы жыл сайын улантууну чечтик. Буюрса, жергебизди көрккө дагы, даңкка дагы бөлөгөн перилерибиздин кербени эми эч качан токтобойт!
Кут жылоологон Кара-Кулжа жергесинен кыйла узасак дагы, шаңдуу ыр, жандуу музыка далайга дейре кулагыбызда жаңырып турду…
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз, Кара-Кулжа району
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
11.06.2024 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТИН МЭРИЯСЫ ОШ ШААРЫНА 100 ТРОЛЛЕЙБУС БЕРҮҮНҮ ПЛАНДАШТЫРУУДА
-
21.06.2024 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗСТАНДАГЫ АЛГАЧКЫ VAR СИСТЕМАСЫ ТЕСТТЕН ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТТҮ
-
27.06.2024 / Автор anarkan_kg АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫНДА ЖЕҢИШКЕ ЖЕТКЕН СПОРТЧУНУ ТОСУП АЛЫШТЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.