Аймак

Залкарбек ОМОРОВ: “ЧАЛМАГА КУРУЛГАН ГЭСтер КАРА-КУЛЖА РАЙОНУН БҮТҮНДӨЙ ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫ МЕНЕН КАМСЫЗДАЙТ!”

Залкарбек ОМОРОВ: “ЧАЛМАГА КУРУЛГАН ГЭСтер КАРА-КУЛЖА РАЙОНУН БҮТҮНДӨЙ ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫ МЕНЕН КАМСЫЗДАЙТ!”

 1,203 Бардыгы /

Залкарбек ОМОРОВ – Ош облусунун Алай районуна караштуу Корул кыштагынын тургуну. Мамлекеттик кызматкерлердин сынагына катышып, андан ары резервге коюлган эле. Өткөн жылы аны Кара-Кулжа районунун акими Дамир КУЛУБАЕВ ушул эле райондогу Чалма айыл өкмөтүнүн башчылыгына дайындаган.

Залкарбек мырза, регионализм (жердешчилик) Кара-Кулжада абдан курч эмеспи. Анан Сиз кантип коркпостон бул өрөөндө иштегенге макулдугуңузду бердиңиз, ыя?

-2020-жылы Алай районундагы Корул айыл өкмөтүнүн башчылыгына мен дагы талапкерлигимди койгомун. Тилекке каршы. Корул Айылдык Кеңешинин депутаттарынын трайбалисттигинин жана дагы өз ара ыйкы-тыйкылыгынын кесепетинен бул бош орунга өтпөй калгамын. Бирок, мамлекеттик кызматкерлердин сынагына  өжөрлөнүп атып катышып, акыры резервге дагы киргизилгемин.

 Кара-Кулжа районунун акими Дамир Кулубаев дал ошол резервден мени гана тандап, андан ары өз ара аңгемелешүүгө чакыртты. Орой-чарай сүйлөштүк. Акыры экөөбүз тил дагы табыштык. Эң негизгиси: акимге менин программам абдан жагыптыр. Дароо эле колдоп-кубаттады.

Чалма айыл өкмөтүнүн аймагында чакан ГЭСтерду курууну баштаган турбайсыздарбы?

-Ооба! Буйга дарыясына 6 мегобайттык, ал эми Тар өзөнүнө 18

мегобайттык чоң кубаттуулуктагы эки чакан ГЭС курулат. Ошондо бул гидроэлектрстанциялары бүтүндөй Кара-Кулжа райоунун электр эжнергиясы менен толук кандуу камсыз этет. Андан ары биз, биринчиден, энергетикалык көз карандылыктан биротоло кутулабыз. Экинчиден, “Электр энергиясынын акысы ана көрөтүлөт! Мына жогорулайт!” коркунучтан дагы таптакыр арылабыз. Ошол эле учурда кошумча каржы булагынын эсебинен Чалма айыл өкмөтүнүн бюджети дагы дээрлик жогорулатылат.    

Деги ушул тапта социалдык-экономикалык акыбалыңыздар

деле кантти экен?

-Эң ириде салык алынуучу обьектилерден алынган салык

төлөмдөрүнүн өсүүсүн көбөйтүү аракети ыраса күчөтүлдү.  Ал эми ички донорлор – ата мекендик инвесторлор менен өз ара сүйлөшүүлөр абдан активдештирилди. Адегенде айыл өкмөтүнүн босогосуна 200 түп карагай көчөттөрү кыдырата олтургузулду. Буга жалпы жонунан бир миллион сом коротулуп, анан дагы айланасы бүт кашалаанып-тосулду.

    Өмүрүндө сууга таптакыр жетинбеген Токбай-Талаа айылына акыры сугат суу тартылып келинди. Эски электр мамыларын жаңылоо максатында ушул тапта демөөрчүлөр менен дагы сүйлөшүүлөр кызуу жргүзүлүп жатат.

Албетте, Сиздер көйгөйлөрдөн куру эместирсиздер. Дал ушул

тапта деги кайсыл проблемалар Сиздердин кендириңиздерди куп гана кесип жаткан чагы?

-Калктуу конуштарда дагыле көчкү жүрүү коркунучтары бар.

Айылдарды өз ара тынымсыз байланыштырып турган көпүрөлөр дагы бүт бойдон эскирди. Кээ бири кулаганы эле араң турат. Жергиликтүү калыкты жетиштүү сугат суу менен камсыздоо дагы ого бетер кыйындады.

Эми бул маселелерди чекесинен жайгаруунун деле аргасын

тапкандырсыздар?

-Ананчы!Жер көчкүлөрдүн алдын алуу максатында дагы 200 даана

карагай көчөттөрүн кыдырата олтургуздук. Токбай-Талаа айылынын Ак-Терек тилкесине көпүрө куруп жатабыз. Ал эми жер көчкү жүрүүчү кооптуу жерлерде дагыле жансактап жатышкан жарандардын документтерин жана дагы мурун алышкан ссудаларынын сертификаттарын чекесинен такташтырып-териштирип жатабыз. Мындай фактылар эгерде аныкталса, андайлар мажбурланып коопсуз жайларга сөзсүз көчүрүлөт. Ошондой эле ссудаларын мыйзамсыз – максатсыз урунушкандыгы үчүн мыйзам чегинде жоопкерчиликке дагы тартылышат.

Залкарбек мырза, ажайып гана аймакта жайланышкансыздар,

андыктан бул аймакта Ата Мекендик жана дагы чет өлкөлүк туризмди ырааттуу өнүктүрүүнү эмнеге колго албай келатасыздар?

-Кантип? Чалма айыл өкмөтүнгүн аймагында муниципалдык эс алуу

жайы салынып жатат. Эгерде ал бүткөрүлсө, жайы-кышы бою туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө жаралат. Буга улай жергиликтүү калктын жашоо-шартынын оңолушуна дагы түрткү болмокчу.

МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районундагы Чалма Айыл Өкмөтүнүн башчысы Залкарбек ОМОРОВ ОшТУнун инженердик адистигин 2015-жылы ийгилитүү аяктаган. ЭлТР телеканалында 2010-2022-жылдарда инженер, режиссер жана редактор кызматтарын дагы абийирдүү  аркалаган. Агартуу кызматкерлеринин үй-бүлөсүндө тарбияланып,  чоңойгон.  

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17