Аймак

Тахир САБИРБАЕВ, уролог, башкы хирург: “ЭНДОВИДЕОХИРУРГИЯЛЫК ЫКМА МЕНЕН БӨЙРӨККӨ ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЛДЫ”

Тахир САБИРБАЕВ, уролог, башкы хирург: “ЭНДОВИДЕОХИРУРГИЯЛЫК ЫКМА МЕНЕН БӨЙРӨККӨ ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЛДЫ”

 6,816 Бардыгы /

Тахир САБИРБАЕВ, уролог, башкы хирург: “ЭНДОВИДЕОХИРУРГИЯЛЫК ЫКМА МЕНЕН БӨЙРӨККӨ ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЛДЫ”

Жакында түштүк регионунда биринчи жолу эндовидеохирургиялык жол менен бөйрөккө операция жасалды. Аны Жалал-Абад шаарындагы МедЛайн медициналык борборунун башкы врачы Тахир Садирбаев жана көрүнүктүү хирург Азамат Садыковдор жасашты. Бул Жалал-Абад үчүн ири жетишкендиктердин жана медицинанын жаңы мүмкүнчүлүктөрүнүн башкысы десек болчудай. Мындай артыкчылыктуу ыкма чет өлкөлөрдө кеңири колдонулганы менен Кыргызстанда Бишкекте гана болуп келген. Медицина жана МедЛайндын саамалыктары менен кенен тааныштыруу максатында медициналык борборго баш бактык.

Үстүбүздөгү жылдын май айында Жалал-Абад шаарында жаңы МедЛайн медициналык борбору ишке киришти. Ачылганына аз гана убакыт болгону менен ооруканада заманбап технологиялардын жардамында жаңыча ыңгайлуу ыкмалар менен операциялар жасалууда. Аталган борбордо бейтаптар үчүн 50 койкалык орундар, ал эми реанимациялык бөлүмүндө 2 койка жайгашкан. Бейтаптар үчүн эң ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Эс алуу бөлмөсү, атайын ден соолукту чыңдоо бөлмөсү, интернет байланышы WiFi, Люкс палаталар, телевизор, холодильник, жуунучу кабиналар жайгашкан. Жыйын өткөрүүчү зал, ашкана 50 адамга ылайыкташтырылган. Бейтаптарга үч жолу ысык тамакты жогорку даражадагы ашпозчулар даярдайт. Ал эми борбордун медициналык артыкчылыктары тууралуу оорукананын башкы врачы Тахир Садирбаев айтып берди.

Тахир САБИРБАЕВ, уролог, башкы хирург: “ЭНДОВИДЕОХИРУРГИЯЛЫК ЫКМА МЕНЕН БӨЙРӨККӨ ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЛДЫ”

МЕДИЦИНАДАГЫ КАЙТАЛАНГЫС МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР КОЛУБУЗДА ТУРАТ
Биздин “МедЛайн” медициналык борборунда мурда Кыргызстанда болбогон заманбап аппараттар бар. Аларды бири Германиядан алынып келинген “Лапароскоптикалык система”. Ошондой эле эндовидеохирургиялык ыкма менен операция жасоо. Бул ыкманын артыкчылыктуу жактары абдан көп. Буга чейин хирургияда колдонулуп келгени менен бүгүн эндовидео операцияны биринчи жолу урологияда колдондук. Операция ийгиликтүү өттү. Кененирээк айтып өтө турган болсом. Чоңдугу 10-15 см, көлөмү 500 мл литр суюктук болгон бөйрөктөгү ыйлаакча алынды. Атайын аппарат менен монитордон көрүү аркылуу операция жасалды. Мында бейтапта травматикалык жараат болбойт. Эң башкысы оорулуу тез калыбына келет. Мурда мындай операциялардан кийин 7-8 күн ооруканада жатып чыкчу. Ошондой эле кесилген жердин бүтүшү да кыйын болчу.
Ал эми бул ыкмада 2-3 күндө толук сакайып, басып калат. Азыр оорулуу наркоз абалында. Өзүнө келгенден кийин дароо эле бастырып көрсөк болот. Эртеңден кан басымы жакшы болсо анда бүрсүгүндөн үйүнө жооп беребиз. Мына ушундай организмин калыбына келүүсү абдан тез болот, жумушка да толук жарамдуу болуп сакайып чыгат. Өзүңүздөр билгендей мындай операциялар мурда кесилип жасалгандыктан ткандарга, булчуңдарга көп зыян келчү. Ооруканада 8-10 күн жатып чыкчу. Көп убакытка чейин жумуш жасай алчу эмес. Жаракат болгон жердеги операциялык жиптин алынышы да убакыт талап кылчу. Биз жасаган операцияда жип деген болбойт. Толуктап айтканда медицинадагы кайталангыс мүмкүнчүлүктөр колубузда турат. Албетте мындай артыкчылыктарга ээ болуубузга биздеги жогорку технологиядагы аппараттарыбыз себепчи болууда.

МУРДА БЕЙТАПТАРДЫ БИШКЕККЕ, РОССИЯГА ЖӨНӨТЧҮБҮЗ
Эндовидеохирургия Германиядан алынып келинген жогорку технологиядагы аппарат. Ошондой эле Швейцариядан алынган жогорку технологияда даярдалган медициналык жабдуулар “Литортриптер” бар. Бул жабдуулар акыркы үлгүдөгү чыгарылыш, анан функциясы да өтө чоң. Бөйрөктөгү ташты эч кандай кан кетирип кеспестен кадимки канал аркылуу кирип, табарсыктагы бөйрөк түтүкчөсүндөгү жана бөйрөккө чейинки жолдордо тыгылган таштарды талкалоо жолу менен алып таштайбыз. Бир гана хирургияда, урологияда эмес, гинекологияда колдонсо болот. Кудай буюрса убакыт өтүшү менен бир орунда турбай изденүүнү улантуудабыз. Дагы башка оор операцияларды, мисалы бөйрөк тамырларын аномалияларын оңдоо, жана башка мүмкүнчүлүктөргө жол ачылат. Бөйрөктө ар кандай таштар болот. “Аксалаттуу”, “ураттуу”, “фалфолаттуу” деген түрлөрү бар. Ар бир таш өзүнүн тыгыздыгы менен айырмаланат. Ал эми аппарат алардын тыгыздыгына карабай түрдүү таштарды ультра үндүү жана книматтык жол менен талкалайт. Бул жерде бир эле учурда аталган эки методиканы тең колдонсо болот. Же болбосо бирөөсүн гана. Эгерде таштар чоң болсо анда эки методика тең иштетилет. Мындай саамалыктын Жалал-Абад шаарында болгону, заманбап медицина шарттары түзүлгөнү жалпы жумурай журт үчүн сыймыктанарлык иш. Анткени мурда бейтаптарды Россияга, Бишкекке жөнөтчүбүз. Эми биздин калаада дагы заманбап медициналык борборлор иштөөдө. Мындан сырткары көп кездешчү апендикс жана башка гинекологиялык операцияларды дагы эндовидеохирургия жолу менен жасайбыз. Эң башкысы оорулуулар көп оруксунбайт, ооруу сезилбейт. Азыркы коомго, экономикалык кырдаалга жараша материалдык чыгымдарды аз талап кылат. Жана убакытты үнөмдөйт.

Тахир САБИРБАЕВ, уролог, башкы хирург: “ЭНДОВИДЕОХИРУРГИЯЛЫК ЫКМА МЕНЕН БӨЙРӨККӨ ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЛДЫ”

ДАРЫГЕРЛЕРИБИЗ ЧЕТ ӨЛКӨДӨ ОКУГАНДАР ЖАНА ТАЖРЫЙБА ТОПТОП КЕЛГЕНДЕР
Эл саламаттыгын бекемдөө үчүн бир жерде туруп калбастан башка өнүккөн өлкөлөрдөгү дарыгерлер менен тажрыйба алмашып туруу керек. Буга чейин аталган борборубуз курулуп жаткан мезгилде мен башка мамлекеттерге барып өз көзүм менен көрүп, тажрыйба топтоп аталган аппараттарды алып келгем. Германияда, Швейцарияда, Россиянын Санкт-Петербург, Казан шаарларында, Кореяда болдум. Бул да кесибимдеги жана билим-тажрыйбамдагы чоң толуктоо жана жетишкендик болду. Ал жактын методикасын үйрөндүм. Эми мындан ары өзүбүздүн шакирт врачтарга буларды үйрөтүүдөбүз. Корея, Түркия, Россия, Германия жана башка өлкөлөр менен биргеликте тажрыйба топтоо максатында иштешүү пландарыбыз бар. Алар менен кызматташтыкты күчөтүп Кыргызстанга да келээри жөнүндө макулдашканбыз. Алардын бизге дагы бир жардамы окуп кошумча билим алуубузга эч кандай төлөм алышкан жок. Алар менен бирге операция жасап жаттык. Дарыгерлерибиздин билимдери жогорку. Азиз ——– урологубуз окууну Россиядан бүткөн. Ординатураны Новосибирскийде аяктаган. Азамат —— Россиядан окууну аяктап , андан соң Сауд Аравиясында, Йеменде иштеп келген. Бул жигиттер мыкты адистер. Ар бир кызматкер Бишкектен ассосациядан өтүп келген сертификаттары бар. Эми медайымдарды да кошумча окуудан өткөрөбүз. Бул ооруканада иштегендер компитенттүлүгүн карап, тандоо жолу менен кабыл алынган. Ошондуктан кызматчылар өздөрүнүн функционалдык милдеттерин так аткарышат.

КИЙИНКИ ЗАМАНБАП ЖАБДУУ ЦИФРАЛЫК РЕНТГЕН
Бүгүнкү күндө медицинанын сырлары терең ачылган. Оорулардын саны арбындап баратканы менен аларды дарылоонун ыңгайлуу жолдору да көбөйгөн. Албетте мындай артыкчылыктарга ээ болуу үчүн да материалдык жабдуулар болушу зарыл. Учурда универсалдуу аппараттарды алуу үстүндө дагы да аракеттенүүдөбүз. Алардын бири цифралык рентген. Бөйрөктү басып калган каролл таштарды монитор аркылуу көрүүгө болот. Органдын өзүнө кирип, рентгендин негизинде таштын орду так аныкталат. Бул рентген таштын ордун ачык даана көрсөтөт. Жакын арада бул көйгөй да чечилет. Европада Туркияда, Россияда перепутантный литотрипция менен лазерный литотрипция колдонулат. Булар өтө жогорку деңгээлдеги технологиялар.

ЖАЛАЛ-АБАДГА ЧЕТ ӨЛКӨДӨН ДАРЫГЕРЛЕР КЕЛИШЕТ
Тажрыйба алмашуу алакаларынын негизинде жакында Түркиядан врачтар келишет. Ага чейин да аткарылчу жумуштары бар. Себеби бул жактан бейтаптарды топтоп, диагноз коюп даярдашыбыз керек. Бөйрөктөгү аномалия оорусу боюнча операциялар жасалат. Мындай мүмкүнчүлүктөр ар дайым эле жарала бербейт, маалыматтарды элге жеткиришибиз керек. Ансыз да буга чейин алыс жактарга операция кылуу үчүн барып жүрүшкөн. Азыр бейтаптарды чогултуудабыз. Дарыгерлердин миссиясы элдерге жардам берүү. Жасаган кызматы үчүн акы алуу эмес. Чет элдик дарыгерлер келгенде жок дегенде 10 операциянын үчөөсүн акысыз жасатууга аракет кылабыз. Анткени биздин кызмат баарына тегиз жетиши керек. Алардын иш сапарынан кийин аталган операцияларды дарыгерлерибиз өздөрү жасай беришет. Эске сала кетсем, мындан сырткары мурда Оштон Байыш Болсунбеков келип операция жасап кеткен.

ЭКИНЧИ ПРОГРАММАБЫЗ ТУКУМСУЗДУКТУ ЖОЮУ
Акыркы мезгилдерде адамдарда тукумсуздук көйгөйү курчуду. Биздин экинчи программабыз элдин эң орчундуу көйгөйү болгон тукумсуздукту жоюу. Белгилүү болгондой аталган багытта дүйнөлүк деңгээлде жаңыча көз караштагы ойлоп табуулар иштелген. Жасалма уруктандыруу жана башка бардык жолдору өздөштүрүлгөн. Бул ыкмаларды Кыргызстанга болгондо да, Жалал-Абадга келүүсүнө аз калды. Түштүк Кореядагы “Самсунг” жана Санкт-Петербургу шаарындагы Отто клиникасы менен бул багытта тажрыйба алмашуу болгон. Алар да жакын арада Кыргызстанга келишет.

ЛАБОРАТОРИЯБЫЗДА АНАЛИЗДЕРДИН БАРДЫК ТҮРҮ ЖАСАЛАТ
Сыймыктанарлык жагыбыз лабораториябыздын күчтүүлүгү. Анализдердин бардык түрү жасалат.
Лабораториялык жабдыктарыбыз жетиштүү. Ошондуктан диагноз анык коюлат. Көп тармактуу медициналык борбор. Элге керектүү тармактагылар башкача айтканда суроо талап курч болуп жаткан бөлүмдөр иштейт. Коомубуздун бакубат жашоосу, бекем ден соолугу үчүн төмөндөгү кызматтарды көрсөтөт. Кеңеш берүү адистери: невропатолог, кардиолог, пульманолог, аллерголог, эндокринолог, уролог, хирург, гастроэнтролог, проктологдор. Физиотерапия жана массаж. Лабораториялык изилдөө диагностика УЗИ, ЭКГ аппараты. Бейтаптардын дарылануусуна ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Көрсөткөн кызматыбыз ар бир адамга, жардамга муктаждарга, оор кырдаалда жашагандарга да жеткиликтүүлүгү каралган. Оорулууларды жеңил жана ыңгайлуу жолдор менен дарылайбыз.

Роза АКМАТЖАН КЫЗЫ, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17