Аймак

Aватбек ЖОЛОЕВ: “САНАРИПТИК АЙМАКТЫН АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН МААЛЫМАТ ТУТУМУНА КОШУЛДУК!”

Aватбек ЖОЛОЕВ: “САНАРИПТИК АЙМАКТЫН АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН МААЛЫМАТ ТУТУМУНА КОШУЛДУК!”

 2,415 Бардыгы /

Тагдырдын тамашасын караңызчы? Биргездеги кесипкөй сүрөтчү, кийинчерээк тарых мугалими, анан дагы атактуу Кумбел көмүр кенинин директору Аватбек ЖОЛОЕВ 2021-жылдан тартып Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Жазы айыл өкмөтүн ийгиликтүү гана башкарып келатат. Ал жетектеген чарба райондо алгачкы ирет санарип аймак автоматташтырылган маалымат тутумуна кошулуп олтурат.

  • Аватбек мырза, баса, Сиздин алгачкы кесибиңиз сүрөтчү

турбайбы?

  • Ооба! Бишкек шаарындагы Сүймөнкул Чокморов атындагы Көркөм

сүрөт окуу жайында Сиздердин “Жаңы Ордо” гезитинин кожоюну жана башкы редактору Бекен Назаралиев менен чогуу окуганмын. Бекен Назаралиев Кыргыз журналистикасынын фотоколлаж жана каррикатура жанрына дагы чыйыр салганы дал ошондон.

          Тагдыр экен. Мен кийинчерээк Бишкек шаарындагы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Удуттук университетинин тарых факультетин дагы бүтүрүп, “Дарак бир жерден көгөрөт” дегендей, 2002-жылдан тартып Ош облусуна краштуу Өзгөн районундагы Жазы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, айылдык кеңештин төрагасы, ал эми 2021-жылдан баштап айыл өкмөт башчысы кызматын камчы салдырбастан гана аркалап келатамын.

  • Калкты санариптик аймак автоматташтырылган маалымат

тутумуна киргизүү жараяны деги кантти экен?

  •  Жазы айыл өкмөтүн 3212 үй-бүлө, дээрлик 17468 киши байырлайт. А

булардын 2711 кожолугу, ошондой эле 1278,6 кишиси санариптик аймак автоматташтырылган маалымат тутумуна киргизилди. Бул кожолуктун 83 пайызы, ал эми жарандардын 73 пайызы    санариптик аймак автоматташтырылган маалымат тутумуна кошулду дегенди ачык туюндурат.

  • Көрдүңүзбү? Эң эле кооптуу аймакта жайгашыпсыздар.

Сиздердин айыл өкмөткө караштуу кыщтактарды  жаратылыш кырсыктары дайыма тооруп турат экен?

  • Эң эле туура баамдапсыздаро. Жазы өрөөнү жаратылыш кырсыктары

тилкесинде гана жайланышкан. Ошол себептүү Кыргыз Өкмөтүнүн “Турак жайды табигый кырсыктардан жана өрттөн милдеттүү түрдө камсыздандыруу жөнүндө” токтомуна ылайык ушул тапта 395 турак жай толук кандуу камсыздандырылды. Калк арасында түшүндүрүү жараяны ого бетер күчөтүлүп, а түгүл ынандыруу аракетибиз дагы абдан активдештирилди.

  • Айтмакчы, “Социалдык контракт” мамлекеттик программасы

элетте өзүн-өзү актачудайбы?

  • Биздин айыл өкмөтүбүздө 39 жөлөк пул алуучу менен “Социалдык

контракт” түзүлгөн. Булардын ар бирине ишкердигин ийгиликтүү жүргүзүү максатында 100 миң сомдон кайтарымсыз грант таратылды. Ушулардын арасынан бирөө тамак-аш, экинчиси кийим-кече соодалоо, 37си мал-кал көбөйтүү жаатында бизнес-план жазышып, ошондон кийин гана колдоруна 100 миң сомдон карматтык. Албетте, адепки жыйынтыгы, чынында, жаман эмес! Ушул тейде кетишсе, булар каржылык кризистен тез жана дагы опоңой гана кутулушат!

  • Баарыңыздар таза суу ичип эле жыргап калгандырсыздар?
  • Ушул тапта калкыбыздын дээрлик 70 пайызы таза суу ичишет десем

мен эч жаңылышпаймын! Албетте, жердештерибиздин 30 пайызы дагыле ичилүүчү таза сууга абдан эле зар! Ошондуктан, биз ушул тапта Дүйнөлүк жана дагы Ата Мекендик донорлор менен дагыле абдан активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келатабыз.

  • Ал эми акыр-чикирлерден деги кантип арылып жатасыздар?
  • Айыл өкмөтбүздүн курамында “Тазалык” муниципалдык ишканасын

ачкан элек. Ош облусунун өнүкүтүрүү Фондуна атайын долбоор жазып, анан бул демилгебиз акыры колдоо таап, таштанды жүктөгөн эки техника сатып алганбыз. Булар азыр өз максатында гана пайдаланылып жаткан маалы.

  • Аватбек мырза, биз билгенден өзү Жазы өрөөнүнө кыш эртелеп

түшүп, анан дагы узакка гана созулуп, кашайып ызгаар деле катаал өкүм сүрчү эле?

  • Ооба! Ошону үчүн айыл өкмөтүбүзгө караштуу билим берүү

мекемелерине кышка толук жеткидей 467 тонна көмүр ташылып, баарына тең таратылды. Ушул тапта Жазыда эки көмүр базасы дагыле туруктуу иштеп, жергиликтүү тургундарды дагы “кара алтын” менен үзгүлтүксүз камсыздап жатат. Ал эми турмуш-шарты өтө эле начар 110 үй-бүлөгө 55 тонна көмүр соопчулук иретинде бекер эле таратылды.

МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ

          Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Жазы айыл өкмөтү Жээренчи, Кызыл-Дыйкан, Жазы жана Кара-Дыйкан кыштактарынан куралган. Аталган Аймакта 4 орто мектеп, 5 бала бакча, жалгыз маданият үйү, 2 китепкана, 3 ФАП, жалгыз үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, бир оорукана, жалгыз кичинекей футбол аянтчасы, 2 спорт зал калкка түрдүү кызматтарды көрсөтүп келатат.

          Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17