Аймак

Каныбек БААТЫРОВ: “АТАМДЫ КӨРГӨН ӨЛБӨСҮН!

Каныбек БААТЫРОВ: “АТАМДЫ КӨРГӨН ӨЛБӨСҮН!

 2,091 Бардыгы /

Эл эмгектен эскерсин!

                              Аалы ТОКОМБАЕВ,

                              Кыргыз Эл акыны.

          Биздин бул жолку маектешибиз Каныбек БААТЫРОВ – тээ Союз мезгилиндеги новатор уюштуруучу, легендарлуу чарба жетекчиси Мариш БААТЫРОВдун уулу. Ошондуктан, атасынын жолун жолдоп, көптөгөн жылдардан бери Кара-Кулжа районундагы бир катар айыл өкмөттөрүн жемиштүү гана башкарып келатат.

-Каныбек мырза, Сиз акыркы жылдарда Кара-Кулжа

райондук мамлекеттик акимчилгинде эң жооптуу кызматты аркалачуусуз. Анан эмнеге жылкы теппей, жылаан чакпай, Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчылыгына макулдугуңузду бердиңиз? Анткени, мурун деле ушул райондогу Ылай-Талаа Айыл Өкмөтүнүн башчысы сыңары көп жылдар бою иштебедиңиз беле?

Айтканыңыз туптуура! Кара-Кулжа районуна караштуу Ылай-

Талаа айыл өкмөтүн дээрлик 17 жыл бою жетектепмин. Артымда жакшы из – мыкты иштеримди гана калтырдым. Бирок, бир дагы жаман сөз ээрчиткен жокмун! Азыр деле ылай-талаалыктардын жамандык-жакшылыктарына такай эле катышып турам.

-Атаңыз Союз маалында эле Совет (азыркы Кара-Кулжа)

районундагы эң бай Карл Маркс колхозун (азыркы Ылай-Талаа Айыл Өкмөтүн) көп жылдар бою абийирдүү гана жетектеген. Эми Сиз а кишинин чапкан жолун татыктуу уланта алаар бекенсиз?

Ооба! Кара-Кулжа районунун акими Дамир Кулубаев

үстүбүздөгү жылдын 7-февралында мени өзүгө чакырып, экөөбүз көпкө дейре ачык-айкын аңгемелештик. Анан ал менин мойнума абдан чоң жоопкерчиликти жүктөп, Кара-Кулжа Айыл Өкмөтүнүн башычлыгына дароо дайындады.

-А район борборунун – Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн

ушугездеги социалдык-экономикалык акыбалы деги кантти экен?

-Өзүңүз абдан жакшы билесиз. Кара-Кулжа Айыл Өкмөтү дагыле

мамлекеттик дотацияда олтурат экен. Мен ушуга таптакыр макул эмесмин! Андыктан, эмдиги жылдан тартып дотациядан биротоло бошонуунун эмитен эле камын жеп жатабыз. Муну үчүн Дүйнөлүк жана Ата Мекендик донор уюмдар менен ийиндеше иштешүүнү абдан активдештирдик.

Маселен, “Социалдык контракт” мамлекеттик программасына 49 үй-бүлө тартылган. Булардын ар бирине 100 миң сомдон таратканбыз. Бирөө тигүү цехин ишке чегерди. А экинчиси машинаны оңдоп-түзөөчү атайын жай ачты. Ал эми калгандары мал чарбачылыгын күтүшүп, андан ары өркүндөтүүгө бекем ыкташты.

Тартип бекем жерди сөзсүз ийгилик жылоолойт. Ошондуктан айыл өкмөтүбүздүн аймагындагы мектептерге жана бала бакчаларга 130 даана видеокөзөмөл орноттук. Натыйжада бейбаштык жана дагы ушундай мыйзамсыз жоруктар дээрлик тыйылды.

Айыл өкмөтүбүздүн жана дагы айылдык кеңештин жылытуу системасы акыры пайдаланууга тапшырылды. Ал эми Жапониянын COICA  уюму Токтогул атындагы орто мектепте заманбап ашкана куруп жатат. Ал бүткөрүлсө, окуучулар жана мугалимдер үчүн даңгал тамактанууга ыңгайлуу шарттар жаратылмакчы. Ушул эле уюм Сейил балдар бакчасын 15 даана эки кабаттуу керебет, жууркан-төшөк, палас жана тумбочка менен камсыз этти.

-Кара-Кулжа айыл өкмөтүндө үй – турак жай салуу үчүн жер

тилкесине кезекке тургандар деле бардыр?

-Абдан көп! Баары тең заман талабына жараша тизмектелген.

Тилекке каршы, биздин аймагыбызда үй салуу үчүн жер тилкеси өтө эле тартыш. Ошону үчүн биз Донор уюмдар менен сүйлөшүп, өз ара тил табышып, Кара-Кулжада деле көп кабаттуу үйлөрдү курганга абдан кызыкдарбыз! Минткенибизде бир катар социалдык   маселелер катары менен өзүнөн өзү чечилээр эле. Мисалы, көп кабатуту үйлөр менен кошо бала бакча, мектеп, эс алуу аянтчалары дагы курулуп, канализация дагы орнотулмакчы.

Каныбек мырза, Сиздин атаңыз Мариш абам Баатыров тээ

Союз маалында Совет (азыркы Кара-Кулжа) районундагы эң эле бай Карл Маркс колхозун (азыркы Ылай-Талаа айыл өкмөтүн) ийгиликтүү жетектеп, мамлекеттик эң жогорку сыйлыкты – Ленин орденин төшүнө тагынган. Эми Сиз деле адал иштеп, ушундай эле даражага жетсем дегенде эки көзүңүз төрт болуп жаткандыр?

Кыргыздар бекеринен айтышпайт. “Атам өлсө өлсүн, Атамды

көргөн өлбөсүн!” деп. А кишинин жердештери гана эмес мүлдө Кыргыз атамды дагыле эскерип туршат. Жакында кичи Мекенибизге эстелигин дагы тургузушту. Мен ушуга гана сыймыктанам жана каниет кылам!

          Албетте, “Мариштин уулу” деген эле сөз мен үчүн  өтө чоң сыймык! Ошол себептүү мен атамдын арбагын дайыма эш тутуп жана сыйлап, аны эч качан уятка калтырбаганга гана сөзсүз аракет кыламын!

                       МАЕКТЕШ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

          Маектешибиз Каныбек БААТЫРОВ – үч бир туугандын эң кенжеси. Агасы Каныбек БААТЫРОВ көптөгөн жылдар бою Кыргыз Республикасынын Токой чарбасы жана жаратылышты коргоо агенттигинин Түштүк аймактык башкармалыгын ийгиликтүү жетектеген. Ушул тапта ардактуу эс алууда. Ал эми эжеси Гүлнара БААТЫРОВА – Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри.

          Кара-Кулжа районундагы Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы Каныбек БААТЫРОВ өмүрлүк жубайы Анаркүл ШЕРАЛИЕВА экөөлөп беш кызды тарбиялап, чоңойтушууда.

          Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17