Өлкө аймактары менен кубаттуу
АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
ЖАЛАЛ-АБАДДА КОНСТИТУЦИЯ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
БАӉГИ ЗАТ МЕНЕН АЛЕКТЕНГЕН ЖАРАН КАРМАЛДЫ
ЛЕЙЛЕКТЕ ЖОГОЛГОН АКЧА ЭЭСИНЕ КАЙТАРЫЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,699 Бардыгы / Кыргызстанда экинчи мөөнөттө иштеп жаткан айыл өкмөт башчылары саналуу гана. Дал ошондой мамлекеттик кызматкерлердин бири – Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Саттарали МИҢБАЕВ. Эң кызыгы: маектешибиз өмүр бою бир гана мекемеде үзгүлтүксүз эмгектенип келатат. -Саттарали мырза, билимиңиз жогорку экен. А дипломдогу кесибиңиз эмне? -Экологмун. -Анан Сиз адистигиңиз боюнча таптакыр […]
1,700 Бардыгы / Кыргызстанда экинчи мөөнөттө иштеп жаткан айыл өкмөт башчылары саналуу гана. Дал ошондой мамлекеттик кызматкерлердин бири – Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Саттарали МИҢБАЕВ. Эң кызыгы: маектешибиз өмүр бою бир гана мекемеде үзгүлтүксүз эмгектенип келатат. -Саттарали мырза, билимиңиз жогорку экен. А дипломдогу кесибиңиз эмне? -Экологмун. -Анан Сиз адистигиңиз боюнча таптакыр […]
Саттарали МИҢБАЕВ: “КӨК-ЖАРДАН АГАРЫП-КӨГӨРДҮМ!”
22.01.2024 / Автор anarkan_kg1,701 Бардыгы /
Кыргызстанда экинчи мөөнөттө иштеп жаткан айыл өкмөт башчылары саналуу гана. Дал ошондой мамлекеттик кызматкерлердин бири – Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Саттарали МИҢБАЕВ. Эң кызыгы: маектешибиз өмүр бою бир гана мекемеде үзгүлтүксүз эмгектенип келатат.
-Саттарали мырза, билимиңиз жогорку экен. А дипломдогу кесибиңиз эмне?
-Экологмун.
-Анан Сиз адистигиңиз боюнча таптакыр иштебедиңизби?
-Ооба. Анткени адегенде жети жыл бою Ноокат районундагы Көк-Жар айыл өкмөтүндө айдоочулук кесипти аркаладым. Анан Сарыканды айылынын башчылыгына дайындашты. Кийинчерээк жер маселелелери боюнча адистештим. 2017-2021-жылдарда Көк-Жар айылдык кеңешинин депутаттары мени өздөрү айыл өкмөт башчылыгына төрт жылга шайлашты. 2021-жылы мөөнөтүм бүткөндө дагы кайрадан ишеним көрсөтүшүп, төрт жылга иштегенге жалпы добуш беришти. Демек, жаман иштебепмин. Эл – тараза. Болбосо, мендей экинчи мөөнөткө шайлангандар Ноокат районунда эле эмес Ош облусундагы дагы дээрлик сейрек.
-Ушул тапта кайсыл олуттуу маселелер куп гана кендириңиздерди кесип, анан дагы башыңыздарды ашкере оорутуп жаткан чагы?
-Калкыбыз жыл өткөн сайын көбөйүп гана баратат. Ага жараша үй-бүлөлөрдүн саны дагы абдан эле арбыды. Демек, азыр турак жай курганга жер тартыш! Ушул тапта бизде жер тилкесин алууга 1200 адам кезекте турушат. Жакында Кыргыз Өкмөтү биздин аймагыбызда 180 гектар аянтты трансформациялаганга уруксат этти. Буюрса, аталган пролбемалардан дагы бара-бара толук бойдон кутулмакчыбыз.
Мындан тышкары 1996-жылдан бери ээнбаштык менен жер тилкелерин ээлеп алышып, мыйзамсыз курулган турак жайларга Кыргыз Өкмөтү мунапыс жарыялабадыбы. Мындайлардан албетте, биз деле куру эмеспиз. Буларга – бизге кайрылгандарга мыйзам чегинде мамлекеттик акт – кызыл китеп жасап берип жатабыз.
-Президент Садыр Жапаровдун Аймактык жана административдик реформасына ылайык Ноокат районундагы Көк-Жар жана Найман айыл өкмөттөрү өз ара бириктирилип, ушуга улай Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн Он-Эки-Мойнок, Он-Эки-Бел¸ Нарай, Мырза-Найман кыштактары дагы Сиздерге кошулуп олтурат. Мунун деги зарылчылыгы бар беле?
-Сиз эсептеген айылдар, биринчиден, тээтигил Совет доорунда бир эле совхоз (чарба) элек. Демек, булардын кайрадан бизге кошулушу олуттуу түйшүк деле жаратпайт! Экинчиден, социалдык-экономикалык жактан ыкчам өнүгүп, а түгүл Көк-Жар айыл өкмөтү жакынкы жылдарда абдан кооз шаарчага дагы айланат деген терең ишеничтемин!
-Акыркы маалыматтарга караганда, Сиздер акыры дотациядан бошонупсуздур го?
-Ооба. Биз жамбаштап жатпастан, тынымсыз изденип атып, Көк-Жар көмүр кенин ачтык. Кыш заводун дагы жумушка түшүрдүк. 160 орундуу тигүү цехи бош кыз-келиндерибизди туруктуу айлыкка олтургузду. Ушинтип биз дотациядан биротоло кутулмак түгүл, өнөр жайыбызды мындан ары ого бетер тынымсыз өйдөлөтүүгө гана бекем ыктадык…
-Бүгүнкү Аймактык жана административдик реформадан улам Сизде деле “Жылуу-жумшак ордумдан бир күнү ажырап калбайымбы?” деген кооптонуу жок бекен?
-Мен Көк-Жар айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан экинчи мөөнөткө – 2025-жылдын акырына дейре шайлангамын. Бул мыйзам актысы дагыле өз күчүндө. Алишер мырза, мен ошондо өзүм эле ардактуу эс алууга сый-урматым менен кетемин!
-Саттарали мырза, Сиз Ооганстандагы согушка дагы катышкан турбайсызбы, Мээнеткечтигиңиз жана абдан көктүгүңүз дал ошондон өндөнөт?
-Ооба. Мен деле эр жеткен чагымда мекенибиздин – ошогездеги Союздун, СССРдин тапшырмасына ылайык согуш кызыган Ооганстанда интернационалдык парызымды өтөгөнмүн. Ооганстандын бир мамлекеттик ордени, ал эми Советтер Союзунун “За отвагу” жана “Кызыл Жылдыз” ордендери менен дагы сыйлангамын. Мамлекетибиз биздин эрдигибизди убагында дал ушинтип калыс баалаган.
Кепке таркан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
17.07.2023 / Автор anarkan_kg БАТКЕНДИ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ МААЛЫНДА АК-САЙДА ҮЙ КУРГАН ИШКЕР КАРМАЛДЫ
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg ЭАУда АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТКӨРҮЛДҮ
-
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
-
-
-
31.05.2023 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАДДА АВТОУНАА АЙДАЙ КАЧКАН 23 ЖАШТАГЫ ЖАРАН КАРМАЛДЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.