Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
3,577 Бардыгы / Дүйнөдө баалуу нерселер өтө көп. Мисалы: дүнүйө-мүлк, кесип жана башкалар. Бирок, баарынан дагы эң кымбаты – бул убакыт! Ал – учкан куш. Кайтып келбейт. Ким У ЖУНГ, DAEWOO компаниясынын негиздөөчүсү Ош облусундагы эле эмес жалпы Кыргызстандагы айылдык кеңештин депутаттары тарабынан экинчи мөөнөткө шайланган айыл өкмөт башчылары өтө гана сейрек. Булардын бири […]
3,578 Бардыгы / Дүйнөдө баалуу нерселер өтө көп. Мисалы: дүнүйө-мүлк, кесип жана башкалар. Бирок, баарынан дагы эң кымбаты – бул убакыт! Ал – учкан куш. Кайтып келбейт. Ким У ЖУНГ, DAEWOO компаниясынын негиздөөчүсү Ош облусундагы эле эмес жалпы Кыргызстандагы айылдык кеңештин депутаттары тарабынан экинчи мөөнөткө шайланган айыл өкмөт башчылары өтө гана сейрек. Булардын бири […]
Адылбек ЭШМАТОВ: “АТА ЖУРТ КЫЙЫН К/НГӨ КАБЫЛГАНДА, АЙЛАНСЫН АР БИР УУЛУҢ ЧАГЫЛГАНГА!”
05.02.2024 / Автор anarkan_kg3,579 Бардыгы /
Дүйнөдө баалуу нерселер өтө көп. Мисалы: дүнүйө-мүлк, кесип жана башкалар. Бирок, баарынан дагы эң кымбаты – бул убакыт! Ал – учкан куш. Кайтып келбейт.
Ким У ЖУНГ,
DAEWOO компаниясынын негиздөөчүсү
Ош облусундагы эле эмес жалпы Кыргызстандагы айылдык кеңештин депутаттары тарабынан экинчи мөөнөткө шайланган айыл өкмөт башчылары өтө гана сейрек. Булардын бири – Ноокат районундагы Төөлөс айыл өкмөтүнүн башчысы Адылбек ЭШМАТОВ. Бул жергиликтүү жетекчи кабарчыбызга курган маегинде мекендештерин бүгүнкү Кыргыз бийлигин жөнсүз эле ашкере сындай бербестен, анын ордуна учурдагы катаал сыноого адекваттуу туруштук берүү үчүн өз ара биригүүгө чакырды.
-Адылбек мырза, Сиз уникалдуу айыл өкмөт башчысысыз!
– Түшүнбөдүм. Бул эмне дегениңиз?
– Сизге окшоп айылдык кеңеш депутаттары тарабынан экинчи мөөнөткө шайланган айыл өкмөт бышчылары, чындыгында, Кыргызстанда сейрек!
– Ооба! Мени Ноокат районундагы Төөлөс айылдык кеңешинин депутаттары адегенде төрт жылга ишеним көрсөтүп бир добуштан шайлашкан. Мен дагы аларды уят кылган жокмун! Эч камчы салдырбастан, өжөрлөнүп гана таптаза иштедим. Анан кийин дагы экинчи мөөнөткө шайлашты. Менин бул мөөнөтүм, куда кааласа, эмдиги 2025-жылы аяктайт.
–Өмүрдүн булагы – суу. Демек, Сиздер таза сууга жарыдыңыздарбы?
-Мен бул кызматка адеп шайланганымда калкыбыздын 45 пайызы гана таза суу ичишчүү. А бүгүн, Кудайга миң мертебе шүгүр, жердештеримдин дээрлик 85 пайызы ичилүүчү нукура сууга дээрлик жарып калышты. Аман турсак, калгандарынын дагы бул маселесин сөзсүз жайгармакчыбыз.
–Канеткен күндө дагы, бардык маселелердин чечилиши акчадан көз каранды эмеспи. Дегеним, бюжетиңиздер көбөйдүбү?
-Жергиликтүү бюжетибиз өткөн 2023-жылы 41 миллион 53 миң сомго мерчемделген эле. Бирок, анын аткарылышы дээрлик 43 миллион 963,3 миң сомду түзүп олтурат. Демек, 2 миллион 909,5 миң сом пландан ашыкча акча таптык. Бул тенденция 2022-жылга салыштырганда, жергиликтүү бюджетибиз 7 миллион 917,8 миң сомго ашыкча аткарылды дегенди туюндурат. Ошентип, байкалаарлык жылыштар бар.
–Жаздын камын кышта көргөн жакшы эмеспи?
-Ооба! Көрбөдүңүзбү. Биз жаздын камын эмитен эле көргөнгө абдан катуу кириштик. Дыйкандарыбыз 45 чакырым ички каналдарыбызды жана арыктарыбызды бүт тазалашты. Муркут айылынын Суу-Коробос бөлүмүндөгү 1 гектар аятка фермерибиз Пайзилла Асанов 40 миң сом сарптап, тамчылатып сугарууну кийирди. Ирригациялык иштерге Айыл Өкмөтүбүздүн бюжетинен 270 миң сом ажыраттык. Түштүк Аймактык гидрогеологиялык чалгындоо экспедиясы 2 миллион сомго Жайылма айылындагы пайдаланылбай жаткан Нашвант № 211043- жана № 2697- суу скважиналарын калбына келтирип, акыры ишке киргиздик.
–Кыргызстандагы айыл-кыштактар деле заман талабына жараша ыкчам цилизациялашып жатпайбы. Бирок, акыр-чикирлер экологиябызды бузуп, а түгүл калкыбыздын саламатчылыгына дагы олуттуу коркунуч туудуруп атпады бекен?
-Албетте! Заманбап көчтөн калышпастан биздин айылдарыбыз деле цивилизацияга бара-бара ылайыкташып гана баратат. Маселен, айыл өкмөттөрүбүздүн таштандыларын топтоо максатында Меркит жана Додон айылдарынын Адыр бөлүмдөрүндөгү 2 гектар жер толук бойдон трансформацияланды. Ушул аймакка гана акыр-чикирлерибизди жеткирип төгүп келатабыз.
– Төөлөс айыл өкмөтүндө деле ээнбаштык менен жер тилкелерин ээлешип, үй салгандар бардыр?
– Ананчы! Бир булардын бааарын тең акыры такташтырдык. Бизде деле мындай ээнбаштардын 200 чактысы аныкталды. Президентибиз Садыр Жапаровдун «Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларынын алдын алуу жана болтурбоо жөнүндө» Жарлыгына ылайык дал ошол 200 үй-бүлөнүн 135ине Мамлекеттик Акт – Кызыл китеп жазылып берилди. Эми дагы 65ине документ белендеп жатабыз.
–Адылбек мырза, Сиздин деле бул турмушта тутунган принцибиңиз же урааныңыз бардыр?
–Жашырып не. Ушул тапта Кыргыз Республикасы абдан оор сыноолорду башынан кечирип жаткан чагы. Ошентсе дагы, чачылгандар жыйналып, бүлүнгөндөр бүтөлүп атат. Мында, албетте, президентибиз Садыр Жапаровдун мээнети абдан чоң!
Ошондуктан мен айрыкча мекендеш мырзаларга моминтип кайрылгым келет.
Ата Журт кыйын күнгө кабылганда.
Айлансын ар бир уулуң чагылганга!
Ошондо гана биз чукул арада оңолобуз, түзөлөбүз жана андан ары сөзсүз өркүндөйбүз!
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
19.11.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДА 9 АЙДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ БОЮНЧА ОБЛУСТУК КОЛЛЕГИЯ ӨТТҮ
-
19.01.2026 / Автор anarkan_kg БАРДЫК КҮРӨӨКАНАЛАРДЫН ИШИ ТЕКШЕРҮҮГӨ АЛЫНАТ
-
09.02.2026 / Автор anarkan_kg ӨЗГӨНДӨГҮ АЛАМАН УЛАКТАН КИЙИН НИЯЗОВГО 5500 СОМ АЙЫП САЛЫНДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.