Өлкө аймактары менен кубаттуу
БИШКЕКТЕ III ЭЛДИК КУРУЛТАЙ БАШТАЛДЫ
КЫРГЫЗ ЭНЕРГЕТИКАСЫНА 90 ЖЫЛ
АСКЕР ПРОКУРОРУНУН КЕҢЕШМЕСИ ӨТТҮ
ЖЕТИМ БАЛДАР ЖЕР ТИЛКЕСИНЕ ЭЭ БОЛУШТУ
ТОГУЗ-ТОРОДО ЖАҢЫ КИТЕПКАНА АЧЫЛДЫ
- ticket title
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
1 Бардыгы / Ош облусуна караштуу Ноокат райондук электр тармактары ишканасы бир эле мезгилде аталган аймакты гана эмес ошого улай Кара-Суу районундагы Папан Айыл Өкмөтүн бүт, ал эми Араван районундагы Керме-Тоо Айыл Өкмөтүнө караштуу Чөгөм, Ак-Талаа, Кызыл-Шоро, Сары-Могол жана Торпу айылдарын кошо тейлеп келатат. Быйылкы каардуу кыш нооокаттык энергетикердин түмөн түйшүгүн ошо бетер көбөйтүп олтурат. […]
2 Бардыгы / Ош облусуна караштуу Ноокат райондук электр тармактары ишканасы бир эле мезгилде аталган аймакты гана эмес ошого улай Кара-Суу районундагы Папан Айыл Өкмөтүн бүт, ал эми Араван районундагы Керме-Тоо Айыл Өкмөтүнө караштуу Чөгөм, Ак-Талаа, Кызыл-Шоро, Сары-Могол жана Торпу айылдарын кошо тейлеп келатат. Быйылкы каардуу кыш нооокаттык энергетикердин түмөн түйшүгүн ошо бетер көбөйтүп олтурат. […]
Уланбек МЫРЗАМУДИН уулу: “АТАМДЫ КӨРГӨН ӨЛБӨСҮН!
20.12.2024 / Автор anarkan_kg3 Бардыгы /
Ош облусуна караштуу Ноокат райондук электр тармактары ишканасы бир эле мезгилде аталган аймакты гана эмес ошого улай Кара-Суу районундагы Папан Айыл Өкмөтүн бүт, ал эми Араван районундагы Керме-Тоо Айыл Өкмөтүнө караштуу Чөгөм, Ак-Талаа, Кызыл-Шоро, Сары-Могол жана Торпу айылдарын кошо тейлеп келатат. Быйылкы каардуу кыш нооокаттык энергетикердин түмөн түйшүгүн ошо бетер көбөйтүп олтурат. Ушундай шартта Ноокат райондук электр тармактары ишканасынын жетекчиси Уланбек МЫРЗАМУДИН уулун жумуш үстүнөн таап, ай-буга келтирбестен дароо эле капы-тапыл кепке тарттык.
- Уланбек мырза, Сиз жетектеген Ноокат райондук
электр тармактары ишканасы жалпы жонунан канчалаган кардарларды үзгүлтүксүз тейлеп келатасыздар?
- Ушул тапта жалпы жонунан 51 миң кардар биздин
кызматыбыздан, мандайча айтканда, Ноокат райондук электр тармактары ишканасына караштуу электр энергиясынан үзгүлтүксүз пайдаланып келаташат. Булардан тышкары 40 чакты мекеме-ишкана дагы биздин электр кубатыбыз менен тынымсыз камсыз этилип турат.
- Баса, керектөөчүлөрүңүздөр жылдын башка мезгилине
салыштырганда, электр энергиясын кышындасы көбүрөөк урунуп жатышкандыр?
- Ооба! Туптуура баамдапсыз. Былтыр керектөөчүлөрүбүз
жыл бою 1 миллион 312 миң киловатт электр энергиясын жагышкан эле. Ал эми быйыл жыл али аяктай электе эле 1 миллион 537 миң киловатт “Ильич шамы” жагылды
- Анан дагы Ноокат жергесинде траснформаторлор
жетиштүү эледир?
- Кудайга шүгүр. Районубуз боюнча 1600 трасформатор бар.
Мунун 961и гана биздин ишканабызга түздөн-түз карайт. Ал эми калгандары Айыл Өкмөттөрүнө, ошондой эле мекеме-ишканалдарга таандык. Бирок, баардыгын тең биз үзгүлтүксүз көзөмөлдөп, анан дагы техникалык жактан тейлеп турабыз.
- Санариптештирүүнүн пайдасы деле тийгендир?
- Ананчы! Оңуп эле калдык десем эч жаңылышпаймын.
Анткени,, чынын айтканда, кардарларыбыз электр жарыгын пайдаланган акысын “Мой свет” тиркемеси аркылуу эле өз үйүндө, өлөң төшөгүндө олтуруп алышып эле биздин ишканабызга которуп коюп жатышпайбы. Анан дагы төлөнгөндүгүн тастыктаган квитенциясы ээсине дароо гана жөнөтүлөт. Иши кылып мурункудай жаман көрүнүп, эшигин каккылап тил угуп, акча доолагандан биротоло кутулдук, эй!
Заман таалабына жараша тармагыбыз бүтүндөй санариптештирилди. Маселен, Төрөбай Кулатов атындагы Айыл Өкмөтүндө дагы 7 миллион 100 мий сом коротуп, өзүнчө жапжаңы имарат курулуп жаткан чагы. Эгерде ал пайдаланууга тапшырылса, биздин азыркы түйшүгүбүз мындан дагы жеңилдейт.
- Айтмакчы, электр энергисын керектөөчүлөр –
кардарларыңыздар азайдыбы, же бара-бара калыңдадыбы?
- Тескерисинче, кардарларыбыз – электр энегиясын
керектөөчүлөр жыл өткөн сайын улам көбөйүп гана баратат. Мындайча ацтканда, ыраса активдешти. Анткени, үйлөр бүт Европа стилинде – үлгүсүндө салынып, анан дагы тынымсыз жылытылып деле жатпайбы. Мындан тышкары Ноокатта деле улам жаңы конуштар пайда болуп баратат. Булар үчүн дагы чубалгылар түйүнү тартылып, жапжаңы транформаторлор орнотулуп жатат.
- Уланбек мырза, биздин билишибизче, Сиз өзү
энергетиктердин династиясынан экенсиз?
- Ооба. Жаңылышкан жоксуз! Атам Мырзамидин
Мамасадыков 1993-жылдын 13-декарбынан тартып 1995-жылдын 23-октябрына дейре шартта Ноокат райондук электр тармактары ишканасын абдан ийгиликтүү жетектеген. Кесиптештери атамдын мээнеткечтигин, калыстыгын, камкордугун жана мекенчилдигин эмдигиче абдан жылуу эскеришет. Ошондуктан, “АТАМДЫ КӨРГӨН ӨЛБӨС/Н!” дегим келет. Анан дагы өзүм деле атама тете, же андан артык уул болгоно аркет кылып келатам.
МАЕКТЕШ ЖӨН/НДӨ МААЛЫМАТ
Маектешибиз – Ош облусуна караштуу Ноокат райондук электр тармактары ишканасынын жетекчиси Уланбек МЫРЗАМУДИН уулу ОшТУнун энергетика факультетинин туңгуч бүтүрүүчүсү. Анын иштин көзүн билгендигинин натыйжасында аталган ишкана соңку кезде заманбап техникалар менен жабдылып жаткан чагы. Маселен, трактор, кран-манупиляртор жана сапааттуу электр чубалгылары такай калк кызматында.
Кепке тарткан Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
26.01.2024 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
20.12.2024 / Автор anarkan_kg Уланбек МЫРЗАМУДИН уулу: “АТАМДЫ КӨРГӨН ӨЛБӨСҮН!
-
20.12.2024 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ III ЭЛДИК КУРУЛТАЙ БАШТАЛДЫ
-
19.12.2024 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗ ЭНЕРГЕТИКАСЫНА 90 ЖЫЛ
-
-
06.12.2024 / Автор anarkan_kg ОШТО КӨМҮРДҮН БААСЫН АШЫРЫП СООДАЛАГАНДАРГА АЙЫП ПУЛ САЛЫНДЫ
-
Маек
Уланбек МЫРЗАМУДИН уулу: “АТАМДЫ КӨРГӨН ӨЛБӨСҮН!
Ош облусуна караштуу Ноокат райондук электр тармактары ишканасы бир…
-
06.12.2024 / Автор anarkan_kg Жумабай ТОКТОСУНОВ: “КАРА-КУЛЖА СУГАТ СУУГА ЗАР ЭМЕС!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.