Өлкө аймактары менен кубаттуу
БАТКЕН ЖЕРГЕСИНДЕ БЫЙЫЛ ҮЧ СТАДИОН КУРУЛАТ
- ticket title
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
4 Бардыгы / “Евразиялык интеграция бизге аралашып кетпөөгө жана дагы биротоло жок болуп кетпөөгө, азыркы цивилизацияда өз ордубузду гана табууга көмөктөшөт”. Чыңгыз АЙТМАТОВ, Кыргыз Эл жазуучусу Эсиңиздедир. Ош шаардык кеңешинин мурунку V чакырылышынын депутаттары калаа башчысы Бактыбек ЖЕТИГЕНОВго ишенбөөчүлүк көрсөтүшкөн эле. Ошондуктан Президент Садыр Жапаров аларды колдоп-кубаттоонун ордуна мөөнөтүнөн мурда таратып, жаңы шайлоо дайындаган. Эми жаңы […]
5 Бардыгы / “Евразиялык интеграция бизге аралашып кетпөөгө жана дагы биротоло жок болуп кетпөөгө, азыркы цивилизацияда өз ордубузду гана табууга көмөктөшөт”. Чыңгыз АЙТМАТОВ, Кыргыз Эл жазуучусу Эсиңиздедир. Ош шаардык кеңешинин мурунку V чакырылышынын депутаттары калаа башчысы Бактыбек ЖЕТИГЕНОВго ишенбөөчүлүк көрсөтүшкөн эле. Ошондуктан Президент Садыр Жапаров аларды колдоп-кубаттоонун ордуна мөөнөтүнөн мурда таратып, жаңы шайлоо дайындаган. Эми жаңы […]
Болотбек БАЕТОВ: “ЕВРОПА КЕП ЭМЕС. ЖАҢЫ КЫРГЫЗСТАН ЭМИ ӨНҮГӨТ!”
22.01.2025 / Автор anarkan_kg6 Бардыгы /
“Евразиялык интеграция бизге аралашып кетпөөгө жана дагы биротоло жок болуп кетпөөгө, азыркы цивилизацияда өз ордубузду гана табууга көмөктөшөт”.
Чыңгыз АЙТМАТОВ, Кыргыз Эл жазуучусу
Эсиңиздедир. Ош шаардык кеңешинин мурунку V чакырылышынын депутаттары калаа башчысы Бактыбек ЖЕТИГЕНОВго ишенбөөчүлүк көрсөтүшкөн эле. Ошондуктан Президент Садыр Жапаров аларды колдоп-кубаттоонун ордуна мөөнөтүнөн мурда таратып, жаңы шайлоо дайындаган. Эми жаңы жаңыдан шайланган VI чакырылыштын депутаттары чогулушуп, өздөрүнө төрага шайлашты. Мындан ары мэр Бактыбек ЖЕТИГЕНОВ өз ордунда эле калабы? Анан дагы Кыргызстандын Түштүк башкалаасы деги ыштан-түтүндөн качан арылат? Социалдык обьектилер неге улам кыскарып баратат? Кабарчыбыздын дал ушул өңүттөгү суроолоруна Ош шаардык Кеңешинин жаңыдан шайланган төрагасы Болотбек БАЕТОВ ачык-айкын жооп кайтарды.
- Болотбек мырза, адегенде жаңы кызматыңыз кут
болсун! Жооптуу жумушуңузду мындан ары жалаң гана ийгиликтер жылоолосун!
- Куттуктооңузга абдан чооооң ыракмат! Ылайым
жакшылыктарыбыз дайым чогуу болсун!
Дегиңкиси Ош шаардык Кеңешинин VI
чакырылышынын депутаттары кайсыл партиялардан куралды экен?
Жалпыга маалым. Ош шаардык кеңешинин мурунку V
чакырылышынын 45 депутаты бар эле. Өлкөбүздө абдан кызуу жүрүп жаткан аймактык-административдик реформанын негизинде Кыргызстандын Түштүк башкалаасына Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак, Төлөйкөн айыл өкмөттөрү, Нариман айыл өкмөтүнүн Жаңы-Маала, Жим, Жийделик, Шарк Айыл Өкмөтүнүн Имам-Ата жана Папан айыл өкмөтүнүн төрт кыштагы кошулбадыбы. Ошол себептүү Ош шаардык кеңешинин депутаттарынын саны дагы дээрлик 6 адамга көбөйдү. Жалпы жонунан 51 депутаттан куралып олтурабыз.
- Эсиңиздедир. “Жаңы Кыргызстан” партиясын
Курманбек Бакиев президент кезинде анын администрациясын жетектеген Үсөн Сыдыков негиздеген. Ал эми азыр анын уулу – Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Сыдыков башкарат. Дегиңкиси Сиз бул саясий уюмга кантип кошулуп калдыңыз, ыя?
- Ооба. “Жаңы Кыргызстан” партиясын көрүнүктүү
мамлекеттик ишмер Үсөн Сыдыков негиздеген. Ошондон бери бул саясий уюм катаал сыноолорду башынан кечирди. Акырында биротоло такшалды. Өлкөбүздөгү азыркы саналуу жана салмактуу саясий уюмга айланды. Ошондуктан мен деле ушул көзүр уюмдун катарын толуктап олтурам.
- Айып этпесеңиз, ачыгын айтыңызчы? Сизди Ош
шаардык кеңешинин төрагалыгына деги ким сунуш этти жана сүрөдү? Эмнеге?
- Айтмакчы, “Жаңы Кыргызстан” партиясынын – 22, ал эми
“Ынтымак” партиясынын – 10 депутаты биригип, жалпысынан 51 депутаттын басымдуулугу – 32си коалиция түзүшүп, мени Ош шаардык Кеңешинин төарагалыгына сунуш этишти жана катуу сүрөштү. Мен деле ыккка көнүп, баш тарткан жокмун! Ошентип, көпчүлүк добуш менен Ош шаар Кеңешинин спикерлгине щайлашты.
Ал эми “Мурас” партиясынын – 8, “Бирбол” партиясынын – 4, “Милдет партиясынын – 8, жалпысынан 22 депутат оппозициялык блокту түзүштү.
Учурдан пайдаланып айтып коеюнчу: Мен деле Асмандан түшкөн жерим жок! Эң башкысы: Ош шаардык кеңеши – өкүлчүлүктүү жана мыйзам чыгаруучу орган. Демек, менин жогорку юридикалык билимим бар. Ош мамлекеттик юридикалык институтун бүтүргөмүн. Андан соң сот жана адвокатура органдарында, ошондой эле жеке юрист сыңары эмгектендим. Айтор, бул жаатта жетишээрлик тажрыйбам дагы бар.
- Жалпыга маалым. Ош шаардык кеңешинин мурунку V
чакырылышынын депутаттарынын басымдуулугу – дээрлик 50 пайыздан ашууну азыркы мэр Бактыбек Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөтүшпөдү беле. Ошону үчүн президент Садыр Жапаров Ош шаардык кеңешинин V чакылышынын депутаттарын таратып тынган. Эми Жаңы VI чакырылыштын депутаттары кантесиздер?
– Ошондо Ош шаарынын мэри Бактыбек Жетигеновко ишенбөөчүлүк көрсөтүшкөн 38 депутаттын арасында мен дагы бар элем. Анткени, агезде Ош шаардык Кеңешинин депутаттыгына мен Ата-Журт партиясынан шайлангамын.
Ал эми азыр Ош шаардык Кеңешинин депутаттыгына башка «Жаңы Кыргызстан» партиясынан шайланып олтурам. Жеке амбицияларыбызды жыйыштырып, мэр Бактыбек Жетигенов менен ийиндеше иштешип жатамын. Анткени, жалпы – мамлекеттик кызыкчылыктар үчүн өз ара кызматташуубузду ого бетер активдештирдик. Анын үстүнө президентибиз Садыр Жапаровдун көп векторлуу (ар кырдуу) саясаты бизди – Ош шаарынын жетекчилигин ынмытмакчылыкта гана иштегенге милдеттендирип, ошондой эле шыктандырып жаткан чагы.
– Сиздин баамыңызда, ушул тапта кайсыл олуттуу көйгөйлөр Ош шаарынын кендирин куп гана кесип жатты экен? Деги булардан арылуунун деле аргасы табылгандыр?
– Өзүм деле бин канча жылдан бери Ош шаарында жашап жана эмгектенип келатам. Менин баамымда, Ош калаасын эң эле орчундуу эки көйгөй дагыле тооруп турат. Биринчиси: Кыргызстандын Түштүк башкалаасын соңку жылдарда ыш-түтүн кара таандай каптап баратат. Экинчиси: калаабызда социалдык обьектилер сейрек курулуп жатпайбы. Бул проблеманы жайгарууну кечеңдетпестен колго алуубуз кажет! Дал ошондо гана ушул тапта кендирибизди куп кескен башка көйгөлөрдөн, мисалы, турак жай, бала бакча, мектеп, жол, тыгын, оорукана, өнөр жай ишканалары өңдөнгөндөрдөн опоңой кутулабыз. Баары тең тегиз жайгарылат.
– Болотбек мырза, Сиз деле көрө-көрө – көсөм, сүйлөй-сүйлөй – чечен болосуз. Бара-бара толук кандуу такшаласыз. Акырында Жогорку Кеңешке депутат, аким-мэр, же Кыргыз Өкмөтүнүн мүчөсү – министр болоюн деген аруу тилегиңиз бардыр?
– Алишер мырза, бардыгы Кудайдын буйругуна гана жараша болот. Эң башкысы: Алла Талаам баарыбызга тең жакшы күндөрдү көбүрөөк насип этсин!
Албетте! Биз – Жаңы Кыргызстан Эгемендүүлүгүбүздү түптөгөндөн бери ар мамлекетти туурап, чындыгында, чачылып чарпылдык. Чайналып-чайпалдык. Көз тийбесин! Акыркы үч жыл аралагында өзүнчө жана туруктуу өнүгүү нугуна түшүп, стабилдүү оожалуу жолунда баратабыз. Демек, муну үчүн президентибиз Садыр Жапаровго миң мертебе ыракмат!
Баса айтайын: бул тейибизде биз суктанган Европа кеп эмес! Керек кезде алардан алдыга озуп, сөзсүз ыраатуу өнүгүп кетүү мүмкүнчүлүгүбүз ушул тапта дагыле жогору.
МАКТЕШ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ
Маектешибиз – Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Болотбек БАЕТОВ 35 жашта. Депутатка зарыл жогорку юридикалык билимдин ээси. Келинчеги Гүлзина экөөлөп эки уул, бир кызды заманбап тарбиялап келатышат.
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
27.02.2024 / Автор anarkan_kg КУРГАК УЧУКТУ ЭРТЕ АНЫКТАП, ДАРЫЛАСА, АЙЫГАТ!
-
01.02.2025 / Автор anarkan_kg Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
-
01.02.2025 / Автор anarkan_kg ӨРТ КЫРСЫГЫ БИР ҮЙДҮ ЖАЛМАДЫ
-
31.01.2025 / Автор anarkan_kg ЖӨӨ ЖҮРГҮНЧҮНҮ СҮЗҮП, ОКУЯ БОЛГОН ЖЕРДЕН КАЧЫП КЕТКЕН АЙДООЧУ КАРМАЛДЫ
-
21.08.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
29.08.2024 / Автор anarkan_kg УКУК КОРГОО ОРГАНДАРЫНЫН КООРДИНАЦИЯЛЫК КЕҢЕШМЕСИ ӨТТҮ
-
03.09.2024 / Автор anarkan_kg БИЛИМДҮҮ АДАМ КОР БОЛБОЙТ!
Маек
Темиржан КОЗУЕВ: “ДЕНИ САК УЛУТ – БАКУБАТ МАМЛЕКЕТ!”
“Өзгөн-Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору Темиржан КОЗУЕВ бош убактысында спорт менен…
-
28.01.2025 / Автор anarkan_kg Аскарбек АХМАТОВ: “АРАВАН ООЖАЛЫП БАРАТАТ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.