Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
4,882 Бардыгы / Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын сабына «Мекеним-Кыргызстан» саясий партиясынын мүчөсү Оенбек АБДРАХМАНОВ жаңыдан кошулду. Жаш эл өкүлүн мандат алып жатканда кепке тарттык. – Оенбек мырза, айып этпеңиз, бирок, Сиздердин партия жөнүндө окурмандарыбыз дээрлик билишпейт экен. Жаңы толкунга кантип кошулуп калдыңыздар? – Чынында эле «Мекеним-Кыргызстан» – өлкөбүздөгү жаңыдан түзүлгөн өтө жаш саясий уюм. […]
4,883 Бардыгы / Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын сабына «Мекеним-Кыргызстан» саясий партиясынын мүчөсү Оенбек АБДРАХМАНОВ жаңыдан кошулду. Жаш эл өкүлүн мандат алып жатканда кепке тарттык. – Оенбек мырза, айып этпеңиз, бирок, Сиздердин партия жөнүндө окурмандарыбыз дээрлик билишпейт экен. Жаңы толкунга кантип кошулуп калдыңыздар? – Чынында эле «Мекеним-Кыргызстан» – өлкөбүздөгү жаңыдан түзүлгөн өтө жаш саясий уюм. […]
ОЕНБЕК АБДРАХМАНОВ: «ОШ ШААРЫНА ИНВЕСТИЦИЯ ТАРТУУГА МЫКТЫ ШАРТТАР ЖАРАТЫЛГАН»
03.04.2018 / Автор aymak

4,884 Бардыгы /
Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын сабына «Мекеним-Кыргызстан» саясий партиясынын мүчөсү Оенбек АБДРАХМАНОВ жаңыдан кошулду. Жаш эл өкүлүн мандат алып жатканда кепке тарттык.
– Оенбек мырза, айып этпеңиз, бирок, Сиздердин партия жөнүндө окурмандарыбыз дээрлик билишпейт экен. Жаңы толкунга кантип кошулуп калдыңыздар?
– Чынында эле «Мекеним-Кыргызстан» – өлкөбүздөгү жаңыдан түзүлгөн өтө жаш саясий уюм. Ошого жараша катарыбыз дагы жалаң жаштардан куралган. Ошондуктан, саясий күрөштөр али алдыда. Бара-бара биз дагы такшалып, эл оозуна алынабыз деген терең ишеничтемин.
– Дегеле Ош шаарынын азыркы бюджетине ичиңиз чыктыбы?
– Ириде, бир нерсеге канааттануу – токтоп калуу менен барабар! Ошондуктан, мен минтип өзүмдү өзүм жооткотконго дегеле көнгөн эмесмин!
Ош шаарынын бюджетин азыркыдан бешбетер көбөйтүүбүз абзел! Анткени, калаабыздын керектөөсү бара-бара өсүп, ага жараша мүмкүнчүлүктөрү дагы улам кеңейип баратат. Мында биз ички жана тышкы инвестицияны тартууну кадимкидей жолго коюп, анан аларды барган сайын көбөйтүүбүз абзел! Муну үчүн инвесторлорго бир катар жеңилдиктерди дагы токтоосуз ыйгаруубуз зарыл! Инвестициялык климатты чукул арада жакшыртпасак, далайын үркүтөбүз. Анан бир качкандан кийин инвесторлор Ошко таптакыр жолобой коюшат.
– Оенбек мырза, балким, инвесторлордун Кыргызстандын түштүк башкалаасына таптакыр жолобой жатышына коррупция деген балакет дагы себепкер болуп жүрбөсүн?
– Жемкорлукка Президентибиз Сооронбай Жээнбеков аеосуз күрөш жарыялабадыбы. Бул саамалыкты жалпы коомчулук бүт жапырт кубатташыбыз абзел! Мисалы, мен билгенден Ош шаарында инвестия тартууга абдан жакшы шарттар жаратылган. Эски адатыбызга салып эми инвесторлорду чоочутуп жана качырып «шапке» сураганды токтотуу зарыл! Болбосо, көп мүмкүнчүлүктөн дагыле кол жууйбуз.
Ошондуктан, Ош шаардык Кеңешинин сессияларында биз дагы мындай талапты Ош шаарынын мэри Айтмамамат Кадырбаевге кабыргасынан катуу коюп жатабыз. Мындай аракетибиздин жыйынтыгы тээ күзгө барып билинет.
МАЕКТЕШ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ
Оенбек АБДРАХМАНОВ 36 жашта. Ош мамлекеттик университетинде экономикадан сабак берет. Экономика илиминин кандидаты. Ошондой эле эки уул, бир кыздын атасы.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз
Автор aymak
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдин БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ КАРМАЛДЫ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg «АРИЕТ» БОРБОРУНДА ОКУУЧУЛАРГА ДЕМ БЕРГЕН ЖОЛУГУШУУ КЕЧЕСИ ӨТТҮ
-
-
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg ИШТЕБЕГЕН ЖАРАНДАРГА МЫЙЗАМСЫЗ ЭМГЕК АКЫ ТӨЛӨНГӨНДҮГҮ АНЫКТАЛДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.