Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
3,047 Бардыгы / Мен өзү улуттук валюта – сом тууралуу маалымат издеп жатып, белгилүү коомдук ишмер Алманбет Матубраимовдун Ташкенттеги жеңил жана текстиль өнөр жай институтун окуп, бүтүргөнү тууралуу окуп калып, кайра ушул багытка кызыга кеттим. Ошентип, Алманбет Матубраимовубагында текстиль тармагында 20 жылдан ашуун иштеген жетекчи катары бул тармак боюнча азын-оолак кеп куруп берди. Совет учурунда окууну […]
3,048 Бардыгы / Мен өзү улуттук валюта – сом тууралуу маалымат издеп жатып, белгилүү коомдук ишмер Алманбет Матубраимовдун Ташкенттеги жеңил жана текстиль өнөр жай институтун окуп, бүтүргөнү тууралуу окуп калып, кайра ушул багытка кызыга кеттим. Ошентип, Алманбет Матубраимовубагында текстиль тармагында 20 жылдан ашуун иштеген жетекчи катары бул тармак боюнча азын-оолак кеп куруп берди. Совет учурунда окууну […]
АЛМАНБЕТ МАТУБРАИМОВ: “СОЮЗ УЧУРУНДАГЫДАЙ КУБАТТУУ ТЕКСТИЛЬ БОЛУШУН АЗЫР АЙТУУ КЫЙЫН!”
31.10.2018 / Автор aymak3,049 Бардыгы /
Мен өзү улуттук валюта – сом тууралуу маалымат издеп жатып, белгилүү коомдук ишмер Алманбет Матубраимовдун Ташкенттеги жеңил жана текстиль өнөр жай институтун окуп, бүтүргөнү тууралуу окуп калып, кайра ушул багытка кызыга кеттим.
Ошентип, Алманбет Матубраимовубагында текстиль тармагында 20 жылдан ашуун иштеген жетекчи катары бул тармак боюнча азын-оолак кеп куруп берди.
Совет учурунда окууну бүтүрүү милдет болчу.
Бул окуу жайга кандайча окуп калганына кызыккан суроомо мындай деди.
-Илгери биз окуган маалда жергиликтүү окуу жайга өтүү оңой эмес болчу жана ошондой эле, өзүң каалагандай кесиптер жокко эсе эле. Бирок, билимиңе ишенсең борбордук жогорку окуу жайына (ЖОЖ) өтүп кетүү мүмкүнчүлүгү чоң болгон. Мен дагы биздеги ЖОЖго өткөнүм менен, мени ошол Ташкентке барасын деген сунушка ылайык, ал жакта окуп калдым. Окууну каалабасаң да, толук окуп бүтүрүү намыздуу жана жоопкерчилиги жогору эле ал убакта.
Текстиль жана жеңил өнөр жай тармагы өлкө экономикасынын үчтөн бирин түзчү.
Кыргызстан жеңил өнөр жайы боюнча Орто-Азияда маанилүү орунду ээлеген, себеби, бизде пахта, тери, жүн кенен өндүрүлгөн, ошого жараша, завод-фабрикалар курулуп, иштеп турушкан.
Кыргызстан СССР учурунда текстиль кездемелери менен өзүн-өзү камсыздаган мамлекет катары эсептелген. Ал учурда сырьелор жетиштүү болгон үчүн жиптер ийрилип, ийрилген жиптен кездемелер токулган. Ошол сырьелордун 3төн бири гана колдонулуп, тагыраак айтканда,20миң тоннага чейин ак кой жүнү өндүрүлүп, анын 6-7миң тоннасы гана иштетилип, калгандары СССРдин башка өлкөлөрүнөжөнөтүлөт эле. Текстиль, пахта заводдору, бут кийим чыгаруу, кийим тигүү, тери иштетүү фабрикалары экономиканын 3төн бирин түзгөн. Ал учурда эстетикалык норма чегинде, ар бир адамга төрт бут кийим, эки костюм, бир нече көйнөктөр жана трикотаж буюмдарыбир жылга эсептелет эле.
Мамлекеттик (Госплан) келечек өнүгүү планы борбордук жактан чечилчү жана технологиялык байланыш чынжыры жакшы жолго коюлган. Адегенде, социалдык жана экономикалык өнүгүүгө көңүл бурулган жана кооперация да мыкты уюштурулган. Ири пахта комбинатында 15миң адам, комволдук ноотукомбинатында 12миңге чейин, ал эми бут кийим чыгаруу фабрикасында 9миңдей адам иштеген.
Союз учурундагыдай текстиль өндүрүшүн азыр курууга мүмкүн эмес.
Анткени, ошол кездегидей кубаттуу ишкана иштеш үчүн экономикалык мүмкүнчүлүк, сырье, техникалык жабдуулар, коопсуздук менен камсыз болуу зарыл. Азыр айыл чарба жер аянтыбыздын75пайызы жеке менчикте, ошондуктан пахтаны, тыт дарагын өстүрүп жибек, ошондой эле, мал өстүрүп, тери жана жүн алуу эсебин так айтуу кыйын.Мындай нерсени калыбына келтирүү үчүн миллиардаган доллардын башын чапчыйт. Тиешелүү адистерди даярдашыбыз, технополистерди курушубуз керек. Республиканын бюджети 150млрд. сом, аны да толук аткара албай, сырттагы мигранттардын 2млрд. сомдон ашыкжөнөткөн акчасына жашап жатабыз. Эгерде, мурдагы ишканалар менчикке тартылып, жок болуп кетпегенде модернизациялоо ыкмасы менен илгерки өндүрүштү улап кетүүгө болот эле. Бул эми, өнөр жайында өзүнчө тарых, арман бойдон кала берет, го.
Канча ишкана бар экенин эч ким билбейт…
Трикотаждын анча-мынча мүмкүнчүлүгү, кийим тигүү цехтери,жаңыдан курулуп жана жаралып жаткан нерселер бар,- деп ойлоймун. Азыр кайсы жерди караба «требуется швея», деген жарыя көзгө урунат. Бирок канча ишкана бар экени белгисиз, анда иштегендердин социалдык укуктары канчалык корголуп жатканы өзүнчө маселе…
Жибек өндүрбөсөк, жибек курт сатуу зарыл.
Илгери тыт дарагы менен курттарды багуу менен2 жолу гана түшүм алганбыз. 1994-жылы Япониядан тиешелүү адистер келишкен, алардын сунушу боюнча 4 жолу багууга болот эле. 9 айга чейин мүмкүнчүлүк бар экени каралган, ал да аткарылбай калды. Бирок, менин маалыматым боюнча,Өзбекстанда бул мүмкүнчүлүк пайдаланылып жатат. Курттарды көбөйтүп сатууга болот деген менен, алардын сапаты, баасы, сатып алуучулардын арбын болушу тууралуу маркетинг ишин күчөтө албай туруп, ийгилик болорун айтуу оңой эмес. Ошондой болсо да, иштетилбеген жерлерге тыт дарагын эгип, тамчылатып сугаруу аркылуу көбөйтүп, кооператив ыкмасында ишти жандандырууга эмнеге болбосун?!.Мында аймактардагы тургундар да кандайдыр бир деңгээлде киреше таап калышмак.
Кездемелер эртең келбей калса, эмне болот?
Туура, азыр сырттан кездемелер биздин базарларга алынып келип жатат жана цехтерди иштеткендер өздөрү деле дүңүнөн алып келип, суроо-талапка жараша кийимдерди тигип, кайра дүңүнөн жана чекене сатып жатышат. Бул бир жагынан жакшы эле болуп жаткандыр, а, эртең кездемелер келбей калса кандай болот? Ошондуктан, өзүбүздүн сырьелук база-запас болмоюнча, мындай иштер белгилүү бир мезгилге чейин гана уланышы мүмкүн, -деди Алманбет Матубраимов.
Р.S. Ал эми, бизден чыгарылып жаткан кийимдердин келишимдүүлүгү жана сапаты тууралуу сөз тиешелүү адистер менен болсун.
Маектешкен Зирек Асанова, Бишкек шаары
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
25.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШТОГУ ООРУКАНАДА КҮН САЙЫН 300 ЧАКТЫ АНАЛИЗ ЖАСАЛАТ
-
25.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНЫН КАРАМАГЫНА ӨТКӨРҮЛГӨН АЙЫЛДАРДА “ТЕЗ ЖАРДАМ” БЕКЕР АЧЫЛАТ
-
-
02.05.2023 / Автор anarkan_kg ОШ ОБЛУСУНУН МЕКТЕПТЕРИ АКШдан САПАТТУУ ГАНА ТАМАК-АШ АЗЫКТАРЫН АЛЫШАТ
-
09.05.2023 / Автор anarkan_kg ӨКМӨТ БАШЧЫСЫ АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ ОШТОГУ «ӨЧПӨС ПОЛК» АКЦИЯСЫНА КАТЫШТЫ
-
30.05.2023 / Автор anarkan_kg МИЛИЦИЯНЫН ПОЛКОВНИГИ НУРБЕК ЖОЛОЕВ АРДАКТУУ ЭС АЛУУГА УЗАТЫЛДЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.