Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
4,821 Бардыгы / Айым СОЛТОЕВА, Сузак районунун тургуну, 80 жаш: Илгери кездемелер абдан сапаттуу болгон, маселен, жибек кыжым, чыттын түрлөрү, чийбаркыт, сатин, шөлк-штапель, жүлан жоолук, таза мулина жибектер болоор эле. Булар түлөчү да, өңү да өччү эмес, жууп-жууп пайдалана берет элек. Анын үстүнө, боектор да сапаттуу болуп, оңойчулук менен оңуп кетпейт эле. Илгеркилер чыныгы болот эле. […]
4,822 Бардыгы / Айым СОЛТОЕВА, Сузак районунун тургуну, 80 жаш: Илгери кездемелер абдан сапаттуу болгон, маселен, жибек кыжым, чыттын түрлөрү, чийбаркыт, сатин, шөлк-штапель, жүлан жоолук, таза мулина жибектер болоор эле. Булар түлөчү да, өңү да өччү эмес, жууп-жууп пайдалана берет элек. Анын үстүнө, боектор да сапаттуу болуп, оңойчулук менен оңуп кетпейт эле. Илгеркилер чыныгы болот эле. […]
КЕЗДЕМЕ, КИЙИМ-КЕЧЕ ТУУРАЛУУ АЙЫМДАРДЫН АЙТКАНЫ
12.11.2018 / Автор aymak4,823 Бардыгы /
Айым СОЛТОЕВА, Сузак районунун тургуну, 80 жаш:
Илгери кездемелер абдан сапаттуу болгон, маселен, жибек кыжым, чыттын түрлөрү, чийбаркыт, сатин, шөлк-штапель, жүлан жоолук, таза мулина жибектер болоор эле. Булар түлөчү да, өңү да өччү эмес, жууп-жууп пайдалана берет элек. Анын үстүнө, боектор да сапаттуу болуп, оңойчулук менен оңуп кетпейт эле. Илгеркилер чыныгы болот эле. Эми азыр деле кездемелердин түрүн базардан алып пайдаланып жатабыз, негедир, мурдагыларга окшотуп жасап чыгаргандай, бирок сапатына ич чыга бербейт. Азыр чыттардын баары, деги эле көп кийимдер түлөйт, сапаты начар. Бирок азыр кайрадан улуттук кийимдердин кеңири тигилип, кийилип жатканы кубандырбай койбойт.
Зухра ИДИНОВА, Бишкек шаарынын тургуну, 60 жаш, окутуучу:
Эми илгерки менен азыркы учурдун айырмачылыктары бар. Кийим тигүү, бут кийим чыгаруу, жип ийрүү, килем чыгаруу фабрикалары дүркүрөп иштеп турчу. Пахта буласынан, жүндөн жасалган кездемелерден тигилген кийимдер өтө бышык боло турган. Бирок, мурда, совет учурунда, модель-үлгү жагынан алганда, көпчүлүгү жалпы-бирдей мүнөзгө да ээ болуп кетет эле, айрыкча, окшош пальтолор, халаттар, кофталар, бут кийимдер дүкөндөрдө көпкө чейин тура берчү. Эми бизде азыр кездемелер токулбаганы менен, жеке ишкерлер сырттан сатып келишип, кийим тигүү цехтерин иштетип жатышат. Мындан улам, ишкердик, мода жагындагы акыркы тенденцияларды эсепке алып, атаандаша алгыдай аракеттери да байкалууда. Бул, бир жагынан, дурус эле.
Жанара АЛМАЗБЕКОВА, 21 жаш, Тогуз-Торо районунун тургуну, тарбиячы:
Мен илгери кездемелер кандай экенин жакшы деле билбейм. Азыр ойдогудай кездемелер деле бар. Биз көбүнчө даяр эле кийимдерди сатып алабыз. Акыркы учурда бизде, Кыргызстанда, тигилген кийимдер жакшынакай эле көрүнөт. Азыр, биз, жаштар ынгайлуулугун да эске алабыз. Базарларда же бутиктерден деле каалаган кийимди таап алууга болот.
Зейне АБДЫ, 50 жаш: Жалал-Абад шаарынын тургуну, соцкызматкер:
Азыр кыздар, аялдардын көпчүлүгү шым кийип калышпадыбы. Бул бир жагынан ынгайлуудур, деген менен бул бир аз одоно көрүнөт. Бирок шым тигүү бизде өзүнчө бизнеске айланып, кыз-келиндерибиз кандайдыр бир деңгээлде жумуш менен камсыз болуп жатышат.
Анын үстүнө, азыр көчөдөн ар кандай, улуттук мүнөздөгү, акыркы модадагы, керек болсо, жыртык жинсы шым кийип жүргөндөрдү көрүүгө болот. Сырттан келген кийимдер көп, сапаты ар кандай. Эми, ошентсе дагы, биздеги улуттук кийимдердин заманбап сыпатта, барган сайын көбөйүп жатканы бизди кубандырат. Себеби биздин кийимдер чынында табиятка ынгайлашканын азыркы муун дагы түшүнө баштады окшойт. Бул, албетте, жакшы көрүнүш.
Маектешкен: Зирек АСАНОВА
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ОИИБде 2024-ЖЫЛДЫН 1-ЧЕЙРЕГИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
-
22.08.2023 / Автор anarkan_kg ӨЗБЕКСТАН УКРАИНАГА 10 ТОННАДАН АШЫК ГУМАНИТАРДЫК ЖАРДАМ ЖӨНӨТТҮ
-
-
01.09.2023 / Автор anarkan_kg ОШТОГУ КӨКБӨРҮ ЧЫР МЕНЕН АЯКТАДЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.