Аймак

Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз ЖОЛДОШЕВА: «Мени жаманаттылагандардын артында айтылуу Эмилбек Каптагаев турат»

 2,821 Бардыгы /

Жогорку Кеңештин депутаты, Ата Журт фракциясынын өкүлү Жылдыз Жолдошева ушул тапта Ош шаарындагы шайлоочулары менен жолугушуп жүргөн чагы. Аны өз кабарчыбыз партиялашы Акматбек Келдибековдун камалышы, Ысык-Көлдөгү Курманжан Датка фондуна таандык жердин чыры, Убактылуу Өкмөт 2010-жылы банктан тоногон миллиондогон долларлар туурасында кепке тартты.

– Жылдыз айым, соңку күндөрдө КТРК Сиз жетектеген Курманжан Датка коомдук фондунун Ысык-Көлдөгү ири аянтта жери бар экендигин, ошол эле учурда жергиликтүү жүздөгөн тургундар там салуу үчүн жер тилкесине муктаж болуп жаткандыгын үстөккө-босток көрсөтүп жаткан чагы. Буга эмне дээр элеңиз?

– Бул саясий оюнду президент Алмазбек Атамбаев, Өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев уюштурган жери жок! Мен билгенден экөө тең ыплас саясаттан, бирөөнү карандай жаманаттылоодон алыс жана мындай алаңгазарлыктан дайыма бийик турушат. Мени дал ушинтип курулай каралоонун артында президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси, Ысык-Көлдүн азыркы губернатору, жеткен кошоматчы Эмилбек Каптагаев турат. КТРК аркылуу мени тынбай жана бир жактуу шыбатып жаткан дагы ошол киши.
Баса, Курманжан Датка коомдук фондуна көгүлтүр Ысык-Көлдө ажыратылган 15 гектар жер аянты республикабыздын курулуш жана архитектура агенттигине карайт. Менин буга кымындай тиешем жок! Аталган аймака тарыхый музей, Кыргызстанды бийлеген улуу он бир инсандын эстелиги жана улуттук парк тикеленет. Ошонун бары биротоло бүткөрүлгөндөн кийин гана аталган агенттик бүтүндөй комплексти мага, Курманжан Даткан коомдук фондунун төрайымына, тапшырат.
Бул 49 жылга ажыратылган аянт. Эч ким өзүнө менчиктештирген жери жок! Жогорудагы иштерди бүткөргөнгө мамлекеттик казынадан 47 миллион сом бөлүнүп атат. Мунун эмнеси жаман?
Баса, менин бул аруу аракетимди колдоонун ордуна КТРКнын баш директору Кубат Оторбаев мырза бизди бир беткей жаманаттылап, а түгүл жергиликтүү калк менен атайылап кайраштырып жатат. Учурдан пайдаланып эскертип коеюн, КТРК Кубат Оторбаевдин менчиги эмес, ал – деген коомдук канал! Ошондуктан, мени ак жеринен жаманаттылоону токтотсун!
Быйыл 19-декабрда КТРКнын маселеси Жогорку Кеңеште каралат. Мен жана менин санаалаштарым ошондо дагы өз сөзүбүздү айтабыз. Ушул эле Кубат Оторбаев 2010-жылы Ошто эки эл кырылышып жатканда эфирден жалаң концерт жана футбол көрсөтүп, карапайым калкты шылдыңдагандыгын унутуп койдубу? Бирок, анын мындай ит адатын Оштун эли эмдигчие унута элек!

– Саясий старт бериле электе эле келерки парламенттик шайлоого карата даярдык жана айрым партиялардын биригүүсү күч алды. Мунун акыры кантээр экен?

– БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдыраимов – президент Алмазбек Атамбаевдин жан досу. Ошондуктан, мыйзамды каалагандай калчап жатпайбы. Кыргызстандагы эки ыңкылап тең ушул Жогорку Кеңешке шайлоолордун акыйкатсыздыгынан улам болгондугун унуттукпу? Абдыраимов бул сапар дагы атайылап фальсификцияга басым жасаса, анда парламенттин эле эмес президент Алмазбек Атамбаевдин дагы тагдырына биротоло чындап балта чабат.

– Калк жапырт козголсо, бул супар бийлик аларга каршы күч жана курал колдонсочу?

– Анда эле азыркы бийлик терең жаңылышат. Булар өткөндөн такыр сабак албай коюшту го. Эл бул сапар кордукту жана ар кандай басымды көтөрө албайт. Бардык аймактар тегиз көтөрүлөт.
Мейли, онун, жүзүн же миңин атсын! Беш миллион калкты тегиз ата албайт да. Анда эле Алмазбек Атамбаев мурдагы бийликтин кейпин анык кийээри анык!

– Жылдыз айым, Жогорку Кеңеште Өмүрбек Текебаев экөөңүздөр тынбай кер-мур айтышканыңызарды көрүп жакабызды карманып жатабыз. Өзүнчө туугандарча тил табышып алсаңыздар болбойт беле?

– Кыргыздар бекер айтышпайт. Алсыз эркек дайыма күчтүү
аялга асылат. Ошондуктан, Өмүрбек Текебаев менин «досум», айныгыс оппонентим.
Учурдан пайдаланып айтып коеюн: мына үч жылга чукулдады, эмдигиче –-2010-жылдагы апрель окуясынын соту бүтө элек. Ага улай 2010-жылы июнь коогалаңын уюштурган өзбек сепаратисттеринин бири дагы Кыргызстанга алып келинип, жоопко тартылган жок! Криматалык Азиз Батукаевди ардактап өз Мекенине узаткандар, 2010-жылы Улуттук банкты тоногондор, мындайча айтканда, агездеги Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн, азыркы бийликте олтургандардын бири дагы жазага чегерилбеди. Акыбал кудум ушул тейде уланса, эл эми тынчыбайт, сөзсүз кайрадан козголот.

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, Ош областы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17