Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
Гүльмира Сатарова, Кара-Көл шаарынын вице-мэри “Биз өткөн жылы эки мугалимге квартира, 1 мугалимге проценти жок эки жылдык мөөнөткө үй курулушун бүтүрүүгө 200 миң сом ссуда бердик”
29.01.2014 / Автор Orozaly1,757 Бардыгы /
-Кара-Көл шаарында жыл жыйынтыгы боюнча 4 941682,8 миң сомдук дүң продукция өндүрүлүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 103,2%га, ал эми экономикалык божомолго салыштырмалуу 127,8% га аткарылды.
Кара-Көл шаарынын бюджетинин киреше бөлүгү боюнча трансферттерди кошпогондо 53 574,0 миң сом өлчөмүндө бекитилген план 98,1%га же 1 284,1 миң сомго аз аткарылган. Ошол эле мезгилде салыктардын жана жыйымдардын 5 түрүнөн жалпы 4 078,5 миң сомго план толгон эмес, алар: киреше салыгы – 339,3 миң сомго; сатуудан алынуучу салык – 2909,3 миң сомго; айыл чарбасына жараксыз муниципалдык жерлерди сатуу боюнча – 94,1 миң сомго; мамлекеттик жыйым – 185,8 миң сомго; административдик айып төлөөдө 550,0 миң сом. 2013-жылы 20 жылдан ашык убакыт токтоп калган курулуш бюджеттик мекемелерде иштеген турак жайга муктаж жарандардын үлүштүк салымы менен 24 квартиралуу үй болуп бүткөрүлүп пайдаланууга берилди.
– Ал эми сиз тейлеген социалдык тармакта абал кандай?
-Жаман эмес. Жыл жыйынтыгын бул тармакта да жакшы жетишкендиктер менен жыйынтыктоого аракет кылдык. “Жыл мугалими – 2013” сынагына №1 мектептин англис тили мугалими Чотиева Сезим катышып областтык турунда 1-орунду ээлеп, ал эми Республикалык турда 3-орунга татыктуу болду. Кыргыз Республикасынын “Мугалимдин статусу жөнүндө” мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен каражат бөлүнүп эки мугалимиге( физика, музыка) квартира, кыргыз тили мугалимине проценти жок эки жылдык мөөнөткө үй курулушун бүтүрүүгө 200000 сом ссуда берилди.Мындай колдоо республика боюнча да болгон жок деп айта алам. Буга макатансак да болот.
Шаарыбыздын спорт инфраструктурасын жакшыртуу максатында “Энергетик” спорт залы капиталдык ремонттон өттү. Ал эми Жазы-Кечүү айылында №6 орто мектепке жаңы спорт зал курулушу дээрлик аяктап калды. 2013-жылы 8 областтык, 21 республикалык, 6 эл аралык, 18 шаар аралык мелдештерге катышып спортчулар байгелүү орундарды алып келишкен. Атап айтсак, Монголия мамлекетинде өткөн Азия боюнча эркин күрөш боюнча чемпионатта мектеп окуучусу Бакытбеков Феликс 3 орунду алып коло медалга жетишти. Казакстан мамлекетинде өткөн Евразиялык эркин күрөш боюнча чемпионатта Сманбеков Эламан 2 орунду алып күмүш медалга татыктуу болду. Ал эми 2010-жылы эркин күрөш боюнча Швейцария мамлекетинде өткөн дүйнөлүк чемпионатта Алымбаев Доолот 3-орунду алып, коло медалга ээ болгон.
Маданият тармагында шаардын музыкалык мектебинин окуучулары жыл сайын областтык кароо сынактарда комуз боюнча баш байгени, ал эми пианино боюнча биринчи орунду ээлеп келишет. “Мираж” бийчилер группасы областта мыкты бийчилер группасы катары эсепте турат.
-Маселелерди чечуудо партиялык пикир келишпестиктердин айынан кыйналган учурунуз болдубу?
-Партиялык пикир келишпестиктердин айынан шаардык кенешке мэриядан жонотулгон маселелердин чечилиши коп убакытты талап кылууда.
-Айтмакчы,мектеп формасын тигип киргизүү демилгесин мэр көтөрдү эле, азыр ал демилге ишке ашырылдыбы?
-Ишке ашырылды, мектептерде 90% окуучулар мектеп формасын кийип келишет.
-Областтык прокуратура шаардык кеңештин, комиссиянын уруксаты менен гана пособия берилсин деген токтомун жокко чыгарды.Эмне үчүн ушундай чечим кабыл алынып калган?
-Калктын жакыр катмары ар дайым мамлекеттик колдоого муктаж.Мамлекеттик жөлөк пул аз камдуу балалуу үй-бүлөлөргө тиешелүү документтердин негизинде чектелет. Айрыкча жаш үйбүлөлөр жөлөкпул алуу маселесине келгенде паспорттогу каттоосу менен анык жашаган даректери туура келбей мамлекеттик колдоодон куру калып, маселени чечип берүү жагын сурап мэрияга кайрылып келишкен. Себеби, ата-энесинен бөлүнүп жашаган жаш үй-бүлө өзүнүн жеке турак жайы жок болгондуктан батирге чыгып жашап,өз алдынча тиричилик кылышат. Ал эми паспорт боюнча даректери ата-энесинин үйүнө катталгандыктан, аларга жөлөкпул чектелбей калган, анткени ата-энесинин пенсиялары жаш үй-бүлөгө киреше катары эсептелген. Андыктан көп балалуу муктаж үйбүлөлөрдүн маселесин чечүүгө көмөк көрсөтүү максатында жергиликтүү кеңештин деңгээлинде нормативдик акт кабыл алып берүүнү сурап социалдык өнүгүү башкармалыгы менен бирге мэрия кайрылган. Кабыл алынган токтомдо, жашаган жери тууралуу аныктаманы берүүдө кварталдык комитет, социалдык комиссиянын актысынын негизинде иш жүзүндө жашаган дареги боюнча берсин деп жазылган. Бул токтом калктын аярлуу катмарын колдоо иретинде кабыл алынган эле.
-Жаштар менен иш алып барылуудабы?
– Жаштар коомубуздун олуттуу бөлүгүн түзүү менен бирге өлкөнүн өнүктүрүүдөгү баалуу стратегиялык ресурсу экендиги талашсыз. Өнүгүп келе жаткан биздин өлкө үчүн жаштардын келечеги актуалдуу маселелердин бири болгондуктан шаарыбыздын жаштарынын демилгеси менен бирдикте Жаштар кенешинин ишин кайра жандандыруу максатында 2013-жылдын 12-ноябрында жаштар форуму өтүп, ар кесипте эмгектенген 22 адамдан турган Жаштар Кеңеши түзүлүп, жаштар кеңешинин жобосуна, структурасына жана курам өзгөртүү киргизилди. 10-декабрь “Бүткүл дүйнөлүк адам укугун коргоо” күнүнө карата “Адамдын жана жарандын укуктары жана милдеттери” темасында 2013-жылдын 18-24-декабрына чейин Жаштар Кеңешинин демилгеси менен шаардагы орто мектептердин жогорку класстарында жана жогорку, орто окуу жайларында шаардык ички иштер бөлүмү, аскердик комиссариаты менен бирдикте семинарлар өттү. Быйылкы жылы жаштар кеңеши, маданият бөлүмү, билим берүү бөлүмү жана окуу жайлар биргеликте макулдашылган иш-чараларды кабыл алышты. Мэрия иш-чараларды өткөрүүгө жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүүгө шаардык кеңешке сунуш даярдоодо.
– Быйыл да көп кабаттуу үйлөр куруу улантылабы ?
-Быйылкы жылдын планында 32 квартиралуу үйдүн жана 24 квартиралуу үйдүн курулушу пландаштырылууда. 32 квартиралуу үй бюджеттин эсебинен курулат. Квартираларды бөлүштүрүү маселеси негизинен эскилиги жеткен жол боюндагы жыгач үйлөрдү жок кылып, андагы жашоочуларды көчүрүү же квартира алуу үчүн кезекте турган жарандарга берүү алтернативасы менен шаардык кеңешке чечим кабыл алууга сунушталат. Ал эми 24 квартиралуу үй жарандардын жеке катыштык салымы менен курулат жана аларга бөлүштүрүлөт.
Маектешкен Орозалы Карасартов, “Аймак”
–
Автор Orozaly
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
23.04.2024 / Автор anarkan_kg РУСЛАН МАМАТОВ ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ДЕПУТАТТЫГЫНА ТАЛАПКЕРЛИКТЕН БАШ ТАРТТЫ
-
-
23.04.2024 / Автор anarkan_kg ОРУСИЯДАН ОШКО ДЭЭРЛИК 400 ТОННА АЗЫК-ТҮЛҮК ЖЕТКИРИЛДИ
-
24.04.2023 / Автор anarkan_kg МОСКВАДА «КӨЧМӨНДӨР ЦИВИЛИЗАЦИЯСЫ» МУЗЕЙИ АЧЫЛДЫ
-
-
05.05.2023 / Автор anarkan_kg ШААРДА КОНСТИТУЦИЯНЫН КАБЫЛ АЛЫНГАНДЫГЫНЫН 30 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.