Өлкө аймактары менен кубаттуу
АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
ЖАЛАЛ-АБАДДА КОНСТИТУЦИЯ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
БАӉГИ ЗАТ МЕНЕН АЛЕКТЕНГЕН ЖАРАН КАРМАЛДЫ
ЛЕЙЛЕКТЕ ЖОГОЛГОН АКЧА ЭЭСИНЕ КАЙТАРЫЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
8,371 Бардыгы / Айтылуу Кара-Кулжа районунун эң эле кооз аймагында жайланышкан Кулун-Ата мамлекеттик жаратылыш коругу Кыргыз Өкмөтүнүн 2004-жылдын 11-августундагы №598-токтомуна ылайык түзүлгөн. Бул мааниси абдан чоң корукту республикабыздын Жаратылышты коргоо боюнча эмгек сиңирген ишмери Асан БОРОМБАЕВ зор мээнет менен түптөп, ошондон бери үзгүлтүксүз дагы жетектеп келатат. ОшТУнун ардактуу профессору өзү негиздеген өлкөбүздөгү жападан жалгыз Табигый […]
8,372 Бардыгы / Айтылуу Кара-Кулжа районунун эң эле кооз аймагында жайланышкан Кулун-Ата мамлекеттик жаратылыш коругу Кыргыз Өкмөтүнүн 2004-жылдын 11-августундагы №598-токтомуна ылайык түзүлгөн. Бул мааниси абдан чоң корукту республикабыздын Жаратылышты коргоо боюнча эмгек сиңирген ишмери Асан БОРОМБАЕВ зор мээнет менен түптөп, ошондон бери үзгүлтүксүз дагы жетектеп келатат. ОшТУнун ардактуу профессору өзү негиздеген өлкөбүздөгү жападан жалгыз Табигый […]
Асан БОРОМБАЕВ: “КУЛУН-АТА КООЗ АЙМАККА АЙЛАНДЫ”
15.07.2021 / Автор anarkan_kg8,373 Бардыгы /
Айтылуу Кара-Кулжа районунун эң эле кооз аймагында жайланышкан Кулун-Ата мамлекеттик жаратылыш коругу Кыргыз Өкмөтүнүн 2004-жылдын 11-августундагы №598-токтомуна ылайык түзүлгөн. Бул мааниси абдан чоң корукту республикабыздын Жаратылышты коргоо боюнча эмгек сиңирген ишмери Асан БОРОМБАЕВ зор мээнет менен түптөп, ошондон бери үзгүлтүксүз дагы жетектеп келатат. ОшТУнун ардактуу профессору өзү негиздеген өлкөбүздөгү жападан жалгыз Табигый парктын ичинде аны кенен-чонон кепке тарттык.
- Асан мырза, Кара-Кулжа районундагы Кулун-Ата мамлекеттик
жаратылыш коругу кандай максатта жана кимдердин демилгеси аркасында түптөлдү эле?
- Мен тээ СССР мезгилинде – улуу империянын тушунда Союздук
республиканын бири болуп эсептелген Украинадагы токой чарбасы Академиясын 1991-жылы ийгиликтүү аяктап, Ата Журтума кайтып келгемин. Тагдыр экен, ошогездеги Совет (азыркы Кара-Кулжа) райондук токой чарбасын дээрлик он төрт жыл бою жетектедим. Эң башкысы: артымдан бир дагы жаман сөз ээрчиткен жокмун!
Ал эми 2004-жылы ошогездеги Кыргыз Республикасынын Токой
чарбасы агенттигинин төрагасы Туратбек Мусуркуловдун түздөн-түз колдоосу аркасында өзүм жеке демилгелеп, тушоосун кескен Кара-Кулжа районундагы Кулун-Ата мамлекеттик жаратылыш коругун моминтип дагыле башкарып келатам. Бул жерде дагы менен абийирим таптаза. Камчы салдырбастан эмгектенип келатам.
- Өзү коруктун жалпы аянты канча гектарды ээлейт? Анан дагы
көбүнэсе аймакты кайсыл жаныбарлар жана канаттуулар байырлашат?
- Кара-Кулжа районундагы Кулун-Ата мамлекеттик жаратылыш
коругунун жалпы аянты 27 434,2 гектар. Байкагандырсыздар, бул аймак эки чоң токойдон куралган. Биринчиси – Кулун-Ата токой чарбасынын аянты 21 434,5 гектар. Ал эми экинчиси – Тоң-Зоо токою 6000,7 гектар. Булардын арасынан дагы 24 549 гектары – нукура корук. Ал эми 327 гектары – тыкыр коргоого алынган токой. Дагы 1101 гектары – буфердик өзгөчө аймак.
- Баса, ушундай керемет жерлерди негизинен кайсыл жан-
жаныбарлар жана куш-канаттуулар байырлашат?
- Кара-Кулжа районундагы Кулун-Ата мамлекеттик жаратылыш
коругуна таандык 27 миң 334 гектар аянтты жүздөгөн түрлүү жан-жаныбарлар жана канаттуулар туруктуу байырлап келатат. Маселен, 8 илбирс, 30 улар, 1500 чакты тоо теке-эчки, сүлөөсүн, аюулар беймарал жойлоп жүрүшөт.
Эң эле таңкалычтуусу: аюу кадимкидей суур жейт. Карагат жана чөп менен дагы тамактанат. Бул жаныбар таптакыр ач калганда,кээ-кээде айылдагы короолорго түз эле кирип, торпок жана койлорго кол салышат. Анан дагы кыштактардын четиндеги бал челектерден кадимкидей асел жешет.
- Ошентсе дагы, булардын коопсуздугун күн сайын кантип
камсыз этип келатасыздар?
- Биз буларды – эгерлерди эң акыркы үлгүдөгү заманбап рация-
байланыш каражаттары менен толук кандуу камсыз эткенбиз. Баары тең жөө-жалаңдап жүрбөстөн, кадимкидей ат дагы минишет. А мындай мүмкүнчүлүк, айтып коюуга тийишмин, дегеле Кыргызстандын башка аймактарында таптакыр жок!
- Сурообуз ыңгайсыз болсо, албетте, кечиресиз? Бирок, учурдан
пайдаланып, мен муну сөзсүз берүүгө тийишмин! “Кара-Кулжа районундагы Кулун-Ата мамлекеттик жаратылыш коругунда Асан Боромбаев, анын тууган-уруктары жана тааныш-тунуштары гана өздөрүнө абдан ыңгайлуу шарттарда мергенчилик кылышып, кайран табиятыбызды чекесинен бүлүндүрүп жатышат” дегендерге айтаар жообуңуз бардыр?
- Алишер, менен үстүмдөн акыркы кездерде мага кастыгын
тигишкендер үч ирет жогорку органдарга даттанышты. Баарын тең тиешелүү кызматтар тыкыр иликтешип, жумушумду кылдат текшеришкендер менин ишимден, жүрүм-турумумдан жана адамдарга мамилемден эч кынтык – илинчек таба алышкан жок!
- Асан мырза, биз билгенден Сиз Кыргызстандагы эң эле
тажрыйбалуу жана дасыккан токойчу сыңары Кара-Кулжа районундагы Кулун-Ата мамлекеттик жаратылыш коругунун келечегин деги эмнеден көрүсүз?
- Биз туризмге өтө эле ыңгайлуу аймакпыз. Ошону үчүн Кулун-Ата
мамлекеттик жаратылыш коругунун Башкы кеңсесинде моминтип Жаратылыш паркын дагы уюштурганбыз. Мында кадимки жан-жаныбарлар, канаттуулар катырылып гана коюлган. Муну кудум ушундай бир калыпта бузбастан кармоого, чындыгында, чоң каражат сарптадык. Анын бүтүндөй чыгымдарын абдан кылдат териштиришкендер менин азыркы ишимден, а түгүл жүрүм-турумумдан жана мамилемден эч кынтык таба алышкан жок! Кайра өздөрү дагы актыгыма, арыздарда жазылгандар жалгаан жалаа экендигине акыры тан беришпедиби.
- Асан мырза, биз билгенден Сиз Кыргызстандагы эң эле
тажрыйбалуу жана дасыккан токойчу – адис сыңары Кулун-Ата мамлекеттик жаратылыш коругунун келечегин деги эмнеден көрөсүз?
- Жашырып не. Биз туризмге абдан эле ыңгайлуу аймакпыз! Ошону
үчүн Кулун-Ата мамлекеттик жаратылыш коругунун Башкы кеңсесинде моминтип Жаратылыш паркын дагы уюштурдук. Мында түрдүү жан-жаныбарлар, ошондой эле канаттуулар катырылган тейинде коюлду. А муну дайыма ушундай бир калыпта кармоо оңбогондой түйшүктү жана олчойгон каражатты гана талап кылат экен. Мунун бүтүндүй чыгамдарын Чет өлкөлүк донорлор – Эл аралык Уюмдар көтөрүп жатышат. Биздин мындай аракетибиз, буюрса, Кулун-Ата мамлекеттик жаратылыш коругуна бара-бара Ата Мекендик жана Чет өлкөлүк туристтерди арбын тартууга, Кыргыз Өкмөтүнүнатайын уруксатынын негизинде мергенчилик – аңчылык кылууга дагы чоң өбөлгө жаратмакчы. Албетте, бул аркылуу мамлекетибиздинказынасына дагы дурус каражаттар түшүп тураары шексиз!
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Кара-Кулжа району
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
17.07.2023 / Автор anarkan_kg БАТКЕНДИ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ МААЛЫНДА АК-САЙДА ҮЙ КУРГАН ИШКЕР КАРМАЛДЫ
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg ЭАУда АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТКӨРҮЛДҮ
-
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
-
-
11.09.2023 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНДА ИРИ ӨЛЧӨМДӨ МАҢЗАТ ТАШЫГАНДАР КАРМАЛЫШТЫ
-
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.