Аймак

Жамгыр

 10,098 Бардыгы /

Жамгыр

Ал күнү да бүгүнкүдөй жамгыр төгүп турган. Балкондон сыртты карап телмирип турсам чакырдың. А мага “бул жигит кызык го! бир жолу таанышкан адамды да издейби?” деп дагы текеберлигимди көрсөтүп, тааныбаган адам болуп үйгө кирип кеттим. Бирок, “сизди чакырып жатат”-дешкен кыздар кулагымды койбоду, чыктым. Жылуу учурашып, сүйлөшүп калдык. Үч досуң менен келген экенсин. Алар менен тааныштым. Капыстан көзүңө карасам чексиз мээрим менен мени карап турупсун. Ошондо жүрөгүм башкача согуп, жашоомдо жагымдуу сезим пайда боло калды. Денем ысып, чекем тердеп кетишке шаштым. Ошол күндөн тарта мээримдүү каректи издей баштадым. Ал каректин ээси да мени бура бастырбай кай жерде болсом пайда боло баштады. А менин текебер мүнөзүмдү акырындап өзүңө багынта баштаганын сезип, бир күнү мээримдүү көздөрүңө карап ” сенде эркектик намыс барбы? эмне артымдан калбайсын. Сенин тоодогу жашоон мага такыр жакпайт. Убара болбо”-дедим. Ал болсо:”билем, мен сен үчүн эч ким эмесмин. Бирок, мени туура түшүн, сени жакшы көрөм”-дедиң. Мен каткырып күлдүм, абдан күлдум… бул күлкү кубанычтын күлкүсү эле… чындап ошол мээримдүү каректер меники дедим ичимде… А бирок, текебер мүнөзүмдөн кайтпай, өз сезимдериме өзүм каршы чыгып андан алыстай баштадым. Менин ойлогонум “кантип эле мен ушул тоолукка байланып калайын, досторум көрсө эмне дейт. Мен күчтүүмүн жүрөгүмдөгү болбогон ойлорду жеңип чыгам” деп өзүм менен өзүм күрөшүп. Жер которуп кеттим. Жаштыгым болсо керек сүйүүнүн алдында тоолук, шаардыктын эч кандай мааниси жок экенин билбепмин. Убакыт өткөн сайын менде өкүнүү сезимдери пайда болуп, аны издедим. Жашоо кызык. Алда жер которгон экен. Мен издеген маалда ал да мени издеп жүрүптүр. Капысынан жоолугуп калдык. Көпкө сүйлөшүп отурдук. Бирок баары кеч эле. Ал үйлөнүп кыздуу болгон экен. Мени унуталбаганын айтты. Анын көз карашы өзгөрбөптүр. Экөөбүз коштошуп, тарап кеттик. Андан бери жети жыл убакыт өттү. Ал үч жолу үйлөнүп, турмуштан жолу болбой жүрөт. А мен ошондой мээримдүү каректерди издеп эч бир жанга жүрөгүмдү ачпадым. Бир келген бактымды өз колум менен ыргытып салгам… Аттиң! дейм. Бир күнү жумуштан чыксам бирөө тиктегендей болот жакшылап карасам ал экен сыр бербей басып кеттим. Эми баары кеч эмеспи…

Каныкей ЖОРОЕВА

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17