Өлкө аймактары менен кубаттуу
ЖЭТИде ӨРТКӨ КАРШЫ ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ
МАНАС ШААРЫНДА 150 КАРЫЯГА БЕЛЕК ТАПШЫРЫЛДЫ
- ticket title
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
1,771 Бардыгы / Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун атайын миссиясы Казакстандагы мөөнөтсүз президенттик шайлоого байкоо салат. Миссияны польшалык саясатчы, Европа парламентинин мурдагы мүчөсү Урщула Гацек жетектейт. Маалыматка караганда, миссиянын негизги командасына Астанадан 11 эл аралык эксперт жана узак мөөнөттүү 30 байкоочудан турган делегация кирди. Алар 26-октябрдан тарта өлкөнүн […]
1,772 Бардыгы / Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун атайын миссиясы Казакстандагы мөөнөтсүз президенттик шайлоого байкоо салат. Миссияны польшалык саясатчы, Европа парламентинин мурдагы мүчөсү Урщула Гацек жетектейт. Маалыматка караганда, миссиянын негизги командасына Астанадан 11 эл аралык эксперт жана узак мөөнөттүү 30 байкоочудан турган делегация кирди. Алар 26-октябрдан тарта өлкөнүн […]
ЕККУ МИССИЯСЫ КАЗАКСТАНДАГЫ МӨӨНӨТСҮЗ ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООГО БАЙКОО САЛАТ
20.10.2022 / Автор anarkan_kg

1,773 Бардыгы /
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун атайын миссиясы Казакстандагы мөөнөтсүз президенттик шайлоого байкоо салат. Миссияны польшалык саясатчы, Европа парламентинин мурдагы мүчөсү Урщула Гацек жетектейт.
Маалыматка караганда, миссиянын негизги командасына Астанадан 11 эл аралык эксперт жана узак мөөнөттүү 30 байкоочудан турган делегация кирди. Алар 26-октябрдан тарта өлкөнүн бардык аймактарында иштей башташат. Мындан тышкары шайлоого бир нече күн калганда Казакстанга келе турган дагы 300гө жакын байкоочу кыска мөөнөттүү иш алып барат.
Миссия шайлоонун демократиялык шайлоо стандарттарына, улуттук мыйзамдарга, ошондой эле Казакстандын эл аралык уюмдардын алдындагы милдеттенмелерине шайкеш өтүшүнө баа берет. Мындан тышкары байкоочулар “шайлоонун бардык аспектилерине”, анын ичинде үгүт иштеринин жүрүшүнө, шайлоо өнөктүгүнүн социалдык түйүндөр менен ЖМКларда чагылдырылышына жана негизги эркиндиктердин сакталышына көз салышат. Добуш берүү күнү миссия шайлоо тилкелеринин ачылышына, добуш берүүнүн жүрүшүнө, бюллетендердин саналышына жана шайлоо жыйынтыгынын чыгарылышына мониторинг кылат.
Миссиянын өкүлдөрү ЕККУнун шайлоого байланышкан буга чейинки сунуштамаларынын аткарылышына да баа бере тургандыктарын билдиришти.
Казакстанда 2019-жылы өткөн мөөнөтсүз президенттик шайлоодон кийинки отчётунда ЕККУ миссиясы шайлоо өнөктүгү жарандардын “негизги эркиндиктерин бузуу”, “сын айткандарга басып жасоо” менен коштолуп, адамдардын тынч жыйындарга чогулуусуна киргизилген чектөө “чыныгы саясий плюрализмге тоскоол болгонун” билдирген. Добуш берүү күнү байкоочулар бюллетендердин топ-тобу менен ташталганын, шайлоо процедуралары одоно бузулганын белгилешкен.
Анда миссия казак бийлигине кийинки шайлоолор үчүн бир нече сунуштарды берген. Алардын арасында талапкерлерге Казакстанда жашаган мөөнөтү, иш тажрыйбасы сыяктуу талаптарды жеңилдетүү сунуштары бар.
Мындан тышкары ЕККУ Астананы шайлоо тилкелеринин протоколдорун Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына жарыялоого чакырган.
2019-жылы 9-июнда өткөн президенттик шайлоо Казакстандын ири шаарларында адамдардын кармалышы менен коштолгон. Өлкө ИИМи 9-12-июнь күндөрү Астана жана Алматы шаарларында эле шайлоого жана анын жыйынтыктарына каршы акцияга чыккан 4,5 миңден ашык киши кармалганын билдирген.
Казакстандын азыркы мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев быйыл 1-сентябрдагы кайрылуусунда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүнү сунуштап, ал 20-ноябрга белгиленген. Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, жаңы президент жети жылга шайланып, бир гана мөөнөт иштейт.
Батыш байкоочулары Казакстанда 1991-жылдан бери өткөн бир дагы шайлоону таза жана адилеттүү өттү деп тааныган эмес.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
-
-
19.09.2026 / Автор anarkan_kg ОРТОК ТОКОЙ ЧАРБАСЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ВАЗ-2107 АВТОМАШИНА МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ
-
07.10.2026 / Автор anarkan_kg РЕСПУБЛИКА БОЮНЧА 20 СОЦИАЛДЫК ОБЪЕКТ АЧЫЛДЫ
-
07.10.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДА ЖАЛПЫ 5 СОЦИАЛДЫК ОБЪЕКТ ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ
-
04.10.2026 / Автор anarkan_kg КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
-
06.11.2025 / Автор anarkan_kg КУРГАК УЧУККА КАРШЫ ООРУКАНАСЫНЫН ЖЕРИ МАМЛЕКЕТКЕ КАЙТАРЫЛДЫ
-
31.12.2025 / Автор anarkan_kg ЭСКИ ЖЫЛДАГЫ ИЙГИЛИКТЕР, ЖАҢЫ ЖЫЛГА КААЛОО-ТИЛЕКТЕР
-
05.02.2026 / Автор anarkan_kg №13 ШАЙЛОО ОКРУГУНДА ШАЙЛООГО КАРАТА КЕҢЕШМЕ ӨТТҮ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.