Өлкө аймактары менен кубаттуу
«АГРОЗООВЕТ» КЕРБЕНИ ӨЗГӨНДӨ
- ticket title
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
1,600 Бардыгы / Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Азаттык Медианын” сайтын бөгөттөө боюнча чечими күчүндө калды. Бул тууралуу министрликтин Маалыматтык саясат башкармалыгынын башчысы Салкын Сарногоева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, буга чейин көрсөтүлгөн материал өчүрүлмөйүнчө, сайт бөгөттөлгөн бойдон кала берет. Сарногоева сайтты бөгөттөөнүн мөөнөтү эч кайсы мыйзамдык нормаларда жазылбаганын, материал сайттан өчүрүлгөндө гана анын иштешине […]
1,601 Бардыгы / Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Азаттык Медианын” сайтын бөгөттөө боюнча чечими күчүндө калды. Бул тууралуу министрликтин Маалыматтык саясат башкармалыгынын башчысы Салкын Сарногоева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, буга чейин көрсөтүлгөн материал өчүрүлмөйүнчө, сайт бөгөттөлгөн бойдон кала берет. Сарногоева сайтты бөгөттөөнүн мөөнөтү эч кайсы мыйзамдык нормаларда жазылбаганын, материал сайттан өчүрүлгөндө гана анын иштешине […]
МАДАНИЯТ МИНИСТРЛИГИ “АЗАТТЫКТЫН” САЙТЫН БӨГӨТТӨӨ МӨӨНӨТҮ УЗАРГАНЫН БИЛДИРДИ
27.12.2022 / Автор anarkan_kg

1,602 Бардыгы /
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Азаттык Медианын” сайтын бөгөттөө боюнча чечими күчүндө калды. Бул тууралуу министрликтин Маалыматтык саясат башкармалыгынын башчысы Салкын Сарногоева “Азаттыкка” билдирди.
Анын айтымында, буга чейин көрсөтүлгөн материал өчүрүлмөйүнчө, сайт бөгөттөлгөн бойдон кала берет.
Сарногоева сайтты бөгөттөөнүн мөөнөтү эч кайсы мыйзамдык нормаларда жазылбаганын, материал сайттан өчүрүлгөндө гана анын иштешине уруксат берилерин айтты.
Буга чейин “Азаттык Медиа” Маданият министрлигине кат жөнөтүп, сайтты бөгөттөө чечимин токтото турууну өтүнгөн. Катта “мындай чечим мыйзамсыз жана негизсиз экени, Баш мыйзамга каршы келери, сөз эркиндигине, жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигине кепилдик берген конституциялык нормалар бузулуп жатканы” белгиленген. Бирок бул чечим канааттандырылган эмес.
Аталган министрлик “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын 26-октябрда эки айга жапкан.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай “Азаттык” радиосу ишенимдүү маалымат булагы экенин жана ага тоскоолдуксуз иштөөгө уруксат берилиши керектигин айткан.
31-октябрда “Азаттык Медиа” мекемесинин “Демирбанктагы” банк эсебине бөгөт коюлганы белгилүү болгон.
15-ноябрда Финансылык чалгын кызматы банк эсеби эмне үчүн бөгөттөлүп турганын түшүндүрүп, “Азаттык Медиа” мекемеси “Кылмыштуу кирешени адалдаштырууга катыштыгы бардыгы тууралуу маалымат бар адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмесине” киргизилгенин, буга УКМКнын каты негиз болгонун расмий билдирген.
Финчалгын кызматы “Азаттык Медиа” бул тизмеге “Террордук ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыштуу кирешени мыйзамдаштырууга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдын 14-беренесинин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында киргизилгенин маалымдаган.
Бирок тиешелүү органдар ал иштин “Азаттык Медиага” кандай байланышы бар экени жөнүндө эч кандай түшүндүрмө бере элек.” Азаттык Медиа” банк эсеби негизсиз бөгөттөлгөнүн жана мекемеде иштеген кыргыз жарандарынын, кызматкерлердин укуктары бузулуп жатканын белгилейт.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту 22-декабрда “Азаттык Медиа” мекемесинин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) аракеттерине каршы арызын карап, аны канааттандырган эмес. Арызда коопсуздук комитетинин Финансылык чалгын кызматына жолдогон кайрылуусун негизсиз деп табуу өтүнүчү келтирилген. Атайын кызматтын бул кайрылуусу “Азаттык Медианын” банк эсебин бөгөттөөгө себеп болгон.
Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин “Азаттык Медианын” сайтына жана банк эсебине коюлган бөгөттү тезирээк алып салууга чакырышкан.
13-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү, журналисттер жана жарандык коом өкүлдөрү баштаган 120дан ашуун инсан президент Садыр Жапаров баштаган өлкө жетекчилигине кайрылуу жолдогон. Алар кыргыз бийлигин “Азаттык” радиосунун толук иштөөсүнө шарт түзүүгө үндөшкөн.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
27.02.2024 / Автор anarkan_kg КУРГАК УЧУКТУ ЭРТЕ АНЫКТАП, ДАРЫЛАСА, АЙЫГАТ!
-
-
14.02.2025 / Автор anarkan_kg «МИШУТКА» БАЛА БАКЧАНЫН ЖЕР ТИЛКЕСИ МАМЛЕКЕТКЕ ӨТӨТ
-
14.02.2025 / Автор anarkan_kg БЕЛГИЛҮҮ ЖУРНАЛИСТ НАРЫНБЕК ИДИНОВ 72 ЖАШЫНДА ДҮЙНӨ САЛДЫ
-
20.02.2024 / Автор anarkan_kg “ЧЕТ ЭЛДИК ӨКҮЛ” МЫЙЗАМ ДОЛБООРУНАН КЫЛМЫШ ЖООПКЕРЧИЛИГИ АЛЫНДЫ
-
-
Маек
ОШТОГУ ООРУКАНА КЫРГЫЗСТАНДЫН ТҮШТҮК ЖЕРГЕСИН МЕДИЦИНАЛЫК ЖАКТАН ТЕЙЛЕП КЕЛЕ ЖАТАТ
Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасы Ош шаарында жайланышканы менен…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.