Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
4,207 Бардыгы / ТЕМА: Алибек АПАКАЕВ: “АР БИР КРИЗИС – БУЛ ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮК!” Элди, мамлекетти жок кылам десең, биринчи ирээтте анын моралдык, этникалык баалуулуктарын, руханий дөөлөттөрүн кыйрат! Салт-санааларынан ажырат! Сексти, зордук-зомбулукту, анархияны культка айландыр! Ошентип алар курсагынан, инстинктинен башкаларга кызыкпаган, шыкактаган жакка гана жүргөн макулуктарга айланышат… Ален ДЕЛОН, ЦРУнун (АКШнын Башкы чалгындоо кызматынын) негиздөөчүсү Оштук […]
4,208 Бардыгы / ТЕМА: Алибек АПАКАЕВ: “АР БИР КРИЗИС – БУЛ ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮК!” Элди, мамлекетти жок кылам десең, биринчи ирээтте анын моралдык, этникалык баалуулуктарын, руханий дөөлөттөрүн кыйрат! Салт-санааларынан ажырат! Сексти, зордук-зомбулукту, анархияны культка айландыр! Ошентип алар курсагынан, инстинктинен башкаларга кызыкпаган, шыкактаган жакка гана жүргөн макулуктарга айланышат… Ален ДЕЛОН, ЦРУнун (АКШнын Башкы чалгындоо кызматынын) негиздөөчүсү Оштук […]
Алибек АПАКАЕВ: “АР БИР КРИЗИС – БУЛ ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮК!”
17.01.2023 / Автор anarkan_kg

4,209 Бардыгы /
ТЕМА: Алибек АПАКАЕВ: “АР БИР КРИЗИС – БУЛ ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮК!”
Элди, мамлекетти жок кылам десең, биринчи ирээтте анын моралдык, этникалык баалуулуктарын, руханий дөөлөттөрүн кыйрат! Салт-санааларынан ажырат! Сексти, зордук-зомбулукту, анархияны культка айландыр! Ошентип алар курсагынан, инстинктинен башкаларга кызыкпаган, шыкактаган жакка гана жүргөн макулуктарга айланышат…
Ален ДЕЛОН, ЦРУнун (АКШнын Башкы чалгындоо кызматынын) негиздөөчүсү
Оштук серепчи Алибек АПАКАЕВ улгайгандыгына карабастан дагыле өз ишине абдан эле тың. А түгүл түркүн темаларды камтыган китеп дагы жазып, чыгармачылыгын абдан катуу өркүндөтүп жаткан чагы. Калемгерди көчөдө шуулдап бараткан жеринен эптеп токтотуп, үстөккө-босток суроолорумду жаадырып, а түгүл капыл-тапыл маек курганга дагы үлгүрдүм.
- Алибек мырза, көптөн бери таптакыр көрүнбөй калдыңыз да. Эмнеге?
- Мен дал азыр чыгармачылыкка баш-отум менен киришкемин. А мобул китептеримди Оштогу көз карандысыз басмаканадан чыгарып, окурмандарыма жеткиликтүү баада гана өзүм жөө-жалаңдап таратып жүрөм.
- Айып этпесеңиз. Эл азыр китеп окубай калбадыбы. Ошондуктан чыгармаларыңызды деги кантип соодалап келатасыз?
- Алишер үкам, “Эл китеп окубай калбадыбы” дегениңизге мен таптакыр кошулбаймын. Тескерисинче, азыр көркөм жана башка дагы адабий китептерди окугандардын катары кыйла эле калыңдабадыбы.
Байкадыңызбы? Улуу жана орто муундагылар гана эмес мобул жаштарыбыз деле интернеттен караманча баш тартышып, китепканаларга байма-бай катташып, кадимкидей китеп окуй башташты. Демек, биз нукуралыкка кайтып баратабыз. Бул саамалыкты колдоо гана кажет!
- Сиз бүгүнкү мамлекет башчыбыз Садыр Жапаровдун ишине деги кандайча карайсыз?
- Ооба. Ушул тапта, танып не, биз ар тараптуу кризиске кептелдик. А чындыгында, “Ар бир кризис – бул жаңы мүмкүнчүлүк!” Кезегинде муну Англияны көп жылдар бою башкарган жолбашчысы Уинстон Черчилль таамай айткан экен. Демек, Кыргызстан деле дал ошол жапжаңы мүмкүнчүлүккө эми гана кептелип олтурат. Муну президентибиз Садыр Жапаров деле ачык эле моюндап олтурбайбы. Ошондуктан, мекендештерибиз өз ара тирешпестен, бири экинчисин такай кубаттап. бүгүнкү тарых сыноосунан эсен-аман кутулууга чогуу-чараан аракеттенсек, албетте, мындан баарыбыз тең сөзсүз утаарыбыз анык!
- Алибек мырза¸ Сиз акыркы кезде улуу ойчулдардын учкул сөздөрүн (осуяттарын) топтоштуруп, аны жыйнакка айлантып жүрбөйсүзбү. Бур аракетиңиздин деги акыбети кайтчудайбы?
- Орустун улуу жазуучусу Лев Толстой таамай айтыптыр: “Ар бир мүдүрүлгөнүңдү каргаша деп санаба? Балким, сенин чыныгы бакытың дал ошол жерден башталаар”. Ал эми Казак элинин залкар акыны Мухтар Шаханов “Күн сайын жок дегенде бир адамга жакшылык ыроолоо керек!” деп насааттаган. Мындан тышкары биздин атактуу акыныбыз Аман Токтогулов:
“Намыс күтүп, ар күтүп не кыласың?
Катарыңдан суурулуп чыкпаган соң!” – деп бекеринен зарлабаптыр. Биз азыр ушинтпей калдык да…
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
23.06.2026 / Автор anarkan_kg ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
-
22.06.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ЭЛДИК ЖЫЙЫНДАР ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
-
-
17.07.2025 / Автор anarkan_kg ЭРКИН КҮРӨШ БОЮНЧА АКСЫДАН ЧЫККАН БАЛБАН
-
01.08.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ҮЧ АЙЛЫК ИШЕМБИЛИК ЖАРЫЯЛАНДЫ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17


