Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
2,278 Бардыгы / Ата Мекендик “Бар бол” кондитердик фабрикасы 2007-жылы негизделген. Ошондон бери аталган ишкана Кыргызстандын Түштүк жергесин кондитердик азыктар менен эч үзгүлтүксүз гана камсыз кылып келатат. Ош шаарынын бюджетине омоктуу салып кошуп, а түгүл бир катар социалдык долбоорлорду ырааттуу жүзөгө ашырууга дагы такай көмөктөшүп келатат. Ушул тапта биздин фабрикабызда 350 адам туруктуу эмгектенет. Өндүргөн продукциябыз […]
2,279 Бардыгы / Ата Мекендик “Бар бол” кондитердик фабрикасы 2007-жылы негизделген. Ошондон бери аталган ишкана Кыргызстандын Түштүк жергесин кондитердик азыктар менен эч үзгүлтүксүз гана камсыз кылып келатат. Ош шаарынын бюджетине омоктуу салып кошуп, а түгүл бир катар социалдык долбоорлорду ырааттуу жүзөгө ашырууга дагы такай көмөктөшүп келатат. Ушул тапта биздин фабрикабызда 350 адам туруктуу эмгектенет. Өндүргөн продукциябыз […]
“БАРБОЛ” КОНДИТЕРДИК ФАБРИКАСЫ АТА МЕКЕНДИК ӨНДҮРҮШТҮН АЛДЫҢКЫ САБЫНДА БАРАТАТ
17.01.2023 / Автор anarkan_kg

2,280 Бардыгы /
Ата Мекендик “Бар бол” кондитердик фабрикасы 2007-жылы негизделген. Ошондон бери аталган ишкана Кыргызстандын Түштүк жергесин кондитердик азыктар менен эч үзгүлтүксүз гана камсыз кылып келатат. Ош шаарынын бюджетине омоктуу салып кошуп, а түгүл бир катар социалдык долбоорлорду ырааттуу жүзөгө ашырууга дагы такай көмөктөшүп келатат.
- Ушул тапта биздин фабрикабызда 350 адам туруктуу эмгектенет.
Өндүргөн продукциябыз Кыргызстандын Түштүк жергесинин булуң-бурчуна дейре таратылат, – деп кепке кошулду Ата Мекендик “Бар бол” кондитердик фабрикасынын кеңейтүү кызматынын башчысы Урмат АСАНОВ. – Ишканабызда печеньенин 20 чакты түрү, кекстин 3 түрү, пряниктин 2 түрү, ал эми торттун 30 түрү үзгүлтүксүз өндүрүлөт. Жумушчуларыбызга күн сайын бир маал ысык тамак, ага дейре шам-шум эткенде кофе-чай акысыз берилет. Фабрикада иштегендердин эң азы 15 миң сом, а жогоркусу 30 миң сомдон маяна алышат. Оштун шартында, албетте, бул мыкты жана жогорку айлык сыңары эсептелет.


Акнабат КАЗЫБЕКОВА, Ата Мекендик “Бар бол” кондитердик фабрикасынын кардарлар бөлүмүнүн башчысы: – Заман талабына жараша Инстаграм, Фейсбук жана социалдык түйүндөр аркылуу тынымсыз иштешебиз. Билинбегени менен бул жараяндардын түйшүгү түмөн, анан дагы өтө көп убакытты талап кылат.Буга улай калк арасында сурамжылоо дагы жүргүзүп турабыз. Жакынкы мезгилде тармагыбызды ого бетер кеңейтип, абдан чоң рынокко чыгуу аркетибиз абдан күч! Мыкты жана өзгөчөлөнгөн кызматкерлерибизди шыктандырып, буга удаа сыйлап дагы турабыз. Мисалы, 16 адам коңшу Өзбекстандын ажайып жерлерине экскурсия жасашты. Дагы эки өкүлүбүз Меккеге кичи ажылык парзын аткаруусуна өбөлгө жараттык.


Гүлбара АЛИЕВА, Ата Мекендик “Бар бол” кондитердик фабрикасынын технологу: – Мен ОшТУнун технолог адистигине оакуп, заманбап билим алгамын. Ата Мекендик “Бар бол” кондитердик фабрикасы Ош жергесинде тушоосун кесенден бери бир эле ушул жерде үзүрлүү эмгектенип келатамын. Торттун бардык түрлөрүнүн рецепттеринин авторумун. Көз тийбесин, эгерде азыркы темпибиз менен ырааттуу иштесек, кудаа кааласа, өлкөбүздөгү №1-өндүрүш ишканасына айланаарыбыздан менин кымындай шегим жок!




Кайратбек АРАПОВ, Ата Мекендик “Бар бол” кондитердик фабрикасынын кызматкери: – Көрдүңүзбү?Технологияны коргоо жаатында моминтип окуп жатабыз. Бизге өзүбүздүн эле дасыккан адмстерибиз сабак өтүп жатышат. Окуу-техникалык базабыз заманбюап каражаттар менен жабдылган.
- Биздин фабрикабыз Ош шаарындагы ири салык төлөөчүлөрдүн
катарына кирет, – деп кайрадан кепке аралашты Ата Мекендик “Бар бол” кондитердик фабрикасынын кеңейтүү кызматынын башчысы Урмат АСАНОВ. – Иш абдан кычаган маалда ай сайын 700-800 миң сом салык төлөйьүз. А болбосо, жөнкөй убактарда ай сайын 300-400 миң сом мамлекет казынасына төгүп турабыз. Мындан тышкары социалдык долбоорлор менен дагы тыгыз иштешебиз. Мында “Элим барсыңбы?” коомдук фондунун мээнети күч! Жакында эле Жалал-Абад жергесиндеги жаратылыш кырсыгынан жапа чегишкен Бахрейн айылына сапарлап, жергиликтүү тургундарга белек-бечкектерибизди тартуулап, жана дагы азык-түлүктөрүбүздү тапшырдык.
Сөз арасында Ата Мекендик “Бар бол” кондитердик фабрикасынын кеңейтүү кызматынын башчысы Урмат АСАНОВ президент Садыр Жапаровдун Ата Мекендик өндүрүшчүлөргө көрсөткөн колдоосуна терең ыраазы. Мамлекеттик деңгээлдеги мындай мамиле. Биринчиден, жумун ордун түзгөнгө жана көбөйткөнгө өбөлгө гана жаратат. Экинчиден, тышкы мирациянын тыйылышына көмөктөшөт. /чүнчүдөн, мамлекетибиздин жарандарынын турмушу жана жашоо-шарты оңдолот. Төртүнчүдөн, салык дагы көбөйүп, мунун шарапаты менен Кыргызстандын жылдык бюджети абдан көбөйөт.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Ош шаары
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
11.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖКККББ: БЕШ АЙДЫ ЖЫЙЫНТЫКТОО БОЮНЧА ЫКЧАМ КЕҢЕШМЕ ӨТКӨРҮЛДҮ
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg АКСЫДА ЖАЙКЫ ТУРИСТТИК СЕЗОН САЛТАНАТТУУ АЧЫЛДЫ
-
01.07.2024 / Автор anarkan_kg АРАВАН РАЙОНДУК СУУ ЧАРБАСЫ БАШКАРМАЛЫГЫ ЗАМАНБАП БАССЕЙНГЕ МУКТАЖ!
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.