Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
940 Бардыгы / Казакстан Азербайжан аркылуу мунай экспортунун көлөмүн көбөйтүүнү пландап жатат. Бул тууралуу казак президенти Касым-Жомарт Токаев Астанада азербайжандык кесиптеши Ильхам Алиев менен жолуккандан кийин билдирди. “Буга чейинки сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында быйыл Азербайжан аркылуу казак мунайынын алгачкы партиясы жөнөтүлгөнүн билесиңер. Кийинки кадам – анын көлөмүн көбөйтүү жана узак мөөнөттүү, туруктуу кылуу. 2022-2027-жылдары Орто коридорду өнүктүрүү боюнча […]
941 Бардыгы / Казакстан Азербайжан аркылуу мунай экспортунун көлөмүн көбөйтүүнү пландап жатат. Бул тууралуу казак президенти Касым-Жомарт Токаев Астанада азербайжандык кесиптеши Ильхам Алиев менен жолуккандан кийин билдирди. “Буга чейинки сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында быйыл Азербайжан аркылуу казак мунайынын алгачкы партиясы жөнөтүлгөнүн билесиңер. Кийинки кадам – анын көлөмүн көбөйтүү жана узак мөөнөттүү, туруктуу кылуу. 2022-2027-жылдары Орто коридорду өнүктүрүү боюнча […]
КАЗАКСТАН АЗЕРБАЙЖАН АРКЫЛУУ МУНАЙ ЭКСПОРТУН КӨБӨЙТҮҮНҮ ПЛАНДООДО
11.04.2023 / Автор anarkan_kg

942 Бардыгы /
Казакстан Азербайжан аркылуу мунай экспортунун көлөмүн көбөйтүүнү пландап жатат. Бул тууралуу казак президенти Касым-Жомарт Токаев Астанада азербайжандык кесиптеши Ильхам Алиев менен жолуккандан кийин билдирди.
“Буга чейинки сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында быйыл Азербайжан аркылуу казак мунайынын алгачкы партиясы жөнөтүлгөнүн билесиңер. Кийинки кадам – анын көлөмүн көбөйтүү жана узак мөөнөттүү, туруктуу кылуу. 2022-2027-жылдары Орто коридорду өнүктүрүү боюнча “жол картасын” натыйжалуу ишке ашыруу чоң мааниге ээ. Биз бул каттамды инфраструктуралык жактан өнүктүрүүгө үчүнчү өлкөлөрдү тартуу боюнча макулдаштык”, – деди Токаев.
Анын айтымында, бул чара Чыгыш – Батыш багыты боюнча жүк жеткирүүнүн “туруктуулугун жана ыкчамдуулугун” кепилдеши керек.
Буга чейин Каспий деңизиндеги Актау портунан 6,9 миң тонна чийки казак мунайы жүктөлгөн танкер Бакуга жеткирилгени кабарланган.
Орто коридор деген аталыш менен белгилүү Транскаспий эл аралык транспорттук каттам – Кытайдан Казакстан, Каспий деңизи, Азербайжан, Грузия, Түркия жана Украина аркылуу Европага бар турган 6 500 чакырым узундуктагы автоунаа, темир жол жана порттор түйүнү.
Быйыл февралда Казакстандын энергетика министринин орун басары Асет Магауов өлкө Азербайжан аркылуу мунай экспортун 15 миллион тоннага чейин көбөйтүүгө ниеттенип жатканын билдирген. Бул максатта Транскаспий эл аралык транспорттук каттамдын мунай экспортто бөлүгүн өнүктүруү үчүн жумушчу топ түзүлгөн.
Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Казакстанга расмий сапары менен 10-апрелде барган. Расмий ЖМКлар эки президенттин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Казакстан менен Азербайжандын Мамлекеттер аралык жогорку кеңешин түзуү тууралуу протоколго кол коюлганын кабарлашты.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
-
-
19.09.2026 / Автор anarkan_kg ОРТОК ТОКОЙ ЧАРБАСЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ВАЗ-2107 АВТОМАШИНА МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ
-
19.10.2026 / Автор anarkan_kg ЖАМУнун СТУДЕНТИ ОКУУ ЖАЙ ҮЧҮН ЭЛЕКТРОМОБИЛЬ ЖАСАДЫ
-
-
-
29.10.2025 / Автор anarkan_kg БШ БШК: ЭРТЕҢ ТАЛАПКЕРЛЕРДИН АРЫЗДАРЫН КАБЫЛ АЛУУ АЯКТАЙТ
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЭНЕРГЕТИКТЕР КҮНҮНӨ КАРАТА МАЙРАМДЫК ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ
-
04.02.2026 / Автор anarkan_kg РАЙОНДУК ООРУКАНАГА ЖАҢЫ МЕДИЦИНАЛЫК АППАРАТТАР КЕЛДИ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.