Аймак

“КЫЛЫМДАРДЫ КАРЫТКАН, КИТЕП СҮЙЛӨЙТ ТАРЫХТАН” АТТУУ СЕМИНАР ӨТТҮ

“КЫЛЫМДАРДЫ КАРЫТКАН,    КИТЕП СҮЙЛӨЙТ ТАРЫХТАН” АТТУУ СЕМИНАР ӨТТҮ

 2,370 Бардыгы /

2023-жылдын 18-мартында Ала -Бука районундагы Назармат Жайлообаев атындагы №14 жалпы билим берүүчү орто мектебинде болуп өттү. Иш-чарага райондогу мектептердин китепканачылары жана Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси жана райондук бифондунун жетекчиси Б. Акпаралиев, усулчу Д. Молдошбаева катышты. Анын максаты: окуучулардын китеп окууга болгон кызыгуусун арттыруу, китепканачылардын ортосунда тажрыйба алмашуу жана ишмердүүлүгүн өстүрүү экендиги баса белгиленип өттү.  Коноктор өзгөчө маанай  менен тосуп алынды. Алгач китепканага саякатташып мектептин китеп каначысы М. Ахмедованын  китепкананы жасалгалоо, жаңы китептер менен камсыз кылуу, өз ишине болгон ишмердүүлүгүнө өзгөчө баа беришти. 

 Андан соң катышуучулар

Дүйнө элин тааныткан,

Кыргыздын залкар Чыңгызы.

Дүйнөгө жерин даңктаган,

Кыргыздын уулу Чынгызы – демекчи улуу инсан Айтматовдун ааламын камтыган, окуучулар тарабынан даярдалган “Арыба, Ак кеме, мен келдим” аталыштагы концерттик программага күбө болушту.

Бирөө атам бай болсун дейт. А бирөө атам бар болсун дейт. – идеясын өз ичине камтыган  “Ак кеме” повестиндеги Нургазынын монологун 4- “а” класс окуучусу Арстанов Темирлан аткарып, китеп кабындагы даярдалган белектери келген меймандардын көңүлүн өзгөчө бурду. Кийинки кезекте  “Ак кеме” повести боюнча Д. Молдошбаева тарабынан даярдалган тесттерди китепканачылар тапшырып, ийгиликке жетишкен  китепканачылар белгиленди.

Ушуну менен катар “Жаңы китеп” сайты боюнча иш алып барылды. “Жаңы китеп” сайты менен иштөө ар бир китепканачынын негизги милдеттери болууда. Семинардын жүрүшүндө окуу китептеринин беш жылдык ижара акысынын жыйындысын “Жаны китеп” мекемеси менен салыштыруу боюнча иш алып баруу талкууланды.  “Жаңы китеп” сайты негизинен мектеп  жана китепканачы үчүн да ыңгайлуу жагдай болду. Бүгүнкү күндө ар бир китепканачы өз алдынча инвентаризациялоону өздөштүрүп иштеп жатат. “Жаңы китеп” автоматташтырылган иштөөдө китепканачынын иши бир топ жеңилдеди. Окуу китептерин камсыздоодо түздөн-түз  билдирме берүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Отчёт берүүдө да жеңилдиктер пайда болду.

№14 Н. Жайлообаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде “Бир жумада бир китеп” акциясы уюштурулуп, мугалимдер тарабынан 2023-жылдын 15-мартынан 15-апрелине чейин китептер окулуп, окуучуларга айтылып берилди.  Мазмундуулугу талкууга алынып эң жакшы жана эң көп окулган китептер башталгыч класс усулдук бирикмеси деп белгиленди. Мугалимдер арасында Ч. Айтматовдун “Эрте келген турналар” повести боюнча тест өткөрүлдү. Тесттин жыйынтыгында Т. Сатыбалдыева, А. Ташматова жогорку балл алышты.

Мугалимдер жамааты бул иш-чараны мугалимдер арасында эле эмес,  жалпы окуучулар арасында да жайылтууну колго алышып, китеп окууну адатка айландырууга умтулушууда. Келген коноктор иш-чараны уюштурган мектепке, мектептин директоруна, жалпы жамаатына албан ийгиликтерди каалап, элибиздин керегине жараган уул-кыздарга терең билим, татыктуу тарбия берип, уядан учура беришин каалашты. Дагы бир белгилөөчү бул семинардагы жагдай китепканачы М. Ахмедованын өз кесибин абдан сүйгөндүгү жана өз кесибинде өтө берилүү менен эмгектенгендигине күбө болдук. Малика эже кароосуз, эскилиги жеткен мектептин батирин өз демөөрчүлүгү менен капиталдык ремонттон чыгарып, заманбап китепканага айландырган. Семинарды жыйынтыктоо учурунда семинардын өтүшү боюнча катышуучулар өз ойлорун ортого салышты.

Т. Балтагулов мектебинин китепканачысы С. Малакаева мектептеги жамааттын ынтымагы, уюшумдуулугу жогору деңгээлде экендигин белгилеп, бул дагы китепканачы М. Ахмедованы мугалимдер менен тыгыз байланышта, ынтымакта иш алып бара тургандыгы далил экендигин көрсөтүп өттү. Үч-Терек мектебинин китепканачысы Жамила Аскарова өз сөзүндө семинардын жогорку деңгээлде болгондугун  күн тартибиндеги ар бир иш-чара жакшы уюшкандыгын белгиледи. Тураббаев мектебинен келген Нургүл Алибекова эжеке жогоруда сүйлөгөндөрдүн сөзүн кубаттоо менен, китепканачы М. Ахмедованы көп кырдуу өз кесибин сүйгөн адис экендигине дагы бир жолу ынангандыгын айтып өттү.

М.КУЛУШЕВ, Н.Жайлообаев атындагы №14 жалпы орто билим берүүчү мектебинин  окуу бөлүмүнүн башчысы

Сценарийи

 “КЫЛЫМДАРДЫ КАРЫТКАН,

   КИТЕП СҮЙЛӨЙТ ТАРЫХТАН”

Мурас кылган ата-салтын сактайлы,

Беттешүүнү салам менен баштайлы.

Ийилип таазим менен биз сиздерге,

Улуу Чыңгыз атабызды даңктайлы.

Биз дагы ушул салтты бузбайлы,

Саламдашпай сөз сандыгын ачпайлы.

Эң алгач саламдашып андан кийин,

Кеп учугун таанышуудан  баштайлы.

  1. Саламатсыздарбы урматтуу бүгүнкү семинардын катышуучулары, кадырлуу коноктор! Касиеттүү жерден орун алган мектебибизге куш келипсиздер!

Улуу кыргыз элинде  Эне тили үчүн күйүп, аны көздүн карегиндей сактоого жан үрөп келген инсандарыбыз да жок эмес. Ошолордун кай бирлери биздин кадырлуу конокторубуз болуп отурушат. Алар Эне тил жөнүндө эки ооз сөз айтып кетпесе болбос.

Анда эмесе бүгүнкү семинарды ачып берүү үчүн сөз кезегин  мектеп директору  Э. Кыдырылиевге  жана Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнүн  адиси  Б. Акпаралиевге берсек.

  • Жакшы маанай  тартуулоо менен кезекти концерттик программага берсек.
  • Китеп каначылар гимни   (слайд)
  • 10-класстын кыздары тарабынан даярдалган бий.
  • Ата Манас сыяктуу,

            Эр болсом деп тилеймин

            Душман кечип өтө албас,

            Шер болсом деп тилеймин, -демекчи жаш манасчы

             Карабаев  Нурисламдын  аткаруусунда Манас айтуу.

  • Китеп жөнүндө көркөм айтуу. 4-класс окуучулары.
  • Кыргыз бийи 10- класс окуучулары  тарабынан
  • Нургазынын монологу. Арстанов Темирлан.
  • Ч. Айтматовдун чыгармалары камтылган ыр  Б. Абдыкааров аткаруусунда
  • Бугу Эне жомогунан көрүнүш  4-“а” класс окуучулары
  • Эне тилди ой жүгүртөм, сүйлөймүн,

Канат созо, ай ааламга күүлөймүн.

Аалам менен алакалар түзүлүп,

Эне тилди энекемдей сүйөмүн,- анда эмесе кезекти 9-класс окуучуларынын аткаруусунда келе жаткан “Нооруз” майрамына карата обондуу ырга берсек.

  1. Ушуну менен концерттик программабыз аяктады, көңүл барганыңыздар үчүн рахмат.

Жаңы китеп – учур талабы  (жаңы китеп сайты менен иштөө).

Даярдаган:          М. Ахмедова

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17