Аймак

АДАМ ӨЛТҮРҮҮГӨ ШЕКТҮҮ АДАМ КАРМАЛДЫ

АДАМ ӨЛТҮРҮҮГӨ ШЕКТҮҮ АДАМ КАРМАЛДЫ

 2,067 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Базар-Коргон милициясы адам өлтүрүү фактысына шектүү катары каза болгон жарандын айылдашын кармады.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, Базар-Коргон РИИБге Могол айыл аймагынын 40 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, 2023-жылдын 26-май күнү саат 22:00 чамасында айылдашынын үйүнөн 51 жаштагы бир тууган агасынын жансыз денеси табылгандыгын, анын өлүмүнүн себебин аныктап, киши колдуу болгон болсо мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Бул факты боюнча топтолгон материалдар Базар-Коргон РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Базар-Коргон РИИБдин жетекчилиги кызматкерлер менен бирге жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагынын тургуну 1974-ж.т. Х.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө жансыз дененин мүчөлөрү сынган, көгөргөн, сыйрылган жерлери бар экендиги аныкталган. Шектүү Х.А. өз көрсөтмөсүндө 2023-жылдын 26-май күнү саат 20:00 чамасында үйүндө 51 жаштагы айылдашы менен спирт ичимдигин ичип отуруп, мас абалда сөз талаша кетип, айылдашынын дене-башына уруп-тепкилеп койгондугун, ошондон улам ал каза болуп калгандыгын билдирген.

Азыркы учурда тергөө амалдары уланууда.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17