Өлкө аймактары менен кубаттуу
ЖЭТИде ӨРТКӨ КАРШЫ ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ
МАНАС ШААРЫНДА 150 КАРЫЯГА БЕЛЕК ТАПШЫРЫЛДЫ
- ticket title
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
1,960 Бардыгы / Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко “Россия 1” телеканалынын алып баруучусу Ольга Скабеевага берген маегинде былтыр март айында Орусиянын президенти Владимир Путин Крымдын макамы тууралуу Украина менен сүйлөшүүгө даяр болгонун билдирди. Лукашенконун айтымында, Путин ага делегация өкүлдөрү менен макулдашылган тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн долбоорун берген. Анда аннексияланган Крымды “узак мөөнөткө ижарага алуу” жөнүндө жазылган. Документте Донбасс […]
1,961 Бардыгы / Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко “Россия 1” телеканалынын алып баруучусу Ольга Скабеевага берген маегинде былтыр март айында Орусиянын президенти Владимир Путин Крымдын макамы тууралуу Украина менен сүйлөшүүгө даяр болгонун билдирди. Лукашенконун айтымында, Путин ага делегация өкүлдөрү менен макулдашылган тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн долбоорун берген. Анда аннексияланган Крымды “узак мөөнөткө ижарага алуу” жөнүндө жазылган. Документте Донбасс […]
ЛУКАШЕНКО: СОГУШТУН БАШЫНДА ПУТИН КРЫМ БОЮНЧА СҮЙЛӨШҮҮЛӨРГӨ ДАЯР БОЛЧУ
15.06.2023 / Автор anarkan_kg

1,962 Бардыгы /
Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко “Россия 1” телеканалынын алып баруучусу Ольга Скабеевага берген маегинде былтыр март айында Орусиянын президенти Владимир Путин Крымдын макамы тууралуу Украина менен сүйлөшүүгө даяр болгонун билдирди.
Лукашенконун айтымында, Путин ага делегация өкүлдөрү менен макулдашылган тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн долбоорун берген. Анда аннексияланган Крымды “узак мөөнөткө ижарага алуу” жөнүндө жазылган. Документте Донбасс маселесин Орусия менен Украинанын лидерлеринин Түркиядагы сүйлөшүүлөрүндө талкуулоо сунушталган.
“Эгер Орусия ал документти азыр окуса, анда макул болбойт болчу. Анткени ал Орусияга эч кандай пайда алып келбейт эле. Бирок Орусия макул болгон”, – деди Лукашенко.
Кезинде Украинанын президентинин кеңешчиси Алексей Арестович да бул тынчтык келишими жөнүндө айткан. Анын билдиргенине караганда, 2022-жылдын жазында орус армиясынын оор жоготууларынан кийин Москва мурдагы талаптарынан, анын ичинде Крым менен Донбассты көзөмөлдөөдөн баш тарткан. Болгону Украинанын куралдуу күчтөрүнүн санын 50 миң кишиге чейин кыскартууну жана Украинада орус тилине экинчи мамлекеттик тил макамын берүүнү гана талап кылган.
Арестовичтин айтымында, анда тараптар Путин менен Зеленскийдин жеке жолугушуусун макулдашкан. Бирок акыркы учурда Украинанын президенти Орусия менен сүйлөшүүдөн баш тарткан. Буга Буча шаары бошотулгандан кийин ал жерде жүздөгөн жай тургундун сөөгү табылып, алардын кыйноого алынганы аныкталганы себеп болгон.
Орусия Украинага басып киргенден кийин орус жана украин делегациялары Беларуста жана Түркияда бир нече жолу сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн. Стамбулдагы жолугушууда тараптар Украинанын НАТОго кирүүдөн баш тартканы жана Крымдын макамы боюнча чечим кийинкиге калтырылганы жазылган документ боюнча макулдашканы кабарланган. Бирок анда документке кол коюлган эмес.
14-июнда орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Лукашенконун Крым боюнча айткандарын четке какты. “Жок, андай эмес. Крым Орусиянын бир бөлүгү, ал Орусиянын аймагы”, — деди Песков.
Былтыр апрелде украин армиясы Киев облусундагы Буча шаарын бошоткондон кийин ал жакта жүздөгөн жайкын тургундардын сөөктөрү табылган. Күбөлөрдүн айтымында, орус аскерлери жергиликтүү тургундарды атып, зордуктап, кыйноого алышкан. Кийинчерээк Украинанын бийлиги орус тарапты расмий түрдө көптөгөн аскердик кылмыштарга айыптаган. Орусиянын Коргоо министрлиги ал айыптарды четке каккан.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
-
-
19.09.2026 / Автор anarkan_kg ОРТОК ТОКОЙ ЧАРБАСЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ВАЗ-2107 АВТОМАШИНА МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ
-
07.10.2026 / Автор anarkan_kg РЕСПУБЛИКА БОЮНЧА 20 СОЦИАЛДЫК ОБЪЕКТ АЧЫЛДЫ
-
07.10.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДА ЖАЛПЫ 5 СОЦИАЛДЫК ОБЪЕКТ ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ
-
04.10.2026 / Автор anarkan_kg КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.10.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫЛ ТҮМӨНБАЕВАНЫН 80 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИ БЕЛГИЛЕНДИ
-
03.12.2025 / Автор anarkan_kg ОБЛУС БАШЧЫ БАЛДАРДЫН СОЦИАЛДЫК-СТАЦИОНАРДЫК МЕКЕМЕСИНЕН КАБАР АЛДЫ
-
27.01.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ИНКЛЮЗИВДҮҮ ПЛАТФОРМА ЛИФТИ ОРНОТУЛДУ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.