Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
607 Бардыгы / БИШКЕК. Дүйнөлүк тынчтык Корпусунун жаңы ант берген 26 ыктыярчысы Чүй, Нарын, Талас, Ош жанан Жалал-Абад облустарынын орто мектептеринде кийинки эки жыл бою жергиликтүү англис тили мугалимдери менен биргеликте англис тилин окутушат. Булар Кыргыз Республикасындагы ыктыярчылардын 29-тобу. Аталган аземге АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси Лесли Вигери, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев, Кыргыз […]
608 Бардыгы / БИШКЕК. Дүйнөлүк тынчтык Корпусунун жаңы ант берген 26 ыктыярчысы Чүй, Нарын, Талас, Ош жанан Жалал-Абад облустарынын орто мектептеринде кийинки эки жыл бою жергиликтүү англис тили мугалимдери менен биргеликте англис тилин окутушат. Булар Кыргыз Республикасындагы ыктыярчылардын 29-тобу. Аталган аземге АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси Лесли Вигери, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев, Кыргыз […]
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА КЫЗМАТ ӨТӨӨ ҮЧҮН ДҮЙНӨЛҮК ТЫНЧТЫК КОРПУСУНУН 26 ЫКТЫЯРЧЫСЫ АНТ БЕРИШТИ
28.08.2023 / Автор anarkan_kg

609 Бардыгы /
БИШКЕК. Дүйнөлүк тынчтык Корпусунун жаңы ант берген 26 ыктыярчысы Чүй, Нарын, Талас, Ош жанан Жалал-Абад облустарынын орто мектептеринде кийинки эки жыл бою жергиликтүү англис тили мугалимдери менен биргеликте англис тилин окутушат. Булар Кыргыз Республикасындагы ыктыярчылардын 29-тобу.
Аталган аземге АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси Лесли Вигери, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев, Кыргыз Республикасынын билим жана илим министрлигинин эл аралык кызматташуу жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы Айзада Апышева, Дүйнөлүк Тынчтык Корпусунун Европа, Жер Ортолук деңизи жана Азия өлкөлөрү боюнча регионалдык директору Ребекка Шарп, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, ыктыярчылар, ошондой эле, ыктыярчылар чогуу иштеше турган жергиликтүү мугалимдер жана мектеп директорлору катышышты.
-Отуз жыл аралыгында Дүйнөлүк Тынчтык Корпусунун ыктыярчылары
жана алар иштеген жамааттар окуучулардын жана мугалимдердин англис тили боюнча билимин жогорулатуунун үстүндө биргеликте иштешүүдө. Алар узакка созулган байланышты курууга жетишишти жана ал байланыштар ыктыярчы кызмат өтөп кеткенден кийин да көп жылдарга созулуп келет. Бул Кыргыз Республикасы менен АКШнын элдеринин ортосундагы бири-бирибизди түшүнүүнү жана достук мамилени бекемдөөгө болгон жалпыбыздын салымыбыз, – деди АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси Лесли Вигери.
Орто мектептердин жергиликтүү англис тили мугалимдери менен биргеликте иштеп, ыктыярчылар өзүлөрүнүн билимдерин жана окутуунун жаңы методдорун мугалимдер менен бөлүшүшүп, жана окуучу балдарга тил жөндөмдөрүн жогорулатууга дем дагы беришет. Англис тили сабагын гана өткөрбөстөн ыктыярчылар жана алардын кызматташтары ар кандай ийримдерди жана сабактан тышкаркы иш-чараларды өткөрүү менен, окуучулардын жана башка жамааттын мүчөлөрүнүн англис тили боюнча билимин жогорулатууга жана практикалоого көмөк дагы көрсөтүшөт.
Ант берүүгө чейин ыктыярчылар 11 жумалык кызматка чейинки тренингден өтүшүп, кыргыз тилин жана маданиятын, сабактарды өткөрүүнүн ыкмаларын үйрөнүштү. Кыргыз тарыхы, маданияты жана үрп-адаттары тууралуу толук түшүнүк алуу үчүн тренинг учурунда ыктыярчылар кабыл алуучу үй-бүлөлөр менен жашашты.
-1993-жылдан бери Кыргызстанда 1300дөн ашуун Дүйнөлүк Тынчтык
Корпусунунун ыктыярчылары кызмат өтөштү жана бүгүн биз дагы 26 ыктыярчынын ант берүүсүн кабыл алып жатканыбызга кубанычтабыз. Биздин кыргыз эли менен болгон достугубуз жана кызматташтыгыбыз дагы көп жылдарга созулаарына ишенебиз, – деди Тынчтык Корпусунун Европа, Жер Ортолук деңизи жана Азия өлкөлөрү боюнча регионалдык директору Ребекка Шарп.
Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк Тынчтык Корпусунун программасы 30 жылдык мааракесин майрамдап жатат. Америка Кошмо Штаттары менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 1992-жылы бул программаны ачууга макулдашкан, ошондой эле тыңгуч ыктыярчылар 1993-жылы келишкен. Ушул тапта Кыргыз Республикасындагы Тынчтык Корпусу “Англис тилин чет тилдери катары окутуу” программасын Билим жана илим министрлиги менен кызматташтыкта ийгиликтүү гана жүзөгө ашырылып келатат.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
21.05.2026 / Автор anarkan_kg МАРКУМ ЧУБАК АЖЫ ЖАЛИЛОВГО “ЭЛ БААТЫРЫ” ЭҢ ЖОГОРКУ ДАРАЖАСЫ ЫЙГАРЫЛДЫ
-
-
21.05.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЭЛ МЕНЕН АЧЫК ЖОЛУГУШУУ ӨТҮҮДӨ
-
-
15.07.2025 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНДА ДАГЫ БИР ҮЧ ЭМДИН ҮЙ-БҮЛӨСҮНӨ БАТИР БЕРИЛДИ
-
28.07.2025 / Автор anarkan_kg АКСЫ ЖАНА КАРА-КУЛЖА РАЙОНДОРУ ТАЖРЫЙБА АЛМАШТЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.