Аймак

УБАКТЫЛУУ КАРМООЧУ ЖАЙГА БАӉГИ ЗАТЫН АЛЫП КЕЛГЕН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

УБАКТЫЛУУ КАРМООЧУ ЖАЙГА БАӉГИ ЗАТЫН АЛЫП КЕЛГЕН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

 927 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына баӊги затын киргизүүгө аракет кылган жаран кармалды.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, ушул жылдын 24-сентябрь күнү Сузак РИИБдин текшерип өткөрүү пунктуна 35 жаштагы жаран убактылуу кармоочу жайга тез татым тамагын алып келгендигин билдирген. Тез татым тамагы нөөмөттө турган Сузак РИИБдин Октябрь аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкери тарабынан текшерилип, ичинен 3 даана өзгөчө кескин жыты бар баӊгизатына окшогон зат табылып, тергөө-ыкчам тобуна өткөрүлүп берилген.

Бул окуя Сузак РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баӊги зат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатсыз мыйзамсыз даярдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында Сузак районунун Багыш айыл аймагынын тургуну 1988-ж.т. О.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал тез татым тамагына 3 грамм 22 мл салмакта баӊги затына окшогон зат алып келгендиги аныкталган. 

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17