Аймак

МУГАЛИМДЕРИНИН РАЙОНДУК СЕМИНАРЫ БОЛУП ӨТТҮ

МУГАЛИМДЕРИНИН РАЙОНДУК СЕМИНАРЫ БОЛУП ӨТТҮ

 1,038 Бардыгы /

“Физика предметинде лабароториялык иштердин аткарылуусу жана окуучулардын активдүүлүгүн жогорулатуу” деген теманын негизинде физика мугалимдеринин райондук семинары болуп өттү.

Семинарга Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Баймуратов билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Н.Орунбаева, жетектөөчү адис Б.Акпаралиев, адис К.Атаханов, усулчу К.Турсунова жана райондук мектептердин физика мугалимдери катышышты. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Баймуратов, башкы адис Н.Орунбаева семинардын катышуучулары менен заманбап мугалимге PISA, STEM программаларынын окутулушуна, ЖРТ, «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына жана жалпы предметтик олимпиадаларга даярдоого, учурда физика предметин окутууга коюлуп жаткан талаптар боюнча маалымат беришип, пикир алышты. Семинарда Г.Кутманова STEM программасынын негизинде “Акыл ордо” интеллектуалдык оюнун мугалимдердин арасында өткөрдү. Лабороториялык иштерди 10-класстын “Суюктуктардын беттик тартылуу коэффициентин аныктоо” деген темада №1 Т.Балтагулов атындагы орто мектебинин мугалими Токтобаева Карима, 8-класстын “Өткөргүчтүн салыштырма каршылыгын аныктоо” деген тамада №15 Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин мугалимдери Саипбаева Мухтара жана Хусанбаева Шоира эжекелер аткарып көрсөтүшү.

Быйылкы окуу жылында областтык турга өткөн окуучулардын мугалимдери: С.Таирбеков, Н.Мавлянова, М.Шерматова, М.Гафарова олимпиадага даярдоо   жана окуучуну кантип туура тандай турганы боюнча усулдарын бөлүшүштү.

Г.Кутманова, Ала-Бука району

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17