Аймак

ПАТРУЛДУК МИЛИЦИЯНЫН УНААЛАРЫНА GPS ЖАНА ВИДЕОРЕГИСТРАТОРЛОР ОРНОТУЛДУ

ПАТРУЛДУК МИЛИЦИЯНЫН УНААЛАРЫНА GPS ЖАНА ВИДЕОРЕГИСТРАТОРЛОР ОРНОТУЛДУ

 516 Бардыгы /

БИШКЕК. Борбор калаадагы милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын патрулдук 100дөн ашык унаалары жумуш убактысында тынымсыз тартып турууга жөндөмдүү болгон GPS жана видеорегистраторлор менен жабдылды. GPS жана
видеорегистраторлор глобалдык позициялоо тутумуна туташтырылган.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, кырдаал борборунун кызматкерлери монитордон жалпы көрүнүштү карап, учурда тигил же бул патрулдук унаа азыр кайда, кызматкерлер унаанын ичинде эмне кылып жатканын көрүп турушат. Ошондой эле видеорегистраторлор унаанын сыртынан, алдынан жана артынан жазып алат.
Орнотулган GPS жана видеорегистраторлор көзөмөлдөө элемент катары дагы колдонулат, бул нөөмөт учурунда кызматкерлердин ишин көзөмөлдөөгө, унаанын маршрутун, ылдамдыгын, токтоп турганы жана башкалар тууралуу маалыматты жазууга мүмкүндүк берет.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17