Аймак

ӨЗГӨН РАЙОНУН КОРС-ЭТТИ АЙЫЛЫН ДАГЫ СЕЛ КАПТАДЫ

ӨЗГӨН РАЙОНУН КОРС-ЭТТИ АЙЫЛЫН ДАГЫ СЕЛ КАПТАДЫ

 510 Бардыгы /

Кечээ, 25-апрель күнү түндөсү, саат 23:30 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Ош облусунун Өзгөн районунун Ийри-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Корс-Этти айылында катуу сел жүрүп, жалыгыз турак үйдүн короосун жана ички чарбалык унаа жолду каптады. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Ушул тапта Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан аталган аймакта тактоо иштери жүргүзүлүүдө. Баса, 20-апрелден 24-апрелге чейинки нөшөрдөн улам Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй облустарынын жана Ош шаарынын аймактарында үйлөрдү суу басып, бир катар автоунаа жолдору жабылган. Селдин кесепетинен Ош облусунда, Талас облусунун Талас районунда, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жана ушул эле облустун Ноокен районунун Момбеков айыл өкмөтүндө өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Ал эми Жогорку Кеңештин 25-апрелдеги жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов 20-апрелден 23-апрелге чейин нөшөрлөп жааган жаан-чачындан улам Кыргызстандын аймагында 67 сел каптаган учур катталгандыгын шарданы кылды. Мындан 1092 турак жайды суу каптап, анын ичинен 264 турак үйдүн жер төлөлөрүнүн ичине сел кирген. Эки адам каза тапты.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17