Аймак

ООГАН СОГУШУНУН АРДАГЕРЛЕРИ СЫЙЛАНДЫ

ООГАН СОГУШУНУН АРДАГЕРЛЕРИ СЫЙЛАНДЫ

 258 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Советтик аскерлердин Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 35 жылдык юбилейине карата Жалал-Абад шаарынын 77 Ооган согушунун ардагери орден менен сыйланды.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдиргендей, сыйлыктарды Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев тапшырып, ардагерлерди Советтик аскерлердин Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 35 жылдыгы менен куттукташты.

Эскерте кетсек, Ооган согушуна 620 миң советтик аскер катышкан болсо, алардын ичинен 105 жоокер Жалал-Абад шаарынан барып, тилеке каршы 17си курман болгон.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17