Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
388 Бардыгы / Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 20-май күнү кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өтүү аракети учурунда Пакистандын алты жараны кармалганын билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, алар 20-майда саат 3:30да кыргыз-казак чек арасындагы “Васильевка” чек ара бекетине караштуу аймакта Казакстан тараптан Кыргызстандын чек арасына мыйзамсыз кирүүгө аракет кылышкан. Бул факт боюнча УКМКнын […]
389 Бардыгы / Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 20-май күнү кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өтүү аракети учурунда Пакистандын алты жараны кармалганын билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, алар 20-майда саат 3:30да кыргыз-казак чек арасындагы “Васильевка” чек ара бекетине караштуу аймакта Казакстан тараптан Кыргызстандын чек арасына мыйзамсыз кирүүгө аракет кылышкан. Бул факт боюнча УКМКнын […]
УКМК КАЗАК-КЫРГЫЗ ЧЕК АРАСЫНАН МЫЙЗАМСЫЗ ӨТҮҮГӨ АРАКЕТТЕНГЕН ПАКИСТАНДЫКТАР КАРМАЛГАНЫН БИЛДИРДИ
22.05.2024 / Автор anarkan_kg390 Бардыгы /
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 20-май күнү кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өтүү аракети учурунда Пакистандын алты жараны кармалганын билдирди.
Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, алар 20-майда саат 3:30да кыргыз-казак чек арасындагы “Васильевка” чек ара бекетине караштуу аймакта Казакстан тараптан Кыргызстандын чек арасына мыйзамсыз кирүүгө аракет кылышкан.
Бул факт боюнча УКМКнын тергөө бөлүмү Кылмыш-жаза кодексинин 378- беренеси (“Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү”) менен кылмыш ишин козгогон. Кармалгандар Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда буга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо үчүн ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Бишкекте 18-майда болгон башаламандыктан кийин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн жана мыйзамсыз кирген чет өлкөлүк жарандарды аныктоо жана мыйзам чегинде өлкөдөн чыгаруу иштери жүрүп жатканын билдирген.
Президент Садыр Жапаров 20-майдагы кайрылуусунда да тиешелүү органдар Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн мигранттарды аныктап, мыйзам чегинде чара көрүү иштерин жүргүзүп жатканын айткан.
Мыйзамсыз жүргөн чет элдик жарандарды аныктоо тапшырмасы Бишкек мэриясындагы тийиштүү кызматтарга да берилгени кабарланган.
17-майда социалдык түйүндөрдө “чет элдиктер аралашкан” деген бир нече адамдын мушташы тартылган видео тарап, айрым колдонуучулар сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышкан. Ошол видеодон кийин, 18-майга караган түндө Бишкектин чыгыш тарабындагы көчөлөрдүн биринде адамдар топтолуп, чет элдик студенттер жашаган жатаканага кирип барып башаламандык катталган.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) түнкүсүн калаада чогулгандар 700гө чейин жеткенин, таңга жуук баары тарап кеткенин билдирген.
18-майга караган түнү болгон тополоңдо дарыгерлерге жалпы чет өлкөлүк 41 адам кайрылган. Алардын ичинен ооруканада дарыланып жаткан 11 бейтаптын абалы туруктуу деп бааланууда.
Бишкек шаардык милициясы башаламандыкка байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык) жана 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) менен иш козгоп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө.
Бул окуядан кийин Бишкектеги Кыргызстан эл аралык университетинде билим алган чет элдик студенттердин ичинен 1200дөй пакистандык мекенине кетти.
ИИМ элдин нааразылыгын жараткан видеодогу окуя 13-майда болгонун тактады. 20-майда тополоңго катышы бар деген шек менен кыргызстандык үч жаран кармалып, камакка алынды.
Министрликтин маалыматында, чет өлкөлүк студенттер менен жергиликтүүлөрдүн мушташы боюнча “Бейбаштык” беренеси менен иш козголуп, Египеттин төрт жараны кармалган. Бишкектин Свердлов райондук соту аларды 19-майда 17-июлга чейин үй камагына чыгарды.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
04.09.2023 / Автор anarkan_kg КОЧКОР-АТА ШААРЫНДА НЕФТИЧИЛЕРДИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ
-
26.01.2024 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
02.09.2024 / Автор anarkan_kg СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
-
02.09.2024 / Автор anarkan_kg КАРА-СУУДА МАЛ УУРДАГАНДАР УЗАБАСТАН КОЛГО ТҮШҮРҮЛДҮ
-
-
24.11.2023 / Автор anarkan_kg АРАВАН РАЙОНУНДА 225 ОРУНДУУ ЖАҢЫ МЕКТЕП ПАЙДАЛАНУУГА ТАПШЫРЫЛДЫ
-
-
12.12.2023 / Автор anarkan_kg БАТКЕНДЕ АТКЕЗЧИЛИК АКТИВДЕШТИ
Маек
Гульмира ТУРДУБАЕВА: “БИЛИМ БЕРҮҮГӨ КАЙДЫГЕР КАРООГО ЖАНА АНДАН КАРАЖАТ АЙООГО АКЫБЫЗ ЖОК!”
Соңку тапта агартуу тармагын рефомалооонун заманбап өңүтү - билим берүүнүн…
-
26.08.2024 / Автор anarkan_kg Эркин ЭШИЕВ: “ТҮЗ БАЙЛАНЫШ МАСЕЛЕНИ ШЫР ЧЕЧЕТ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.