Аймак

ШААРДА ЖОГОРКУ ЖҮК ТАШУУЧУ УНААЛАРГА ЖҮРҮҮГӨ ТЫЮУ САЛЫНДЫ

ШААРДА ЖОГОРКУ ЖҮК ТАШУУЧУ УНААЛАРГА ЖҮРҮҮГӨ ТЫЮУ САЛЫНДЫ

 225 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад шаарында 18 тоннадан жогорку жүк ташуучу унааларга күндүзү жүрүүгө тыюу салынды.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдиргендей,

шаардын мэри Эрнисбек Ормоковдун буйругуна ылайык, шаарда 15-сентябрга чейин, күндүзгү саат 10дон кечки саат 21:00гө чейин, 18 тоннадан жогору салмактагы жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө тыюу салынды. Мындай чектөө аба ырайы ысык мезгилде оор салмактагы жүк ташуучу унаалардын жолдорду бузуусунун алдын алуу максатында киргизилди.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17